Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Президент облус жетекчилерин түз башкарат

Президент Садыр Жапаров 16-июлда “Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык, эми облус жетекчилери президентке түз баш ийет. Буга чейин алар "өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү" болуп келген.

Облустагы өкүлдүн укуктары көбөйдү

Документке ылайык, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү өзү жетектеген аймакта президент аныктаган мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат. Атап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук коргоо органдарынын ишин тескейт. Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелердин жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу боюнча сунуштарды киргизе алат. Бир сөз менен айтканда ыйгарым укуктуу өкүл - облустун башкы кызмат адамына айланганы турат.

Ал президенттин демилгеси же Министрлер кабинетинин төрагасынын сунушу менен кызматка дайындалат жана бошотулат. Ошондой эле, аларга түздөн-түз баш ийет, отчёт берет. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орду саясий мамлекеттик кызмат жана ал облустун башкы кызмат адамы болуп саналат.

Президенттик администрациянын мамлекеттик, муниципалдык башкаруу жана кадр саясаты бөлүмүнүн эксперти Азамат Шамеев жарлык эмне себептен кабыл алынганын түшүндүрдү.

“11-апрелде кабыл алынган Конституцияга ылайык, аткаруу бийлигинин башында президент турат. Ушуга байланыштуу облустардагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо максатында аталган жарлык кабыл алынды. Президент, Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдер өз убагында ишке ашышы керек. Эми ыйгарым укуктуу өкүлдөр маалыматты түз, так жеткирип турат. Буга чейин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн милдеттери, укуктары так жазылбай калган”.

Мындан тышкары президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү район акимдерин кызматка дайындоо, же бошотуу сунушун алгач Министрлер кабинетинин төрагасы менен макулдашып, андан кийин мамлекет башчыга жолдойт. Буга чейинки жылдары райондук администрацияны жетектей турган үч талапкерди өкмөт башчы сунуштап, жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлап келген.

Быйыл 5-майда күчүнө кирген Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, эми акимдерди президент өзү дайындап бошотуп калды. Жакында эле Садыр Жапаров Кыргызстандагы дээрлик бардык акимдерди жаңы дайындаган.

Мамлекет башчынын “Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө” жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кийин күчүнө кирет. Бир айдын ичинде ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн аппараттарынын түзүмү жана штаттык расписаниеси бекитилет.

Талас облусун жетектеп турган Бакытбек Нарбеков жарлык күчүнө кирери менен жоболорду иретке келтире турганын айтып, аппарат 30% кыскара турганын билдирди.

“Негизги максат бийликтин тепкичтерин иретке келтирүү болуп жатат. Жарлык күчүнө кирери менен биз президенттик администрациянын өкүлү болуп калабыз. Мисалы, буга чейин министрликтер облустагы өкүлдөрүн биз менен кеңешпей эле дайындап келген. Анан иштей келгенде түшүнбөстүктөр жаралат эле. Эми кызматка дайындаш үчүн президенттин облустагы өкүлүнүн сунуштамасы керек болот. Президенттин жарлыгы облустун деңгээлиндеги жетекчилерге укук берип, жоопкерчиликти күчөтүп жатат".

Жогорку билимдүү, 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адам президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү боло алат. Анын эки орун басары болот. Алар ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу менен Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.

Бийликтин укуругун узарта турган мыйзам долбоору

Азыркы тапта президенттин жана Министрлер кабинетинин укуругун узарта турган мыйзам долбоору да коомдук талкуудан өтүп, Жогорку Кеңештин кароосуна келип түштү. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” деп аталган документ 22-июлда Жогорку Кеңештин биринчи окуусунда каралат. Анын автору катары президент көрсөтүлгөн. Анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин дайындоо тартиби каралган. Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, Министрлер кабинетинин төрагасы Бишкек жана Ош шаарынын мэрин, акимдер айыл өкмөт менен башка калаа башчыларын дайындап калат. Ага жергиликтүү кеңештин макулдугу керек.

