Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Кыргызстанда жаңы 28 айыл пайда болушу мүмкүн

Баракелде - Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору аркылуу Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Мончок-Дөбө жана Шекафтар, Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл аймагынын Тамды-Суу, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Беш-Кемпир, Орто-Талаа, Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак, Жандама, Катта-Тал, Күнгөй-Хасана, Мончок-Дөбө, Тескей, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Бек-Тоо жаңы түзүлгөн жалпысынан 12 калктуу конушту айыл категориясына киргизүү сунушталууда. Айыл макамын ыйгарууга сунушталып жаткан бул калктуу конуштарда жалпы 25467 адам жашайт.

Мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясы да жактырылды.

Мыйзам долбоору аркылуу Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Ынтымак, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагынын Такталык, Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Чукур-Аксеки, Шортон, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак, Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш, Жапалак, Ноокат районундагы Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай, Кеңеш айыл аймагынын Байыш, Батуу, Дары-Булак, Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата, Арык-Тейит, Кулуштан, Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма жана Кичи-Жайылма жаңы түзүлгөн айылдарынын жалпысынан 16 калктуу конушту айыл категориясына киргизүү сунушталууда.

Толук маалымат шилтемеде