Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Эмирхан     [6 Марта 2017]

Рита эже! Мен тааныш адамдан 1,5 га жер сатып алгам, Наториус аркылуу канчага сатылгандыгы тууралуу бектилген. Бирок, ал адам пенсияга чыгып алайын, соц фонддуну да, мамлекеттик налогду да озум толойм деп, токтотуп турат. Сатып алган жер кандай жана кайсы учурда менин менчигим болот?\\\\\\\\n Сизди урматтап, Эмирхан, Тон районунан.

Ответ:

Урматтуу Эмирхан мырза! Жер аянтына нотариус аркылуу каттоо жүргүзүлгөн учурдан баштап ал сиздин жеке менчигиңизге өтөт, демек ал жерге болгон бардык укуктарга ээ болосуз. Жер аянтынын ээси катары жыл сайын өз маалында жер салыгын жана социалдык фондунун камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөгө милдеттүү болдуңуз. Жер аянтынын мурунку ээси саткандан кийин ал жерге болгон бардык укуктарынан ажырайт. Жердин мурунку ээси саткан жерин сизден ижарага алуу жөнүндө келишим түзүп, андан кийин гана жер салыгын жана соцфондунун камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөсө болот.

Бекболот     [6 Марта 2017]

Саламатсынарбы. Ишинерге ийгилик. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча сурайын деген элем. Келишимди тикелей тузуу усулу аркылуу жургузулуучу сатып алуу прецесинде конкурстук комиссия тузулобу же комиссия тузбой эле откорсо болобу?

Ответ:

Урматтуу Бекболот мырза! Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү “ мыйзамына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бардык сатып алуулар боюнча конкурстук комиссияны түзүүгө милдеттүү. Бирок сатып алуучу уюм( айыл өкмөтү) бааларга мониторинг жүргүзгөндөн кийин конкурс өткөрбөстөн келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу сатып алууга бара алат. Сатуучу-берүүчү жогорудагы мыйзамдын 27-беренесинде каралган квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Ушул мыйзамдагы бардык талаптарды комиссияга аткарат.

Абдыгапар Лейлек айыл кеңешинин депутаты     [6 Марта 2017]

Биз Лейлек айыл кеңешинин жаңы депутаттары быйыл өткөн АРИСтин ПСИ-3 долбоору боюнча окууларына толук санда катышканбыз, анда бизге депутаттардын катышуусу конкурста маанилүү болот деп аныктама беришкен. Жакында АРИС конкурсту өткөрүп, жеңүүчүлөрдү тандаптыр,биздин укканыбызга караганда Лейлектен Катран айыл өкмөтү жеңүүчү болуптур деп уктук. Биз катышкан окууларга Катрандан бир эле депутат катышкан болуучу, үч депутаты катышкан эмес.Анан кантип алар жеңүүчү болуп калды? Башка биз билбеген дагы критерийлер барбы? АРИС конкурсту калыс өткөрдүбү? Жана башка дагы себептер барбы? Былтыркы конкурста акимдин айылы утса , быйыл өзүңөр билесиңер кимдин айылы...... утканын деп элде ар кандай сөздөр жүрүп жатат, чын эле ушундайбы? Ушул суроого АРИСтен жооп алып бере аласыңарбы?

Ответ:

Урматтуу Абдвгапар мырза. Сиздин суроонузду АРИСке узатып койдук, эми жообун кутолук. Балким сиздин суронуздан улам, тандоо системасына озгортуу киргизип, жакшыртууга барышат.

Талантбек     [4 Марта 2017]

Саламатсынарбы. Бир ай 700 Квт лимит берилген, ушул нерсени эсептегичтер кунуно 23Квт лимит деп эсептеп койуп жатат. Эсеп кагазы 20 кун же 25 келет кунуно 23 Квт эсептелгени мыйзамдуубу же 30 кунго эсептелингени - кайсыл мыйзамду?

Ответ:

Таланбек мырза саламатсынарбы. Сиздин суроонузга туура жооп беруу учун Бишкектеги РЭСтин эсеп болумуно чалып тактасак, 700 Квт бир айга деп бекилген сон, жанагы сиз жазган 23 Квт чыгып калат экен. Ошондо 30 кун колдоносунар жалпы 700 Квт тузот.

Замирбек     [2 Марта 2017]

Саламатсынарбы. Ишинерге ийгилик. Айылдык кенештин депутарына кандай женилдиктер каралган? Мисалы: автобус же жер дегендей, аренда алса арзандатуу болобу, негизи бардык женилдиктер толугурак жасып берсенер. Чон чон рахмат, алдын ала.

