Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу маселени бүгүн сессияда карашты.

Сессия жыйынында белгилүү болгондой, 2016-жылга жергиликтүү бюджет 325 миллион сомго бекитилген. Бирок бюджеттин аткарылышына келгенде бекитилген каражаттын 311 миллион сому гана иштетилип, чыгаша жагы 95 пайыз аткарылган, анын жүйөөлү себептери болгон. Анан да 11 миллион сом каражат артып, ал кийинки жылга өткөрүлгөн.

Ал эми 2017-жылы шаар бюджетинин кеч бекитилгендигине байланыштуу чыгашанын 80 миллион сому аткарылбай калып, быйылкы жылга өткөрүлгөнү айтылды.

Жалал-Абад шаардык кенешинин сессиясында депутаттар өткөн 2016-2017-жылдардагы бюджеттин аткарылышы боюнча отчётту угуп жана талкуулап, аны канааттандырарлык деп табышты.

Ошондой эле депутаттар бюджеттин аткарылышы боюнча айрым кетирилген кемчиликтерге токтолуп, аларды жоюу боюнча сунуш-пикирлерин айтышты.

Эскерте кетсек, 2017-жылы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 305 миллион сом, жалпы бюджеттин көлөмү 382 миллион сом болуп бекитилген. Ал эми үстүбүздөгү жылы Жалал-Абад шаарында курулуш тармагына көп каражат жумшалууда.

Толук маалымат шилтемеде