Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Айыл өкмөттүн төрүнө илинген 100 000 сомдук сертификат. Бирок 5 жылдан бери акчадан кабар жок

Turmush - 2014-жылдын 25-декабрында Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театрында болуп өткөн «Мыкты айыл өкмөт-2014» кароо-сынагында эки айыл өкмөт жеңүүчү аталып, 100 миң сомдук сертификаттарга ээ болушкан. Бирок, алардын акчалай сыйлыктары ушул күнгө чейин берилбей келет. Бул тууралуу Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын тургуну Зарылбек Аттокуров билдирди.

Маалым болгондой, сынак облустук мамадминистрациясы тарабынан уюштурулуп, «Мыкты айыл өкмөт-2014» наамына биринчи орунду алган Таш-Дөбө айыл өкмөтү менен Эмгекчил айыл өкмөтү ээ болуп, ар бир айыл өкмөткө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылган. Экинчи орунду Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтү, үчүнчү орунду Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтү жеңип алган.

«Кагазын беришти. Ага да балчайтып 100 000 сом деп жазып коюшкан экен. Аны айыл өкмөткө алып келип илип коюшуптур.

Биздин айыл өкмөт мыкты деп табылганда айыл эли да сүйүнгөнбүз. Бирок, азыр айылдын бир керегине жарап калчу 100 миң сомду бербей коюшкандарына нааразыбыз», - деди Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургуну З.Аттокуров.

Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Надыр Бийсеев буларга токтолду.

«Убагында мыкты деп таап, баалап койгондоруна рахмат. Сертификаттарын алганбыз, бирок тыйынын беребиз деп коюшуп эле ошол бойдон жок. Эми жылда эле сурай бергенден уялат экенсиң да. Мен айыл өкмөттөн кеткем. Мен кеткенден кийин берилген го десем, азыр деле алышпаптыр. Арадан 5 жыл өтүп кетти. Берип коюшса, элдин, айылдын бир керегине жарап калмак», - деди ал.

Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы Тилек Айдарбек уулу: «Эч ким билбей жатат. Ал кезде айыл өкмөт башчысы да, бухгалтер да башка болчу. Алса алгандыр, эмнеге жумшаганын билбейт экенбиз. Бизде так маалымат жок», - деди.

Аталган кароо-сынакты көзөмөлгө алуу үчүн түзүлгөн комиссиянын төрагасы болуп өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов болгон.

«Бул сынактын жеңүүчүлөрүнүн баары алышкан. Бир эле Таш-Дөбө айылы ала элек. Мыкты деп табылган мектеп, маданият үйү, бала бакча жана башкалар сыйланып, каражаттары ыйгарылган. Ал эми Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө бир айдын ичинде берилет, ал маселени чечтик», - деди ал.

Толук маалымат шилтемеде