Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Өкмөт айылдарды дотациядан чыгаргысы келет

Кыргызстанда ушул убакка чейин төрт гана айыл өкмөтү өзүн-өзү каржылоого жетсе, өкмөт 2020-жылы 40 айыл өкмөттү дотациядан чыгарарын билдирүүдө.

Эмне үчүн айыл өкмөттөрү ирдене албай жатат? Маселе жергиликтүү бийликте өз алдынчалыктын жоктугундабы, ыйгарым укуктун жетишсиздигиндеби же каржылык тартыштыктабы? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик.

Талкууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин башкармалыгынын жетекчиси Азамат Шамеев, Нарын шаарынын мурдагы мэри Алмаз Кулматов жана Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчыбай Төралиев катышты.

«Азаттык»: - Азамат мырза, Кыргызстанда буга чейин 453төн ашык айыл өкмөттүн төртөө гана 2019-жылы өз жанын өзү багууга чыкканы айтылат. Бул фактыны кандай түшүндүрсөк болот? Алардын артыкчылыгы эмнеде болду?

Азамат Шамеев: - Мыйзамдар боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук ченемдери так ажыратылган. Мисалы, жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү, көзөмөлдөө функциялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кирери жазылып турат.

2018-жылы республикада сегиз айыл өкмөтү дотациядан чыккан, бирок кийин төрт айыл өкмөтү кайра республикалык бюджеттин көзүн карап калды. Ошолордун бири - Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл өкмөтү. Аларда былтыр жаратылыш кырсыктары көп болуп, республикалык бюджеттен 900гө жакын теңдөөчү грант алгандыктан кайра дотацияга отурууга туура келген.

Дотациядан чыгып жаткан айыл өкмөттөрү үчүн негизги өбөлгөлөр – бул алардын экономикалык ишмердүүлүгү жанданып жаткандыгында. Негизинен ошол аймакта өндүрүш ишканалары ачылып, жумуш орундары түзүлүп, жергиликтүү бюджетти көбөйтүүгө шарт түзүлүүдө. Мындан сырткары инвестиция тартууда да аракеттер жанданганын байкайбыз.

Азыр ар бир айыл өкмөтүнүн өзгөчөлүгү, мүмкүнчүлүгү ар кандай. Кээ биринин инфратүзүмү мыкты, өнөр жай ишканалары болсо, айрымдары тоолуу, алыскы аймакта жайгашкандыктан ал жакка инвестор тартуу да кыйын. Айыл өкмөтүнүн казынасын толтурууга соода түйүндөрүнүн көптүгү да жакшы шарт түзөт. Бир топ айыл өкмөттөрү үчүн ал да жок. Мындай жагдайлар да алардын дотациядан чыгышына мүмкүнчүлүк бербей жатат. Болбосо айыл өкмөттөрүнүн өз алдынчалыгына мыйзамда толук укук берилген.

Ошондуктан аймактын ишин жакшыртуу, кирешесин көбөйтүү айыл өкмөт башчыларынын демилгесине, уюштуруучулук жөндөмүнө жана башка сапаттарына байланыштуу болот. Айылды өнүктүрүүнүн программасын түзө билген, аны аткаруунун келечегин сезген жетекчилердин болушу да айыл өкмөттү дотациядан чыгарууга өбөлгө түзөт деп айтсак болот. Дагы бир маселе: мыйзам боюнча 2019-жылы киреше салыгынын 70% жергиликтүү бюджетте калды, 2020-жылдан тартып 85% калат, 2021-жылдан баштап 100% айылда кала турган болуп жатат. Бул да айыл өкмөттөрүнүн ирденишине жакшы шарт түзөт деген ойдомун.

«Азамат»: - Алчыбай мырза, сиз башкарган айыл өкмөтүнүн кайрадан дотацияга отуруп калышынын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Алчыбай Төралиев: - Биз акыркы 8 жылда дотациядан чыгып, өз алдынча болуп калганбыз. Мурдагы жылы биздин айыл өкмөттүн аймагында бир айдын ичинде эле 3 жолу катуу сел жүрүп, бир топ чыгым тартып калдык. Бир топ жолдорубуз, социалдык объектилерибиз керектен чыгып калды. Ошондуктан алардын калыбына келтириш үчүн республикадан бир миллион сомго жакын теңдөөчү грант алууга мажбур болуп калдык. Азыр абалыбыз жакшы. 2020-жылы дотациядан чыгып кетебиз деген үмүттө турабыз. Ага шарттар бар, бюджетибиз өсүш жолунда. Мен 2005-жылы айыл өкмөтүнө башчы болуп келгенде бюджетибиз 2 миллион 600 миң сом болсо, быйылкы бюджетибизди 27 миллион сом менен бекиттик.

«Азаттык»: - Алмаз мырза, премьер-министр быйыл кыргыз өкмөтү 40 айыл өкмөтүн республикалык дотациядан чыгарууну көздөп жатканын айтты. Анын аткарылышы канчалык реалдуу? Эгер реалдуу болсо ага эмне өбөлгөлөр, кандай шарттар таасирин тийгизүүдө?

Алмаз Кулматов: - Айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу - өкмөт башчынын жакшы үмүт-тилеги, планы десек болот. Мындай пикирге келүү жөн эле болбосо керек. Кайсы айыл өкмөтүнүн кандай мүмкүнчүлүгү бар, шарты бар, дотациядан чыга алабы деген изилдөө, талдоо, эсептөө Экономика министрлиги, Финансы министрлиги, Өз алдынча башкаруу агенттиги тарабынан жүргүзүлдү деп ойлойм. Эгер 453 айыл өкмөтүнүн саны менен салыштырганда Кыргызстанда 40 айыл өкмөтү дотациядан чыкса, анча деле көп эмес. Реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар айыл өкмөттөрү аз эмес. Кеп ошол айылдар өзүнүн финансылык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана албай жатканында. Дагы бир орчундуу маселе бар. Бизде канча жылдан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин негизги философиясын, идеологиясын чечпей келатабыз. Финансылык-экономикалык базасын бузуп алганбыз. Мисалы, жайытты, сугат сууну, ичүүчү сууну айыл өкмөтү тейлей албайт, алардын түшкөн кирешелерге башка коомдук уюмдар ээ, ошолор тескейт. Каржынын, кирешенин бир топ булагы ушул жакта жатат.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)