Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Кара-Суу районундагы айыл өкмөттөрдүн көпчүлүгү «Санарип аймак» платформасына кошулду

Turmush - Кара-Суу районундагы айыл өкмөттөрдүн 70% толук түрдө «Санарип аймак» платформасына кошулуп, документтерди каттоо электрондук вариантта жүрүп жатат. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Суудагы айыл өкмөттөр «Санарип аймак» санарип платформасына, адам ресурстарын башкаруу боюнча «E-kyzmat» автоматташтырылган маалымат системасына, документ жүгүртүүнүн электрондук системасына кошулушкан.

«Кара-Сууда 17 айыл өкмөт болсо, анын ичинен 5-6 айыл өкмөт гана бул системаларды толук бүтүрө элек. Калган айыл өкмөттөр аталган системага кошулуп бүтүштү», - деп айтылат маалыматта.

«Санарип аймак» санарип платформасы — калкка кызмат көрсөткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу системасы. Системанын негизги максаты — айыл өкмөтүнүн паспортун, чарба китептерин жаңы технологияны колдонуу менен түзүүнү автоматташтыруу болуп саналат.

Толук маалымат шилтемеде