Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Иманалиев: эми айыл өкмөттөр да онлайн байланышта болуп турушат

Ысык-Көл райондук администрациясынын башчысы Данир Иманалиев райондо электрондук документ алмашуу, жыйындарды онлайн өткөрүү боюнча атайын программа орнотулганын айтты.

Бул программа россиялык IT-компания тарабынан иштелип чыккан. Ал аркылуу жыйындарга атайын барып убакыт, күйүүчү май коротуп отурбай эле онлайн өткөрүү жана электрондук документтерди жеринен алмашуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт. Бул тууралуу Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, онлайн конференция өткөрүү үчүн платформа өкмөттүк деңгээлде колдонулуп келгени менен аймактарда жаңыдан киргизилүүдө.

"Ысык-Көл районунун аймагы 160 чакырымга созулат, карамагына 13 муниципалитет кирет. Район администрациясы менен 14 мекеме эми атайын бир жерге чогулбай эле онлайн жыйын өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Бул, биринчиден, айыл өкмөттөр үчүн чыгымды азайтып, убакытты үнөмдөйт. Ошондой эле иш бөлмөсүнөн чыкпай туруп эле жыйын учурунда керектүү документтерди өз ара электрондук форматта жиберип, дароо талкуулап, маселенин чечилишин тездетет. Айрыкча жайкы туристтик сезон учурунда келип чыккан чукул маселелерди чечүүдө же климаттык өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо абдан керек. Мындай кадамдар өзгөчө алыскы айылдарда жашаган тургундардын маселелерин чечүүдө абдан жакшы жыйынтыгын берет. Буга чейин мындай онлайн прогаммаларды орнотуу үчүн түрдүү жабдыктар керектелип, баасы өтө кымбатка түшөрү айтылып келген. Бирок биз иштеп жаткан программа боюнча ар бир мекеме айына 180 сомдон гана төлөйт. Бул бир ирет район борборуна жыйынга келип кеткен чыгымынан да аз сумманы түзүүдө", — деди Иманалиев.

Аким аталган долбоор Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында ишке ашып жатканын кошумчалады.

Толук маалымат шилтемеде