Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

«Негизи андай эмес...»: Дыйкандын аялы З.Тойчубекова депутат болуунун сырын билет. Сүрөт

Turmush - Бакай-Ата районунун 1-май айылынын 55 жаштагы тургуну Зууракан Тойчубекова айылдык кеңештин депутаты болуп, элеттиктердин көйгөйүн чечип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын кызы. Кесиби боюнча эсепчи. Учурда айылдагы жалгыз депутат айым.

«1982-жылы жолдошум Жумакан Чодобаевге турмушка чыгып, 1-май айылына келин болуп келдим. Алгачкы эмгек жолумду Бакай-Ата районунда эсепчи болуп иштеп баштагам. Кийин турмушка чыгып Оро айылынын айыл өкмөтүнүн кызматкери болуп иштеп калдым. 1983-жылдан 1989-жылга чейин экономист болуп иштеп жүрдүм. Ал ортодо балалуу да болдум. Негизи аял кишинин орду үйдө. Бирок жолдошум, үй-бүлөм менин жумушумду колдоп, түрткү берип турушту. Жолдошум «сен иштешиң керек, жумушка да, үйгө да жетишсең болот» деп колдоо көрсөттү.

2005-жылы айылдык кеңешке шайлоо болуп калды. 6 эркек менен жалгыз аял болуп ат салышып, элдин колдоосу менен депутат болуп иштеп калдым. Аял киши болгондон кийин эркек адамдар менен иштешүү оорураак экен. Элдин көйгөйүн угуп, аларды чечип берүүгө аракет кылып жүрдүм. Эркектерден кем калышпай иштеп, жакшы жыйынтык көрсө алдым. Кийин 2011-жылдан 2015-жылга чейин Оро айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштедим. 2016-жылдан азыркы учурга чейин айылдык депутатмын. Кээ бир үйгө жумуштап барып калсам, «депутат эже келе жатат» деп күлүп калышат. Көп жылдан бери айыл өкмөттө иштегендиктен кээ бир мырзалар менден «оюңду айтчы, аялдардын көзү менен караганда кандай болот экен?» деп кеңеш сурап келишет.

Жолдошум дыйкан чарба менен алектенет. Ал адам да менин жумушума көнүп калды. «Сен отуруп калбай, Жогорку Кеңештин депутаты болсоңчу» деп тамашалап калат. Кээ бир айымдар менен сүйлөшүп калып «депутат болгула, эл үчүн иштегиле» десем, «ал үчүн чоң акча керек. Депутат болуш үчүн колуңда акчаң болсо бир жөн эле» деп айтышат. «Негизи андай эмес, биринчи каалоо керек. Айыл эли үчүн чуркашың керек. Ошондо гана айыл эли колдойт» деп көп айтам.

Мен айыл элине депутат айыммын. Бирок үйгө келгенде башка адам болом. Үйгө эч качан көйгөйлөрүмдү айтып келбейм. Үйдө үйдөй эле жүрөм», - деди депутат айым.

Толук маалымат шилтемеде