Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Балыкчыда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга 9,5 млн. сом кеткен

Депутат Жанар Акаев Балыкчы шаарынын мэрине кайрылып, фото жана видео байкоо камераларын коюуга канча каражат кеткенин сураган.

Балыкчы шаарында "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга 9,5 миллион сом керектелгенин калаанын мэри Алмаз Мамбетов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Азыр депутаттар "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө КР өкмөтүнүн маалыматы тууралуу" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун карап жатат.

Депутат Жанар Акаев Балыкчы шаарынын мэрине кайрылып, фото жана видео байкоону коюуга канча каражат кеткенин сураган.

Мамбетовдун айтымында, алар шаарга фото жана видео байкоолорду орнотуу үчүн алгач Ички иштер министрлигинен жолго коюла турчу камералардын минималдык мүнөздөмөсүн сураган. Аны алгандан кийин тийиштүү техника сатып алып, аларды орнотуу үчүн тендер жарыяланып, аны жергиликтүү компания утуп алган.

"Азыр фото-видео байкоо Балыкчынын чыгыш тарабына, Ысык-Көл районуна кирип бараткан жерине жана Балыкчы шаарынан чыгып бараткан жакка коюлуп иштеп жатат", — деди Мамбетов.

Депутат өз сөзүндө Балыкчы шаарын башка аймактарга үлгү катары көрсөтүү керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн россиялык "Концерн радиостроения "Вега" компаниясы менен ноябрь айынын башында Маалымат технологиясы жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети келишимге кол койгон болчу.

Толук маалымат үчүн шилтемеден өткүлө.