Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Жергиликтүү депутаттардын сапаты талкууда
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын тандоо, шайлоо маселеси, алардын сапаттык курамы тууралуу суроолор кайрадан кызуу талкуунун бутасына алынууда.

Айылдык кеңештин депутаты жогорку билимдүү болушу керекпи? Эл өкүлү болуш үчүн дагы кандай талаптар коюлушу керек? Жергиликтүү бийликтин таасирин, кадыр-баркын көтөрүш үчүн эмне кылыш керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча эксперт Болот Асанакунов жана «Жаңы жүздөр» кыймылынын мүчөсү Айдар Турусбеков катышты.

«Азаттык»: - Учурда парламентте жергиликтүү бийлик органдарынын ишин жөнгө салуучу бир катар мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөр талкууланып жатат. Кенжебек мырза, айылдык кеңештин депутатынын статусу кандай болушу керек, кантип тандалып, кантип шайланыш керек?

Кенжебек Бокоев: - Жалпы коомчулуктун пикирин эске алганда, шайлоочулар менен болгон жолугушуулардагы элдин ою менен эсептеше турган болсок жергиликтүү кеңештердин, асыресе айылдык кеңештердин сапаттык курамы начар болуп жатат. Эл бизге «ушундай абалды оңдогула, депутат жогорку билимдүү болсун, эмгек стажы болсун», ж.б. талаптарды коюп жатат. Ошондон улам акыркы учурда эки мыйзам долбооруна «жергиликтүү кеңештин депутаты жогорку билимдүү болсун» деген норма киргизилип жатат. Андай болсо диплому барлар гана депутат болуп, башка каалагандар шайлана албай калып жатышпайбы. Бул норма биринчи кезекте Конституцияга каршы келип жатат. Баш мыйзам боюнча ар бир жаран шайлоого, шайланууга укугу бар.

Азыркы мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутатын, президентти да шайлап жатканда «талапкер жогорку билимдүү болсун» деген норма жок. Эмне үчүн ал талап айылдык кеңештин депутаты үчүн гана болушу керек? Менин жеке пикиримде, «жогорку билими болсун» деген тартипти биринчи кезекте президент, парламент депутаты болом дегендерге киргизишибиз керек. Андан кийин гана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан талап кылышыбыз керек.

Дагы бир маселе бар. Жергиликтүү кеңештер шаардык жана айылдык кеңештерден турат. Азыр мыйзам боюнча айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо эл жеке адамдарга добуш берсе, шаардык кеңештерде партияларга добуш берип жатат. Менимче, шаарлардын депутаттарын да эл өзү шайлагыдай кылышыбыз керек. Мисалы, Бишкекте 45 депутат бар. №7 кичирайондун тургуну кайсы депутатка барып кайрыларын билбейт. Эгер округ аркылуу шайлаганда жарандар өзүнүн депутаты ким экенин билмек, маселесин алар аркылуу чечмек. Мына ушундай жол менен шайланганда гана жергиликтүү кеңештердин сапаты жогоруламак.

«Азаттык»: - Болот мырза, мыйзам боюнча мамлекеттик кызматка деле Кыргызстандын ар бир жараны иштөөгө укугу бар. Бирок ал жерде деле көп талаптарга жооп берсе анан ишке алынып жатпайбы? Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерине «жогорку билимдүү» критерийинин коюлушу туурабы?

Болот Асанакунов: - Мен акыркы беш жылда жер-жерлерди кыдырып, жергиликтүү бийликтер, кеңештердин депутаттары менен жолугуп, сүйлөшүп, окутуп жүрөм. Мамлекеттин милдети – бардык жарандарга бийликке келишине бирдей шарт түзүп берүү.

Ооба, жогорку билим деген маселе бар. Менин байкашымча жергиликтүү кеңештерге акыркы учурда жакшы идеялары менен жаштар келген учурлар көбөйүүдө. Алардын аракети менен бир топ кеңештерде жакшы иштер башталды, деңгээлдери көтөрүлүп келатат. Менимче, билими жөнүндөгү талапты киргизүү азырынча эрте, мен ага каршымын.

«Азаттык»: - Айдар мырза, жакында Ноокен районундагы бир айылдык кеңештин депутаттары көчөгө мурда соттолгон адамдын атын ыйгарып жатышын депутаттардын билимсиздиги десек болобу, же башка себеби барбы?

Айдар Турусбеков: Ноокендеги айылдык кеңештин чечими менин жеке оюмда кандайдыр бир топ адамдардын кызыкчылыгы менен болуп калгандай сезилет. Эки-үч адамдын талабы менен добуш берип коюшту деген ойдомун. Албетте, соттолгон адамды акталгандан кийин гана баатыр катары сыйлап алсак болорун билбегендер болбогондору өкүндүрөт. Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жөнүндө чечим да ушуга окшоп жатпайбы.

Кенжебек Бокоев: Ноокендеги чыккан чечим айылдык кеңештин депутаттарынын сапаты жөнүндө маселе бар экендигин айтып турат. Мен үч жыл мурда эле айыл өкмөт башчыларын да эл шайласын деп мыйзам долбоорун киргизгем. Талкууга салбай, бут тосуп жатышат. «Айыл өкмөтүнүн жетекчисин 10-15 депутат эмес, эл шайласын» деп, кайсы жерге барбайлы, шайлоочулардын баары талап кылып жатышат.

90го жакын адамды атып коюп, качып кеткен адамдын атын көчөгө берген айылдык кеңештин чечиминен кийин жалпы жергиликтүү кеңештерге болгон ишеним да түштү. Көп жерлерде жергиликтүү депутаттар айыл өкмөт башчыларынын программаларын укпай эле, анча-мынча сый көрсөтүп, акча берип койсо эле шайлап жатышат. Бул жоопкерчиликтин жоктугу.

Толук маалымат үчүн шилтемеден өткүлө