Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

«Жарнама жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Баракелде - Президент Сооронбай Жээнбеков «Жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 26-декабрында кабыл алынган.

«Сырткы жарнакты жайгаштырууда келип чыгуучу мамилелерди укуктук жөнгө салууну жакшыртуу максатында кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155 "Жарнама жөнүндө" мыйзамдын 14-15-беренелерине айрым өзгөртүүлөр киргизилди», - деп айтылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 30-майында кабыл алынган «Жарнама жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын биринчи варианты президенттин каршы пикири менен 2019-жылдын 11-июлунда макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңешке кайра кайтарылган. Себеби аталган мыйзамга мурда киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын чектеп, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» жана «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарга карама-каршы келген.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 26-декабрында кабыл алынган мыйзамдын макулдашылган вариантын парламент 2019-жылдын 11-сентябрында түзгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан.

Толук маалымат шилтемеде