Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Аймактарды өнүктүрүүнүн арышы жай

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 29-августта "Биринчи радиодогу" маегинде аймактарда жаңы жумушчу орундарды түзө турган абдан чоң потенциал бар экенин айткан.

Өлкө башчы элет жерине соңку 2,5 жылдын ичинде 46,8 млрд. сом насыя катары берилгенине токтолгон. Мындан тышкары президент дыйкандар менен фермерлер келечекте базарга барып отурбай, үйүндө онлайн соода жүргүзүп кала турганын да кошумчалады.

Ош менен Бишкекке тең ата болчу шаарлар

Сооронбай Жээнбековдун айтымында, Аймактарды өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Анын максаты - 20 калаада Бишкек жана Ош шаарларындай шарт түзүп, тегерегинде элди кармап калуу. Ошол жерде социалдык жактан кызмат көрсөтүү – медицина, билим берүү, социалдык коргоо, мамлекет жасай турган бардык иштерге каражат бөлүп, элдин жашоосуна шарт түзүү.

«Жетишкендигибиз — ушул 20 шаарды өнүктүрүүгө багытталган программаны ишке ашырууга каражат табылды. Ошол жерлерде — 20 шаардын тегерегинде, облус борборлорунда, чоң шаарларда өнөр жай ишканаларын көбөйтөбүз. Бизнес барып, жумушчу орундары түзүлө баштайт. Окуу жайларынын, саламаттык сактоо тармагынын сапатын жакшыртууга, кайра иштетүү өнөр жайын жолго коюуга аракет кылабыз».

Сооронбай Жээнбеков аймактарга байланыштуу иш пландарды президенттик мөөнөтү бүткөнгө чейин жүзөгө ашырууну максат кылып жатканын кошумчалады.

Президент сөз кылган 20 шаарды өнүктүрүү 2018-жылдан бери айтылып келет. Өкмөт бул демилге экономикалык реформанын булагы болуп бере турганына басым жасап, аймактарга инвестиция тартуу жана жеңилдетилген насыяларды берүү менен миграциянын агымын да азайтса болорун айтып келишет. Мындан тышкары мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жетүү алда канча жеңилдейт деп убада берилип, элет жерине көңүл буруу максатында 2018-2019 жана 2020-жылдар «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп да жарыяланган.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев президент айтып жаткан 20 шаарды өнүктүрүү планы боюнча кабары жок экенин айтты:

«Мамлекеттик программа боюнча бизге эч нерсе келе элек. Мен бул кызматка жаңы эле дайындалдым да. Бул боюнча кабарым жок болуп жаткандыр. Бирок санариптештирүү боюнча Ысык-Көлдүн айылдарына, мектептерине Интернет кошулуп жатыптыр. Документ алмашуу да санариптеше баштаганын байкадым. Тоо этегинде жайгашкан үч эле айылга Интернет жете элек. Интернет болсо санарип болот да».

Чүй облусун жетектеген Алтынбек Намазалиев Аймактарды өнүктүрүү боюнча иш пландары бар экенин, анын ичине Чүй боорундагы жети шаар да камтылганын билдирди. Өкмөттүн өкүлү облус боюнча ачылган ишканалардын, жумушчу орундардын санын так айткан жок.

«Жумуш орундарын түзүү максатында Токмок, Кара-Балта шаарларында инвесторлорго жер тилкелерин даярдап койгонбуз. Жетишкендиктерибиз көп эле. Анын баарын шашпай айтып беришибиз керек да».

Ал эми өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов Аймактарды өнүктүрүү программасы боюнча сөз сүйлөгөндөн баш тартып койду. «Азаттык» байланышкан өкмөттүн айрым өкүлдөрү кайсы шаар Ош менен Бишкектин катарына кошула турганын айтып бере алышкан жок.

Кагаз бетинде гана "өнүгүп жаткан" аймактар

Нарындагы Жумгал районуна караштуу Жаңы-Арык айылдык кеңешинин депутаты Руслан Тажиев Салык кызматынан маалымкат алыш үчүн айылдан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан район борборуна барып келгенин айтып кейиди. Ал документ үчүн 1000 сомдон ашык каражат жана бир күндүк убакыт короп жатканын кошумчалап, аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча буларды айтты:

«Президенттин аймактарды өнүктүрүү боюнча саясатын сезген жокмун. Жада калса бул боюнча биздин айыл өкмөткө программа да келген жок. Элеттиктер өз камын өзү эле көрүүдө. Аймактардагы жетишкендиктерге бийликтин тиешеси жок. Эгерде жер тилкесине байланыштуу документтерди таанышы жок бүтүрөм десең, анда бери дегенде үч ай сүйрөлөсүң. Райондун борборуна 20 жолу барып келишиң керек. Техника өнүккөн заманда алакандай кагазды айыл өкмөттөн эле берип койсо болбойбу?».

Президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиодогу" буга чейинки маегинде Кыргызстан парламенттик шайлоодон соң административдик-аймактык реформага бара турганын жарыялаган. Өлкө башчы ийкемдүү жана натыйжалуу бийлик түзүмдөрүн уюштуруш үчүн аймактык бирдиктерди ирилештирүү, мамлекеттик органдар менен андагы кызматчыларды азайтуу милдети турганын айткан эле.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаев жакын арада аймактардын абалы жакшырып кетпей турганын айтып, анын себебин мындайча түшүндүрүүдө:

«Административдик-аймактык реформа көп жылдан бери ишке ашпай келет. Акча табылса эле аймактар өнүгүп кетпейт. Буга саясий эрк керек. Азыркы бийликтеги адамдардын арасынан аймактардагы абалды өзгөртө алган адамды көрө алган жокмун. Реформатор адам такыр башкача болот. Алар бийликке келери менен элге идеясын айтып, ошонун үстүнөн иштей баштайт. Эгер келгенде эле идея жок болсо, анда кийин деле эч нерсе өзгөрбөйт. Мамлекетти өнүктүрүүнүн жолдору саясатчы калыптана баштаган учурда эле пайда болот. Аймактарды өнүктүрүү боюнча сөздүн көбөйө баштады күзүндө боло турган шайлоого эле байланыштуу».

Кыргызстанда 531 административдик-аймактык бирдик бар. Алардын экөө республикалык маанидеги шаар макамына ээ болсо, 40 район, жети облус, 29 шаар облустук жана райондук макамга ээ.

Толук маалымат шилтемеде