Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Талас облусунда дотация деңгээли 33,2 пайызды түзөт

Талас облусунда дотация деңгээли 33,2 пайызды түзөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2018-жылы аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары жана 2019-жылга карата милдеттер боюнча өткөрүлгөн коллегиялык жыйынына катышып жатканда айтты.

Ал белгилегендей, аймактарда дотация деңгээли кыскартылууга тийиш.

«37 айыл өкмөтүнүн 33ү дотациялык болуп саналат. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгү дотациянын деңгээлин азайтуу боюнча тутумдуу иштерди жүргүзүүгө тийиш. Бул өңүттөн алганда аймакка инвестицияларды тартуу зор мааниге ээ. Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик органдары чет элдик инвесторлор менен контруктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруулары кажет. Биз инвесторлор жергиликтүү калк үчүн жаңы ишканаларды жана жумуш орундарын түзүп, аны менен катар жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүп жатканын эстен чыгарбоого тийишпиз», — деди ал.

Толук маалымат үчүн шилтемеден өткүлө