Форум
Всего тем: 4
Всего сообщений: 2

Көтөрмө айыл өкмөтүндөгү арыздашуу

Кадамжайдын Көтөрмө айыл өкмөтүн мурда соттолгон адам башкарууда. Ал учурунда баңгизат менен кармалып, соттолуп, айып менен кутулуп чыккан. Учурда бул айыл өкмөттүн иши айылда нааразылык жаратууда. Айыл өкмөт башчысы болсо жан үрөп иштеп, тынымсыз окуп айылын жакшы багып жатканын айтат.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көтөрмө айыл өкмөтүн 1998-жылы тамаркасына баңгизат эккени үчүн соттолгон Махмуд Токторов акыркы 14 жылдан бери башкарып келатат. Айыл тургундары мурда соттолгон жетекчинин алгачкы иштерин абдан жакшы деп баалап жүрүшкөн. Бирок акыркы жылдары анын иши жергиликтүү элди нааразы кылып келатат. Бир ай мурун өткөн айыл өкмөт шайлоодо атаандашынан бир добуш ашык алып, айыл өкмөттүк кызматка Токторов үчүнчү жолу шайланган.

Көтөрмө айыл өкмөтү башкалардан айырмаланып, орто мектептердин спорттук аянтчаларын жаңылоону биринчи болуп баштаган. Бул көрүнүш райондо чоң жаңылык болгон. Бирок айылдагы Молдо Нияз орто мектебине 2 миллион сомдон ашык каражатка курулган футбол аянтчасы эки жылга жетпей колдонуудан чыгып калды. Айыл тургуну Алымбек Мусулманкулов курулушка жакшы көзөмөл болгон эмес деп эсептейт.

- 2016-жылы 2 миллион, 200 миң сомго курулган футбол аянтчабыз эки жылга жетпей колдонуудан чыгып калды. Жаңысында көзгө жакшы эле көрүнүп аткан. Колдоно келгенде сапатсыз болуп чыкты. Көрсө буга футболдун газонун эмес, беш башка түстөгү сапатсыз газонду төшөп койгон экен.

Айыл өкмөт бышчы Махмуд Токторов болсо ал аянтчаны эмдиги жылы каражат таап кайра оңдотууну пландап жатканын билдирди.

- Ал аянтчаны "Ош аалам" деген курулуш компаниясы тендерден утуп алган. Тендерде ошол компанияны тандап алганыбызга аябай өкүнүп жатам. Анткени ал мени аябай уят кылып койду. Мен абдан өкүнүп жатам. Быйыл кайрадан каражат таап оңдоп беребиз.

Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Махмуд Токторовдун Тамашай айылына бала бакча ачуу демилгеси да көпчүлүктү иренжиткен. Көрсө, ал 10 жыл мурун колдонуудан чыккан эски мектептин авариялык абалдагы имаратын шыбатып, бала бакча ачууга киришкен экен. Айыл өкмөт ага 700 миң сом коротуп жибергенден кийин район акими жана Жогорку Кеңештин депутаттары киришип жатып ремонтту араң токтотушкан.

Тамаша айылынын тургуну Сайдилла Ысманов оңдоого жарабай калган имаратка каражат коротуу башынан эле жаңылыш болгонун билдирди.

- Бул мектеп 30-жылдары ашар жолу менен курулган эле. Анан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кооптуу деп эскертүү бергенден кийин 1984-жылы курулган мектепке толук көчүп, азыр үч нөөмөт менен окутуп жатабыз. Айыл өкмөт жыгач устундары чирип калган эски имараттын сыртын шыбатып, бала бакча курмакчы болду. Айыл аксакалдары башында эле каршы болушкан, жаңы салбаса эски имарат колдонууга такыр жарабай калганын айтышса укпай шыбатып баштаган да.

Буга айыл өкмөт башчы Махмуд Токторов Тамашадагы эски имаратты ремонттоп, убактылуу болсо да бала бакча кылып турууну көздөгөнүн "эл түшүнбөй койду" деп жооп берди.

- Азыр жаштардын көбү мигрант. Алардын балдары бул жакта чал-кемпирлердин колунда калган. Аны биз убактылуу гана колдонуп турмакпыз. Ага бир аз чыдап турушса болмок. Мен башка жаңы имарат курдуруп берет элем. Ансыз деле жаңы имарат курууга башка жактардан каражат издеп атам. Азыр эки кабаттуу кылып, долбоорун даярдатып койгом. Муну көрө албастар уюштуруп, элди бузуп коюшту.

Ал арада кургак учукка каршы бүт Кыргызстанга белгилүү Кызыл-Булак ооруканасынын эки гектар жери сатылып, андагы сейрек кездешүүчү 215 түп көп жылдык дарактар кыйылып кеткени да айтылды. Кургак учук ооруканасынын бөлүм башчысы Абдумомун Ахунов буларды айтты.

