Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Токтогулда айыл өкмөт башчы он күн иштеп кызматынан кетти
Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 11-июнда дайындалган Рамис Сагынбаевдин бүгүн кызматынан кетти. Бул тууралуу өздүк булактарыбыз билдирди.

Анда белгилүү болгондой, аталган айыл өкмөт башчысы бүгүн өз арызын райондун акимине жолдоп, кызматын ташырган. Мындан улам БШК чечим кабыл алып, 11-июль күн аталган айыл өкмөткө өкмөт башчысын шайлоону бекиткен.

Эске сала кетсек, кечээ Govori.TV кызматтан кеткен Рамис Сагынбаевдин жогорку билимин тастыктаган дипломунун күмөндүүлүгү боюнча арыз келип түшкөн. Мындан улам, агенттиктин кабарчылары бул жагдайды өз алдынча иликтеп, райондогу бир топ органдардын жетекчилигине жана Билим берүү министрлиги, БШК сыяктуу органдарга кайрылган.

Дал ушул иликтөө бүгүн сайтка жарыялангандан аз өтпөй, айыл өкмөт башчысы арыз жазып кызматынан кетип отурат.

Маалымат шилтемеде