Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Айылдык кеңештердин "ээнбаш" депутаттары

Жалал-Абад милициясы түндүк-түштүк кошумча жолун салып жаткан кытайлык компаниянын жумушчусунун тонолуп, сабалышын иликтеп жатат.

Чуулгандуу окуяга байланыштуу кармалган төрт адамдын бири айылдык кеңештин депутаты болуп чыккан. Бул өз кезегинде жергиликтүү кеңештердин сапаты, депутаттардын кылмышка аралашуусу, уюшма кылмыш топтору менен алака-катышы тууралуу маселени кайрадан козгоду.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя 12-июлга караган түнү болгон.

Облустук милициянын басма сөз өкүлү Мыктыбек Турдубековдун айтымында, түндүк-түштүк кошумча жолунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ийрим айыл аймагына караштуу бөлүгүн куруп жаткан кытайлык "Чайна роуд" компаниясынын жумушчусун белгисиз адамдар сабап, ири өлчөмдөгү күйүүчү майды тоноп кетишкен:

- Ошол жердеги базада турган 200 литрлик үч бачоктогу, 20 литрлик 25 канистрдеги солярканы тоноп кетишкен. "Спринтер" үлгүсүндөгү кичи автобуска жүктөп кетишкен. Натыйжада кытай жараны ооруканага түшкөн. Буга байланыштуу райондук милиция тоноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергеп-иликтөөдө Тогуз-Торо районунун төрт жараны кармалган. Алардын арасында айылдык кеңештин бир депутаты да бар. Алар алгач 48 саатка камалган. Сотто бөгөт чарасы каралып, эки айга үй камагына чыгарылды.

"Азаттыктын" ишенимдүү булактары кылмышка шектүү катары кармалгандардын бири Сары-Булуң айылдык кеңешинин 37 жаштагы Алтынбек аттуу депутаты экенин, учурда Макмал алтын комбинатында иштей турганын билдиришти. Тогуз-Торо районунун акими Айбек Кожошев кылмышка шек саналган депутат күнөөлүү эмес экенин айтып жатканын маалымдады:

- Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Ошол жаранды мен кабыл алып, өзү менен да сүйлөштүм. "Сен айылдык кеңештин депутаты болсоң, эл өкүлү деп жатсак, уурулук кылып кармалганың кандай болот?" деп сурадым. Ал болсо: "Мен кылган жокмун, ошол ишке барган балдардын жанында эле болуп калгам, кытай жаранын уруп-согуп, колу-бутун таңган эмесмин" деп жатат. Мурда-кийин мындай иштерге барган эмес, "кылмыштуу топтун мүчөсү" дегенин уккан эмесмин. Өзү Макмал алтын комбинатында иштейт.

Жогорку Кеңеште уюшма кылмыш топторунан жабыркап жаткан ишкерлердин маселеси көтөрүлдү жана буга байланыштуу күч органдарына доомат айтылды.

"Азаттык" буга чейин жергиликтүү кеңештин депутаттары тууралуу бир канча макалаларды жазган. Анда депутаттардын мурда-кийин уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү болгону, кылмышка аралашкан, соттолгону тууралуу фактылар айтылган. Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоевдин пикиринде, мындай окуялар шайлоочуларга сабак болушу керек:

​- Ушундай фактылар чыккан сайын шайлоочулардын көзү ачылып, мурунку жолу туура эмес тандашканын билип, кийинкисинде ар бир талапкерди карап, добуш бергенде уюшма кылмыш топтун мүчөсүбү, криминалга аралашканбы же ууру-кески, коррупционерби - айтор буларды өткөрбөгөнгө аракет кылышы керек. "Биздин айылдан, биздин жамааттан экен" деп эле айылдык кеңештерге өтүп кетип жатышат. Акчасына, берген убадаларына алданбай, баскан жолун карап, байкап шайлаш керек. "Бюджет" деген сөздү түшүнбөгөн балдар келип калып атат. Талапкерлердин сапатына карап, ошого көңүл бурулушу керек.

Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаевдин баамында, айылдык кеңештерге талапкерлерге жогорку билими, иш тажрыйбасына байланышкан талаптарды жоюп салыш керек:

- Шайлоочулардын шайлоо маданиятына жетишибиз керек. Шайлоону дайындоо катары эмес, тандоо катары түшүнүшүбүз керек. Көптөрдүн арасынан биз эң мыктыларын тандаганды үйрөнүшүбүз керек. "Жогорку билими, иш тажрыйбасы болсун, ал-бул" деген талаптар бар. Мамлекеттик кызматта иштебеген, убагында шартына байланыштуу жогорку билим ала албай калган, бирок түшүнүгү чоң, кыт куйгандай сүйлөгөн, билими, диплому бар адамдардан да кыйын адамдар бар. Ошондуктан тоскоолдук кылганга болбойт. Мен болгону "соттолгон адамдар депутат боло албайт" деген гана чектөөгө макулмун. Болбосо азыр соттолуп, бирок ар кандай жолдор менен акталып алып жатышпайбы. Болбосо алар эшиктен куусаң тешиктен кирип, айланып-тегеренип эле келип алып атышат.

Ал арада "айылдык кеңештердин өзүн жоюп салыш керек" дегендер да бар. Алардын бири, Оштогу талдоочу Төлөгөн Келдибаевдин пикиринде, айылдык кеңештер кайсы бир топтордун тар кызыкчылыгынын эле куралы болуп калды.

- Жергиликтүү кеңештерге шайлоо болгондо айрыкча түштүк жергесинде кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, коррупциянын символу болгон адамдардын кадрлары катышып жатат. Кыргызстандагы айыл өкмөттөрдүн басымдуу бөлүгү дотацияда отурат. Алар бюджетти деле беките алышпайт. Республикалык бюджеттен каржылангандан кийин анын баарын райондун каржы бөлүмү карайт. Ошондуктан айылдык кеңештин депутаттарын деле кармоонун кереги жок. Алар төрт жылда бир жолу айыл өкмөт башчысын шайлайт. Башка иши жок. Райондук, облустук кеңештер деле жоюлду, эч нерсе деле болгон жок. Айыл өкмөттүн башчысы өкмөттүн өкүлүнүн сунушу, премьер-министрдин макулдугу менен шайланышы керек, - деди Төлөгөн Келдибаев.

Соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоодо БШК сегиз талапкер боюнча "уюшма кылмыш топторго байланышы бар" деген материалдарды ИИМге жөнөткөн. ИИМ анын бирөө гана шайлоодон четтетилгенин маалымдаган. Кылмыштуу топтордун айынан айыл өкмөт башчыларын шайлоо ызы-чуу менен коштолгон учурлар да болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Толук маалымат шилтемеде