Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

КРнын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров жыл сайын өтүүчү «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын жүрүшүндө вице-премьер-министр КРнын Өкмөтү аймактарды өнүктүрүү маселесине артыкчылык берерин белгиледи.

«Өлкө калкынын басымдуу бөлүгү айыл жергесинде жашай турганын эске алуу менен, айыл өкмөттөр тарабынан көтөрүлгөн демилегелерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ар дайым колдоого алат. Айыл чарба жана өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү, калктын жашоосуна мыкты шарттарды түзүү, көрктөндүрүү, маданий мекемелердин абалын жакшыртуу жана маданий мурастарды сактоо, инвестицияларды тартууга өзгөчө маани берилет», – деди Равшанбек Сабиров.

Ошондой эле вице-премьер-министр пандемия маалында айыл өкмөттөр чоң милдеттерди аткаргандыгын кошумчалады.

Маалымдама: «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагы жыл сайын өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, өлкө аймагы боюнча мыкты деп табылган 6 айыл өкмөткө берилген байгенин жалпы суммасы 6 миллион сомду түздү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин өбөлгөлөө максатында өткөрүлгөн «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын катышуучулары эки топко бөлүнүп, анын негизинде жеңүүчүлөр аныкталды.

Биринчи топтун жеңүүчүлөрү:

– I орунда бир миллион беш жүз миң сом байге фонду менен – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтү;

– II орунда бир миллион сом байге фонду менен – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл өкмөтү;

– III орунда беш жүз миң сом байге фонду менен – Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтү;

экинчи топтун жеңүүчүлөрү:

– I орунда бир миллион беш жүз миң сом байге фонду менен – Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтү;

– II орунда бир миллион сом байге фонду менен – Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтү;

– III орунда беш жүз миң сом байге фонду менен – Ош облусунун Араван районунун Алля-Анаров айыл өкмөтү.

Толук маалымат шилтемеде