Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Каржы министрлиги 231 долбоорду 305 миллион сомго каржылаган

Республикалык бюджеттен 231 долбоор каржыланганы тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, каржылоонун жалпы суммасы – 305 млн 28,9 миң сомду түзгөн. Октябрдын башына карата 9 долбоор толугу менен жүзөгө ашкан. Долбоорлордун көпчүлүгү Жалал-Абад облусуна тиешелүү – 63,7 млн сомду түзгөн 57 долбоор. Баткен облусу – 31 млн 442 миң сом, 24 долбоор, Нарын облусу – 35 млн 723,1 миң сом, 22 долбоор, Ысык-Көл облусу – 47 млн 151,4 миң сом, 39 долбоор, Ош облусу 53 млн 022,7 миң сом, 37 долбоор, Чүй облусу – 50 млн 657,5 миң сом, 36 долбоор.

Категориялары боюнча төмөнкүдөй:

Мектептер – 80 млн 125,7 миң сом, 75 объект;

Саламаттыкты сактоо имараттары – 14 млн 597,8 миң сом, 11 объект;

Инженерлик-коммуникациялык инфратүзүмдөрүнүн объектилери – 72 млн 028,6 миң сом, 25 объект;

Спортко багытталган объектилер – 37 млн 406,6 миң сом, 25 объект;

Маданиятка багытталган объектилер – 33 млн 763,7 миң сом, 26 объект;

Бала бакчалар – 52 млн 617,9 миң сом, 37 объект;

Админстративдик жана бакша маанидеги объектилер – 14 млн 488,6 миң сом, 11 объект.

Толук маалымат үчүн шилтемеден өткүлө