Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Бокоев: айыл өкмөткө президент да, премьер-министр да сөгүш бере албайт
Жогорку Кеңештин "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев айыл өкмөттөрдү эл шайлашы керектигин билдирди.

[/b]

Айыл өкмөткө президент да, премьер-министр да сөгүш бере албайт. Анткени мыйзамда ушундай көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Кенжебек Бокоев 13-июнда Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай кадамдар эң туура жана айыл өкмөттөрүн өзүм билемдикке алып келбейт.

"Мамлекеттик башкарууда вертикалдык система райондук деңгээлге чейин иштейт. Ал эми айыл өкмөттөрү эч бир чиновникке баш ийбейт. Азыр эми акимдер айыл өкмөткө таасир кылалбай калдык, жада калса сөгүш бере албай калдык деп жатат. Айыл өкмөт менен шаар мэрлерин депутаттар же эл шайлагандыктан керек болсо президент да сөгүш бере албайт. Биз каалайбызбы-жокпу Баш мыйзамда ушундай жазылган", — деди Бокоев.

Эл өкүлү өзү демилгелеген бардык айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо жолу менен тандоо мыйзам долбоору 70тен ашуун депутаттын колдоосу менен биринчи окуудан өткөндүгүн кошумчалады.

Эскерте кетчү жагдай, респонденттин пикири редакциянын көз карашына дал келбеши мүмкүн.

Подробнее по ссылке