Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын саны 28 миңге жакындады
2019-жылдын башына карата Кыргызстандын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматкерлердин саны 27 767 адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

1-январга карата жыйынтыкты аталган комитеттин Эмгек жана жумуш менен камсыздоо статистикасы бөлүмү эми эсептеп бүттү.

Мекеменин маалыматына ылайык, аталган көрсөткүчтүн 17 807си мамлекеттик кызматкерлерге туура келсе, анын 40 пайызы аялдар. Жергиликтүү органдардагы 9 906 кызматкердин үчтөн бир бөлүгүн аялдар түзөт.

Жогорудагы санга коргоо, коопсуздук жана коомдук тартипти сактаган органдардын кызматкерлери кошулбайт.

2018-жылдын май айында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон мамлекеттик органдарды оптимизациялоо боюнча токтомго ылайык, кызматкерлердин саны 1,5 миңге кыскармак. Мунун канчасы кыскарганы такталган жок.

Толук маалымат шилтемеде