Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

БШК: Аялдар 43 айылдык кеңешке, 13 айыл өкмөтүнө башчы болушту
Кыргызстанда соңку шайлоолордон кийин айылдык кеңешке жетекчи болгон аялдар кыйла көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн 15-июнда Бишкекте аялдардын шайлоо укуктарына арналган “Мен лидер аялмын” жыйынында сүйлөп жатып Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди:

“43 айылдык кеңешке аялдар төрайым болушту. Буга чейинки шайлоодо 18 болчу. Мындан тышкары азыр өлкө боюнча айыл өкмөттөрүнө башчы жана шаарларга мэр шайлоо өтүп жатат. Тилекке каршы, азырынча мэр айымдар шайлана элек. Ал эми айыл өкмөттөрүнө 13 аял башчы болушту, мурда алар да кыйла аз болчу”.

Бишкекте 15-июнда жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын алдыдагы максаттарын талкуулаган жыйын өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмер, Аялдарды колдоо борборунун жетекчиси Роза Айтматова, президенттин жубайы Айгүл Жапарова, активист аялдар катышты.

Айылдык кеңештерде аялдарга 30% квота каралган мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Мындай эреже быйыл 11-апрелде жергиликтүү шайлоодо алгачкы ирет колдонулду. Анда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланды. Кийин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлда өткөнү жатат.

Айрым аймактарда кыз-келиндер жергиликтүү кеңешке квота менен шайланып келгенине байланыштуу нааразылык чыккан жана мындан улам Боршайком аял депутаттарга бут тоспоого чакырган. (SA)

Толук маалымат шилтемеде