Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Эми жарандар бюджетти түзүүгө катыша алат. Жол-жобосу

Бул үчүн "Жарандардын онлайн кайрылуусу" сервиси ишке кирди.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Мындан ары кыргызстандыктар келерки жылга карата республикалык бюджетти түзүүгө катыша алат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында жарыяланды.

Бул үчүн министрлик "Жарандардын онлайн кайрылуусу" сервисин ишке киргизди.

Анын жардамы менен жарандар реалдуу убакыт режиминде Финансы министрлигине кайрылуу жазып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду ала алышат.

"Ошондой эле жарандар 2020-2022-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун көрүп, кезектеги жылга бюджеттин мазмуну боюнча өз сунуштарын жана сын-пикирлерин калтыра алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ой-пикир калтыруу үчүн "Жарандардын онлайн кайрылуусу" сервисине шилтемеси аркылуу кирип, мамлекеттик же расмий тилде билдирүү калтырса болот.

Толук маалымат үчүн шилтемеде