Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Чаек айыл өкмөтүндө коомдук даараткана куруу маселеси көтөрүлдү
Turmush - Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айыл аймагында муктаждыктарды биргелешип аныктоо багытында атайын иш-чара болуп өттү.

Иш-чара Чаек айыл аймагындагы Ак-Татыр, Беш-Терек жана Чаек айылдарынын тургундары үчүн өткөрүлүп, ар бир айылдын көйгөйлөрү аныкталды. Чаек айыл аймагынын 2019-жылы аныкталган көйгөйлөрү тизмектелип, аны жоюу максаты 2020-жылга коюлду.

Быйылкы жайдагы эң маанилүү маселелер деп таза суу, ички жолдор, жарыктандыруу, жалпы инфраструктура, бала бакчалар, мектептер жана башкалар айтылды. Мындан сырткары коомдук даараткана куруу маселеси кайра көтөрүлдү. Чаек айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бул маселелерди айылдык кеңештин депутаттарынын кароосуна коюп, жергиликтүү бюджеттин алкагында жана мүмкүн болгон ресурстардын эсебинен чечүүнүн үстүнөн иш алып баруу жагы сунушталды.

Аныкталган көйгөйлөр айыл аймактын Биргелешкен аракеттер планына өзгөртүү киргизүү аркылуу камтылып, аларды 2020-жылы чечүү үчүн ресурстар жана аткаруучулар такталды.

Толук маалымат шилтемеде