Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Балыкчыда “Коопсуз шаар” долбоору тесттик режимде ишке кирди

Балыкчы шаарында “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабы бүтүп, азыркы учурда тесттик режимде иштеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Балыкчы шаарынын вице-мэри Алишер Табалдиев билдирди:

- Балыкчы шаарына 84 камера орнотулду. 84 камеранын 64ү Балыкчы шаарынын көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган. Андан тышкары 20 камера стратегиялык объектилерге орнотулган, 2 камера эреже бузулган учурларды көзөмөлдөйт. Камералар тесттик режимде иштеп жатат. Андан сырткары, Балыкчы шаарынын борбордук көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр үчүн 3 өтмөк жарыктандырылган, -деди Табалдиев​.

Учурда камералар менен иштөөгө милициядан төрт кызматкер суралган. Аларды Ички иштер министрлиги бөлүп берип, окуудан өткөрсө, Балыкчы шаарында “Коопсуз шаар” долбоору толук иштей баштайт.

Эгер долбоор толугу менен ишке кирсе, андан түшкөн айыппулдун 50 пайызы Балыкчы шаарына, 40 пайызы республикалык бюджетке, ал эми 10 пайызы Ички иштер министрлигине түшүп турат.

Вице-мэрдин айтымында, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга эки жыл убакыт кеткен. Долбоорду Ысык-Көл өнүктүрүү фонду каржылаган. Анын жалпы суммасы 18 жарым миллион сомду түзгөн. (AsM\ErN)

Толук маалымат шилтемеде