Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Баткенде ири каражатка таза суу долбоорлору ишке ашырылып жатат

Turmush - Кызыл-Кыя шаарында таза суу долбоору ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүнкү күндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 7 млн 200 миң долларлык ири долбоор аткарылууда. Натыйжада шаарга 35 км суу түтүктөрү тартылат. Учурда долбоордун алкагында жумуштун 20 пайызы (920 миң евро) аткарылды.

Ал эми Баткен шаарында аталган уюм тарабынан жалпы суммасы 5,02 млн евролук долбоор ишке ашып, анын ичинен 129 миң 622 евро каражатка таза суу ишканасынын кеңсесинин имараты курулуп бүттү. Ошондой эле 17 км түтүк төшөө иштери жана 3 км 600 метр канализация орнотуу иштери бүткөрүлдү. Долбоор толугу менен ушул жылдын июнь айында бүтөт.

Исфана шаарын таза суу менен камсыздоо үчүн Европа бирлиги тарабынан берилүүчү жалпы 5,0 млн евро инвестициялык грантты ратификациялоо жөнүндө мыйзамга өлкө башчысы тарабынан кол коюлду. Алдыдагы 3 жылда бул жумуштарды аткаруу пландалган.

Сүлүктү шаарында дүйнөлүк банк тарабынан каралган 4,0 млн доллар каражатка жалпы узундугу 45,9 км болгон суу тутүктөрүн монтаждоо жумуштары 90% бүттү. Курулуш иштерин ушул жылдын июнь айында бүтүрүү пландалган.

Толук маалымат шилтемеде