Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Сүрөт — Социалдык объект жок, тургундардын жарымы көчүп кеткен Учкун айылы

Turmush - Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө караштуу Учкун айылында бир дагы социалдык объект жок. Мындан сырткары айылда жер көчкү коркунучу бар. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Рысбай Мажитов билдирди.

Анын айтымында, 1970-жылдарга чейин айыл Ийри-Суу деп аталып келген. Кийин СССР учурунда айыл Учкун совхозуна кошулуп, ошондон кийин Учкун деп аталып калган.

«СССР учурунда таза суу, сугат суу көйгөй жараткандыктан 3-4 км алыстан кыймылдаткыч (мотор) аркылуу суу тартылып турган. СССР таркагандан кийин кыймылдаткычтар бузулуп, эл таза суу жана сугат суусуз калган. Ошондуктан тургундардын жарымы көчүп кетишкен. Биздин айылда 1-4-класска чейинки башталгыч класстардын мектеби болгон. Бирок айылда жер көчкү көп болгондуктан окуучулардын коопсуздугун ойлоп, мектепти жаптырып салышкан. Учурда 40 түтүндөн 22 түтүн гана калып, 150гө жакын адам жашайт. Жашоочулар мал чарбасы менен алектенип, кайрак жерге арпа, буудай эгишет», - деди Рысбай Мажитов.

Ал эми Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Исаевдин айтымында, Учкун айылында 26 түтүн катталып, учурда алардын ичинен 15 гана түтүн калып, жалпы 69 адам жашайт.

«Учкун айылында башталгыч класстын мугалими жок болгондуктан райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси жана айыл өкмөттүн тийиштүү адистери менен бирге жергиликтүү тургундар менен жолугуп, 7-8 окуучу окуган мектеп жабылган. Ата-энелер балдарын райондогу жана айыл өкмөттүн аймагындагы мектептерге беришкен. 2000-жылы Учкун айылына 5 км алыстан бейөкмөт уюмдар жана мамлекеттин жардамы менен таза суу тартылган. Аталган айылда жер көчкү коркунучу бар болгондуктан 2018-жылдын башында айыл өкмөттүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жазган катынын негизинде атайын адистер Учкун айылын текшерүүгө алышкан. Натыйжада жер көчкү коркунучу жок экени аныкталган. Учурда айыл өкмөттүн тиешелүү адистери аталган айылга барып, кооптуу аймакты көзөмөлдөп турат. Жаз айларында көчөлөрдөн ылай суу аккандыктан чоң арыктар казылып, арыктар убагы менен тазаланып турат», - деди Талант Исаев.

Учкун айылы чыгыш тарабынан Кызыл-Суу, Беш-Абышка, түштүк тарабынан Өзгөн району жана батышынан Миялы айылдары менен чектешет. Кыш мезгили 3-3,5 айга созулат. Учурда айыл эли таза сууну 2-3 км алыстан суу түтүктөрү аркылуу тартып келишкен. Сугат суусу жок. Райондун борборунан 45 км алыста жайгашкан.

Толук маалымат шилтемеде