Долбоордун 29-беренесинде мындай деп жазылган:

“Жергиликтүү кеңештин макулдугун алуу үчүн бир талапкер киргизилет. Жергиликтүү кеңеш 5 жумушчу күндүн ичинде сунушталган талапкерди кароого тийиш, анын жыйынтыгы боюнча киргизилген талапкердин бирине макулдук берет же аны четке кагат. Эгерде көрсөтүлгөн мезгилде талапкер каралбаган учурда, макулдук берилди деп эсептелет. Эгерде көрсөтүлгөн мезгилде мэрдин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүүдөн баш тартылган учурда, анда аким, Министрлер кабинетинин төрагасы мэрди өз алдынча дайындайт”.

Кыргызстанда республикалык, облустук жана райондук деңгээлдеги шаарлар бар. Президенттин сайтына жайгаштырылган мыйзам долбоорунда Ош жана Бишкек шаарлары боюнча гана сөз болот. Калган ири калаалардын (Жалал-Абад, Нарын, Токмок сыяктуу) мэрлерин дайындоо жолу так көрсөтүлгөн эмес.

Президенттин расмий сайтына илинген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзам долбоорунан скрин.

Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин мүчөсү Кенжебек Бокоев президенттин мыйзам долбоору комитеттин кароосунан өтпөй эле биринчи окууга киргизилгенин айтты. Бокоев “айыл өкмөт менен мэрлерди эл шайлаш керек” деген пикирди карманып келет. Анын мыйзам долбоору беш жылдан бери парламенттин биринчи окуусунан ары жылбай турат.

Депутат президент сунуштаган мыйзам долбоорун жергиликтүү өз алдында башкаруу органдарын 30 жыл артка тарта турган документ катары сыпаттайт. Анын себебин мындай деп түшүндүрдү:

“Жакында эле 8 миңге жакын жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайладык. Алар “айыл өкмөт башчылары менен шаар мэрлерин биз шайлайбыз” деп келди да. Эми мыйзамды өзгөртө калып, “жок силер эмес, аким шайлайт” деген атабыз. Анда эмнеге шайлоо өткөрдүк? Экинчиден, жергиликтүү өз алдынча башкаруу эмес, жергиликтүү башкаруу системасын орноткону жатабыз. Үчүнчүдөн, элден айылдын, шаардын жетекчисин түз шайлоо, же түз шайлаган депутаттары аркылуу шайлоо укугун алганы турабыз. Мисалы, ротация жолу менен башка жактан келген аким район менен таанышпай жатып, 10-15 айылдын башчысын тандашы керек. Өзүнүн айылынан шайланган 21 депутат айыл өкмөт башчысын талашып-тартышып тандап жатса, эми бир киши баарын дайындап калабы? Айылдын эли өзүнүн тың баласын башчы кыла албай калабы?”.

Кыргызстандын эгемен тарыхында айыл өкмөттү аким же облус жетекчиси дайындаган учур болгон эмес. Жергиликтүү тургундар, же болбосо жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлап келген. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча эксперт Бакыт Рыспаев бийликтин укуругу район жетекчилигине келгенде токтош керек деген ойдо.

“Азыр айыл өкмөт башчылары менен мэрлердин канат-куйругун кыркып жатышат. Анын кесепети дароо билинбейт. Бирок бир-эки жылда жергиликтүу бийликтин өкүлдөрү элди карабай эле, жогорку жактан жалтактай баштайт. Анткени акимден көз каранды да. Биздин бийлик "айыл өкмөттү биз дайындасак, алар бизди кыңк этпей укса" деген түшүнүктөн кете албай жатабыз. Андан көрө шайлоо укугун элдин өзүнө берип, иштегенге шарт түзүш керек. Азыркы мыйзам ишке ашса, анда айыл өкмөт башчылары акимдерди, мэрлер болсо Министрлер кабинетинин төрагасын карап калышат. Аларда "мени эл шайлайт, депутаттар шайлайт" деген түшүнүк жок болот".

Президент автор болгон мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үч окуудан карап, добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат. Кыргызстанда жети облус, 44 район, 32 шаар жана 453 айыл өкмөт бар

Толук маалымат шилтемеде