Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Жайнак     [13 Марта 2017]

Мелис байке, тораганын орун басары мыйзамда каралбаган же жалпак тил менен айтканда дагы кандай жумуштарды жасай алат. Эмнеге милдеттуу жана жоптуу. мисал келтире аласбы? Кобуроок.

Ответ:

Жайнак мырза саламатсынарбы! Сиздин суронуузга жоопту КР "Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо" мыйзамынан тапсак болот. Ушул мыйзамдын 38-беренесинде "Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарлары" кийинки милдеттемелер бекитилген: 1. Шаардык кеңештин төрагасынын 2 орун басары болот. Айылдык кеңештин төрагасынын 1 орун басары болот. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары депутаттардын ичинен сессияда айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары сессияда депутаттардын ичинен көпчүлүк жана азчылык коалициядан бирден, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен шайланат. 2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт. 3. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн. 4. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарын кошпогондо, коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.

Талантбек     [11 Марта 2017]

Биздин АО менчик базар бар. бирок комерсантар жолго чыгып кеткен. Ошол жерди аукцион аркылуу берген мыйзамдуубу? Жаны алган адам налог толойбу ? Базардын сыртындагы жолду ижарага алгандан кийин, окмот жооп береби, айыл окмоттон башка жака акча толонобу?

Ответ:

Урматтуу Талантбек мырза! Сиздин эки сурооңузду окуп чыгып бириктирип, анан бир эле жооп берүүнү ылайык көрдүк. Сиз айткан базар муниципалдык менчиктеги обьект болгондуктан, ал объекти убактылуу ижарада болушу мүмкүн. Ал эми базар менен жолдун ортосундагы жер аянтын мыйзамга ылайык аукцион же конкурс аркылуу ижарага жергиликтуу бийлик бере алат. Алгач ал жерди муниципалдык менчик катары мамлекеттик каттоодон өткөрүп алуу керек, андан соң айылдык кеңеш тарабынан жерди колдонуу эрежесин бекитүү зарыл. Айыл кеңештин токтомунун негизинде айыл өкмөттүн жер комиссиясы аукцион же конкурс менен ижарага берүунү уюштуруп өткөрөт. Ал жерден жергиликтүү бюджетке айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы жана ижара акысы түшөт. Эгерде ал жерге кандайдыр бир курулуштар курулса, андан мүлк салыгы да түшөт. Мындан тышкары ишкерлерден ыктыярдуу жана милдеттүү патентке төлөнгөн акча каражаты да тушүүсү мүмкүн. Жер аянтын ижарага алган жарандар жерди максаттуу колдонуусу керек.

Назира Акталаа     [10 Марта 2017]

Саламатсызбы? Биз жайыт маселеси боюнча Ак-Талаа токой чарбасы менен келишпестиктер болуп келе жатат . Себеби биз мал жайгандыгыбыз учун озубуздун айыл аймакка тиешелуу ички жайлоого токой чарбасына аренда акы толоп келебиз.

Ответ:

Назира айым саламатсынарбы. Биринчиден малынарды кимдин жерине жайып жатканынарды тактагыла. Же токой чарбанын жеринеби, же АО жайыт жерлериби. Эгер токой чарбанын жеринде болсонор, токой чарбага ижара толойсунор. АО жеринде болсонор АО жайыт комитетинен жайыт билетин алып малынарды жаясынар.

Назира Акталаа     [10 Марта 2017]

Акталаа токой чарбасы жергиликтуу бюджетке Кокжар айыл аймагынын жеринен аренда алгандыгы учун кандайдыр бир денгээлде салык толошу керекпи? Же биз озубуздун жайыт учун аренда акы толоп журо беребизби?

Ответ:

Назира айым саламатсынарбы. Сиздин суроонузда тушунбостук бар окшойт. 1) Токой чарбасы АО жерин ижарага албайт, тескеринче тургундар токой чарбанын жерин ижарага алышы мумкун. Токой чарбанын жерлери - токойлор салыктан бошотулган. 2) Биз деген КИМ? Жеке адамдарбы же АОбу? Жайытты колдону учун АО эч кимге ижара толобойт, тескеринче жайыт колдонучулардан толомдорду чогултан дагы, жайыттардын абалын жакшыртат.

Азамат     [10 Марта 2017]

Рита эже, АВПнын балансынан каналды кайра айыл окмотуно откорсок болобу? Жайыт комитетине скотовоз машина сатып алуу реалдуу болобу?

Ответ:

Азамат мырза саламатсынарбы. Менин атымды суроого жазбай эле койгула, анткени жоопторду кобунчо Самыйбек байке менен Мелис байке даярдайт. Биринчи суроого жоп: АВПнин балансынан АОко откоргондун кажети эмнеде. Эгер каражат жетпей жатса АО бюджеттен каржылаганга толук мумкунчулугу бар. Экинчи суроого жоп: Жайыт комитетинин ошондой каражаты барбы, негизи жайыт комитетинин эн негизги максаты, жайыттардын абалын козомолдо жана жакшыртуу. Кобунчо АО жолдорду ондошот, копоро салышат жайытка кеткен. Эми каражаттарын жайыттын абалын жакшыртууга жиберсе сонун болот. Айабай машине керек болсо сатып алса болот, бирок мыйзам чегинде, тендер аркылу, АО балансына койдуруп. Кийин колдонгондо чыр чатак чыкпаш керек. АО ал машинени ондогонго каражат карап турушу керек.

Манас     [9 Марта 2017]

Саламатсызбы? Мен Чаткал районунда жашайм, биз майда жандык учун канча сом налог толошубуз керек? Кара мал учун канча сом ? Рахмат.