- Оорукананын жалпы аянты 17 гектар эле. Азыр анын 7-8 гектары гана калган. Калган жер элге берилип кетти. Андагы каштан, жапон жаңгагы, грек жаңгагы, эмен сыяктуу сейрек кездешүүчү көп жылдык дарактардын 215 түбү кыйылып кетти. Буга эч ким көңүл бурбай жатат. Саламаттык сактоо министри деле муну коргогон жок. Укук коргоо органдары да текшерип кеткени менен майнап жок. Бул оорукана ушул Баткен элине керек да.

Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Махмуд Токторов ал жерлер мыйзам чегинде оорукана кызматкерлеринин балдарына бөлүп берилгенин, бактар болсо Экотехинспекциянын уруксаты менен кыйлып жатканын билдирди.

- Оорукананын аянты мурда канча болсо, азыр деле ошол бойдон турат. Оорукананын сыртындагы аянт каралбай калган болчу. Ошол эки гектардай жерди 50-60 жыл ошол ооруканада иштеп, эч жерден жер ала албай көзү өтүп кеткен дарыгерлердин балдарына мыйзам чегинде бөлүп бергенбиз. Ал эми андагы дарактарды кыйганга Экотехинспекциядан уруксат алынган.

58 жаштагы Махмуд Токторов Көтөрмө айыл өкмөтүн 2004-жылдан бери башкарып келет. 14 жыл ичинде айылга үч транспорттук көпүрө, сегиз жөө көпүрө, эки бала бакча, айылдагы беш мектептин төртөөнө заманбап спорттук аянт, эки ФАП жана СПА курдура алган. Андан сырткары Өзбекстандын ижарасында турган 150 гектар жерди кайтарып алганы да айтылып жүрөт. Ишмердүүлүгү айылда ар кандай бааланган Токторов өзүнүн мурда соттолгону тууралуу суроого "көрө албастар сүйлөй берет" деген таризде жооп берди.

20 миң түтүндө 10 миң калкы бар Көтөрмө айыл өкмөтү 61% дотацияда отурат. Айыл өкмөткө республикалык казына жыл сайын 6 миллиондой каражат берет. Айыл өкмөтү өзү берген маалыматка караганда айыл элинин 35% жакыр жашайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Толук маалымат шилтемеде

Комментарии

ekcpert      6 Марта 2018

Кадамжайдын акими тез аранын ичинде Көтөрмөдө иликтөөлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча эл менен курултай өткөрүп бул араздашууга чекит коюп, создурбай ишти бүтүрүүгө барышы зарыл. Себеби шайыл өкмөт башчысын шайлоодо утулуп калган экинчи тарап бул ишти баштаганы көрүнүп турбайбы, алар оңой менен тынчыбайт, улам бир нерсени баштай берет, арызды ар жакка жаза берет. Аким ылайыгын карап ошол тараптын мыкты чыкмаларына бир ишти убактылуу сунуш кылып иштетип көрсө, накта жүзү же дарамети ачылмак, көрүнмөк. Аким ошол тараптын өкүлдөрү менен ачык сүйлөшүүгө барып, Махмудду иштен алуудан башка максаттары бары-жогун аныктасын, ошондо алардын нака патриот же бузукулугу аныкталат.

Эсенбеков С.А,      6 Марта 2018

Мен Махмуд Токторовду коргогум келбейт, ал ага муктаж эмес, анын ушул мезгилге чейинки жасаган иштери эле жооп берип турбайбы. Кызматта көп иштеген адамдын сынчылары да арбын болот. "Мен болсом мындай кылмакмын, антпеш керек болчу , минтиш керек" деп азыр экинин бири айткан убак. Турмушта мындай сөздү айылга , коомчулукка бир сом салым кошпогондор айтып чыгышат. Кээде айыл өкмөттөн мыйзамсыз иштерин бүтүрө албай калгандар айтышат. Башкасын айтпаганда да М. Токторовдун коңшу Өзбекстандан эл аралык мекеме-уюмдардын жардамы менен бир нече гектар жерди кайтарып алганына эле Эл Баатыры наамын берсе жарашмак. Кыргызстанда башка бир адамды тапкылачы, бир эле метр жерди кайтарган.Таппайбыз, айыл өкмөттөн жогору турган кызматтарда канчалаган азамат мыктыларыбы иштеген жана иштеп жүрөт. Жерди кайтармак тургай, эмне кылып жатышат, айтканга ооз барбай турат. Канча жылдан бери Кыргызстандагы эң мыкты айыл өкмөтү деген наамга татыктуу болуп келе жатат. Бул анын жасаган эмгегинин бир чети. Көтөрмөнүн айыл кеңешинин депутаттары силер шайлаган адамды садага чабууга даярсыңарбы, ачык , калыс сөзүңөрдү качан айтасыңар, бийлик силердин колуңарда эмеспи. Же депутаттар да тескери кийген кепичтей тескери карашып экиге бөлүнүп калдыңарбы? Чырдын башын депутаттар өзүңөр баштаган жоксуңарбы?

Оставить комментарий

Ваше имя

Введите символы с картинки

Текст