Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Дем берүүчү гранттардын эсебинен 140 долбоор каржыланды

Быйыл дем берүүчү гранттардын эсебинен 247 долбоорду каржылоого 599,7 миллион сом бөлүнгөн.

"Дем берүүчү гранттар" программасынын алкагында республикалык бюджеттен 113 миллион 69,5 миң сомго 140 долбоор каржыланды. Бул туурасында Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалымат ушул жылдын 1-августуна карата берилген. Негизинен 2019-жылы дем берүүчү гранттардын эсебинен 247 долбоорду каржылоого 599,7 миллион сом бөлүнгөнү айтылат.

"Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген отчёттордон көз каранды. Аймактардын башчылары муктаждыктар боюнча сурам жиберет. Ал долбоордун тибине жараша тандалып, каражаттар бөлүштүрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар — аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү бийлик органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.

Толук маалымат үчүн шилтемеден өткүлө