Ответ:

Манас мырза саламатсынарбы. Салык кодексинде малга болгон салык жок. Жайыт жерлерине кана жер салыгы каралган. Айылынарда Жайыт комитети бар болсо, ошолор жайытты колдону боюнча толомду коюшат, мал башына. Басын Жайыт комитети белгилей, Айылдык кенеш аны бекитип берет. Ошол толомдордун бир болугу салыка кетет, экинчиси жайыттын абалын ондого жана жол салууга кетиши мумкун.

Адис     [9 Марта 2017]

Саламатсызбы Рита Эже. Менин бир тууган агам айыл окмотуно конкурс болуп жер адиси болуп ишке жайгашса. Мен айыл окмотунун башчысы болуп андан кийин шайлансам, экообуз иш алып барганы тоскоолдук болобу? Дагы бир суроом менин иш стажым жок бирок айылдык кенештин депутаты болуп, эл тарабынан шайланып, аз убакыт ичинде айыл окмотунун башчысына озумду талапкер катары корсото аламбы? ЧООН Рахмат

Ответ:

Адис мырза саламатсынарбы. Айыл окмоттун башчысы болом десенер мыйзамдарды окушунар керек жана Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундогу мыйзамды жатка билишинер керек. Биринчи суронорго жооп: КР Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамынын 22 беренесинин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөр" 8 пунткунда:8) аны менен жакын туугандык мамилелерде турган адамдардын түздөн-түз кол алдында же көзөмөлүндө болгон кызматтарда туруусуна. Биринчи суроонузга ЖОК болбойт деген жооп. Экинчи суронузду билип алуу учун сиз КР Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундогу мыйзамдын 48 беренесин карап, сизге тура келеби талдагыла. Сиз суронузда аз убакыт ичинде, деп жазыпсынар, аз убакыт канча экенин билбесек, сизге так жооп бере албайбыз. Мыйзамдын 48 беренесинен карап алгыла. Мыйзам ушул сайтта илинип турат.

Азамат     [9 Марта 2017]

Рита эже саламатсызбы! РЭС трансформаторлору менен столбалары турган жерге АО бюджетине кандай налог толойт.

Ответ:

Азамат мырза саламатсынарбы! Сиздер ушул разделдин аяк жеринде 30 баракта жооптор бар, карасанар бир тооп суролор кайталанып жатат. "Салык кодесинин 339-беренеси "Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын ставкалары" бул сурооно жооп берет. 1 пунктунда сиздин региондо канча калк жасайт, аныктап туруп жер салыгынын ставкасын билсениз болот. Анан 6 пунктун 19 п.п. "байланыштын жана электр берүүлөрдүн аба линиялары" - 0,01 коэфициент коюлган. КР жер салыгынын ставкалары эн томон, а 0,01 деген коэфициент ал толомду таптаакыр кичинекей кылып салган. Ошондуктан АО ага чуркашпайтда, конул дагы бурушпайт. Салык кодексти ушул биздин сайттын "Законодательство" деген разделинде колдонсонор болот. Рахмат".

Болот     [6 Марта 2017]

Саламатсыздарбы. Биздин айылда 4га орук бак болгон, анын эскилигине жеткендигине байланыштуу былтыр окмотубуз аны трансформатциядан чыгарып участкага бергени турат. Эми ошол жердеги оруктун ар бир тубуну окмот сатамын дейт, ошол туурабы, же ар бир болунгон участокто канча туп орук болсо, ошол адамдын менчигине отобу? Рахмат.

Ответ:

Болот мырза саламатсынарбы. Сиздин суроонуз коп тушунбостуктор болгондуктан, так жооп бере алалбайбыз. 1. Бул жер кимдин ээлигинде? 2. КР Окмотунун трансформация боюнча токтому чыкты беле? 3. Айыл окмот айыл кенеш менен бирдикте жер алуучулардын тизмесин тактады беле? Ал тизме каралып жергиликтуу кенештин сессиясында бекилди беле? Ушул суроого жоопту тактап берсениз, биздин жооп тагыраак болот.

Касымакун     [6 Марта 2017]

Рита эже! Саламатсызбы? 8- март майрамыныз кут болсун! Ишинизге ийгилик каалаймын. Биздин айыл башчы бир катар жылдан бери жакшы иштеп келуудо. Бирок откон айыл окмотун шайлоодо ал адамдын аталаш бир тууганы копчулук добуш менен айыл окмотунун башчылык кызматына шайланды. Кээ бир коро албас адамдар, бир аз адамдарды тетири жакка буруп, туугандар айыл башчы болуп иштоого болбойт деп жатышат. Ушул туурабы?

Ответ:

Урматтуу Касымакун мырза! Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодексинде “ жакын туугандар - ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандар, чоң ата, чоң эне, таята, таяне, неберелери” кирет деп айтылат. Ал эми КР 2016-жылдын 30-майындагы №75 “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинде мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөр жөнүндө айтылган, ал берененин 8-пунктунда “ аны менен жакын туугандык мамилелерде турган адамдардын түздөн-түз кол алдында же көзөмөлүндө болгон кызматтарда туруусуна чектөө коюлары жазылган. Демек, аталаш туугандар жакын туугандарга кирбейт. Мыйзамдардын ирархиясынада кодекстер мыйзамдан жогору тургандыктан, аталаш тууган болгон сиздердин айыл окмөт башчысы менен айыл башчысы ишмердүүлүгүн улантыша беришет. Сиздин сөзүңүзгө караганда айыл башчыны мурунку айыл өкмөт башчы ишке кабыл алган тура.