Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

113,7 млн сом: Оштогу эң бай айыл өкмөт жана шаар кайсы?

Turmush - Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттен көз карандысыз болуп, бюджетин өзү көзөмөлдөгөн (дотациядан чыккан), башкача айтканда өз жанын өзү баккан айыл өкмөт жана шаарлар дагы аз эмес. Turmushбасылмасынын кабарчысы Ош облусундагы дотациядан чыккан эң бай шаар жана айыл өкмөттөрдүн бюджети тууралуу маалыматтарды чогултту.

Кара-Суу району

Кара-Суу районунда 16 айыл өкмөт жана 1 шаар бар. Райондо жалпысынан 420 миңден ашуун калк жашайт. Сарай айыл өкмөтү жана Кара-Суу шаары дотациядан чыккан. Кара-Суу райондук каржы бөлүмүнүн маалыматы боюнча, Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджети 113 млн 787 миң сомду түзгөн. Аталган айыл өкмөттө 22 миң 600 адам жашайт. Ал эми Кара-Суу шаарынын 2019-жылга бекитилген бюджети 75 млн 816 миң 500 сомду түзгөн. Шаарда 25 миң 100 адам жашайт.

Өзгөн району

Өзгөн районунун курамында 19 айыл өкмөт жана 1 шаар бар. Учурда Мырза-Аке айыл өкмөтү менен Өзгөн шаары дотациядан чыккан. Бул тууралуу Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Болот Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджети 23 млн 700 миң сомду түзөт жана 18 миң калк жашайт. Ошондой эле Өзгөн шаарында бүгүнкү күндө 59 миң 500 адам жашаса, быйылкы жылга карата бюджети 96 млн 430 миң 700 сом болуп бекитилген.

Ноокат району

Ноокат районунун курамында 16 айыл өкмөт жана 1 шаар бар. Алардын ичинен Ноокат шаары гана дотациядан чыккан. Шаарда 16 миң адам жашайт, ал эми бюджети 53 млн сомду түзөт.

Ал эми Төрөбай Кулатов айыл өкмөтү дотацияда турган айыл өкмөттөрдүн ичинен бюджети боюнча эң алдыңкылардын бири. Калкынын саны 20 миң 300 адам болсо, бюджети 57 млн сомго барабар. 2015-2016 жылдары дотациядан чыгып, 2018-2019-жылдары кайра дотацияда калган.

Алай району

Алай районунда жалпысынан 14 айыл өкмөт бар. Анын ичинен 2 айыл өкмөт дотациядан чыккан. Гүлчө айыл өкмөтүндө 17 миң 814 адам жашайт, бюджети 40 млн 445 миң сом. Ал эми Талды-Суу айыл өкмөтүнүн калкынын саны 2 миң 203 адам болсо, бюджети 12 млн 900 миң сом.

Кара-Кулжа району

Кара-Кулжа районунда 12 айыл өкмөт бар. Бир дагы айыл өкмөт дотациядан чыга элек. Алардын ичинен бюджети боюнча Кара-Кулжа айыл өкмөтү сап башында турат. Айыл өкмөттө 26 миң 500 адам жашайт жана 42 млн 600 сомго барабар бюджети бар.

Араван району

Араван районунда 8 айыл өкмөт бар. Район боюнча 132 миң 203 адам жашайт. Учурда Алля Анаров айыл өкмөтү гана дотациядан чыккан. Айыл өкмөттө 18 миң адам жашаса, бюджети 40 млн 350 миң сомду түзөт.