Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Ош шаарында жергиликтүү бюджеттен демилгелерди колдоого 20 млн сом бөлүнгөн

16 октябрь 2013, 17:20

Ош шаарында 2013-жыл «Жергиликтүү жамааттардын демилгелерин колдоо» жылы деп жарыялангандыгынын алкагында жергиликтүү бюджеттен 20 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу мэриянын экономика, каржы жана ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Чыныбек Тойчиев маалымат жыйында билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.

Маалыматка ылайык, коомчулук тарабынан социалдык маанилүү долбоорлорду иштелип, мэрияга сунушталса болот.

Ал эми атайын комиссия бул долбоорлорду карап чыгып, кароодон өткөн долбоорлорго жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты бөлүнүп берилет.

Ч.Тойчиев билдиргендей, 2012-жылы жергиликтүү жамааттардын демилгелерин колдоого мэрия тарабынан 20 млн сом каралган. Иш жүзүндө 60 млн сомдук иш аткарылып, ага айрым уюмдар каржылык колдоо көрсөткөн.

Источник: www.barakelde.org