Ответ:

Замирбек мырза саламатсынарбы. Сиздин суроонузга орусча жооп жазып коелук, анткени мыйзам орус тилинде кана бар экен. КР Жергиликтуу кенештин депутаттары жонундо мыйзамдын 25 берене "Охрана трудовых и иных прав депутата" - Депутат местного кенеша не может быть по инициативе администрации предприятия, учреждения, организации, независимо от форм собственности, уволен с работы (кроме случаев полной ликвидации предприятия, учреждения, организации), а также переведен в порядке дисциплинарного взыскания на нижеоплачиваемую работу (должность) без предварительного согласования с соответствующим местным кенешем, а в период между сессиями местного кенеша - с председателем местного кенеша и заключений мандатной комиссии, комиссии по вопросам депутатской деятельности и этики. Соответствующий местный кенеш обеспечивает трудоустройство депутата, который был избран на выборную должность в местном кенеше, после истечения его полномочий. Время работы депутата в местном кенеше засчитывается в стаж муниципальной службы, а также в стаж работы (службы) по той специальности, по которой он работал до избрания депутатом в местный кенеш. За депутатом сохраняются все права и льготы, которыми пользуются работники соответствующего предприятия, учреждения, организации.

Azamat     [2 Марта 2017]

Суу пайдаланучулар ассоциациясы жергиликтуу бюджеттен акча ала алабы? Арык казууга, айыл окмоттун балансында турган тракторду ондоогонго?

Ответ:

Азамат мырза саламатсынарбы. СПА, ИСКАКБ бул жергиликтуу оз алдынча башкаруунун коомдук бирикмелери болуп эсептелинет. Алардын статусу Коомдук бирикме болгондуктан, бюджеттен каражат болуп берсе, кийин АОко текшеручулордон суроо жаралат, эмнеге коомдук бирикмелерди каржылагансынар, деп. Бирок бул коомдук бирикмелер муниципалдык кызматты аткарып жатканына байланышту, балким кандай бир оорчунду ишке каражат жетпей жатса, жергиликтуу кенеш бюджетке ошол каражатты болгонго мумкунчулугу бар. АО каражатты болдуруп, бирок кийин ал каражатты иштеткени СПА же ИСКАКБ подрядчик катары тартса болот. Трактор АО балансында болгондуктан - айыл бюджетинен ондотсо болот.

Асан     [2 Марта 2017]

Саламатсызбы Рита эже. Жаны шайланган айылдык кенештин депутаты бир айдын ичинде озунун Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерлике кое алабы? (жогорку билими бар, бирок муниципалдык кызматта стажы жок, фирмаларда иштеп келет) алдын ала Чоон Рахмат!

Ответ:

Асан мырза саламатсынарбы. Сиз берген суроого КР Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо мыйзамынын 48-беренеси "Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар" жооп берет: "Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат". Ошондо сиз жазган талапкер фирмада жетекчилик кызматта 3 жыл тажрыйбасы болсо, ал айыл окмот башчылыгына койгонго толук мумкунчулугу бар.

Назира Акталаа     [1 Марта 2017]

Кыргыз Республикасындагы жалпы эле уйунон тейлоочу социалдык кызматкерлер муниципалдык да, мамлекеттик да, же МОП кызматкерине кошулушпайт. Сурайын дегеним, уйунон тейлоочу соц.кызматкер айылдык кенештин депутаты болсо эмгек стажыга кошулабы?

Ответ:

Назира айым саламатсынарбы. Эгер уйунон тейлоочу соц.кызматкер айылдык кенештин депутаты болсо ага КР "Жергиликтуу кенештин депутатынын статусу жонундо" мыйзамы жайылат. Кыргызча тексти жок болгондуктан мыйзамдын узундусун орус тилинде илип коеюн. Статья 25. "Охрана трудовых и иных прав депутата" - ..... Время работы депутата в местном кенеше засчитывается в стаж муниципальной службы, а также в стаж работы (службы) по той специальности, по которой он работал до избрания депутатом в местный кенеш. За депутатом сохраняются все права и льготы, которыми пользуются работники соответствующего предприятия, учреждения, организации".

Назира Акталаа     [1 Марта 2017]

Саламатсызбы! Сиздердин сайтка бугун биринчи жолу кирдим Коптогон суроолорго жооп алдым. Алдын ала сиздерге чон рахмат!!!

Ответ:

Назира айым саламатсынарбы. Сизге чон рахмат, башка кесиптештеринерге дагы биздин сайт жонундо маалыматты жайылтып койунузду суранабыз. Жалпы жергиликтуу оз алдынча органдардын кызматкерлери колдонуп, керегине жаратып алса, биздин иш боодо жерде калбайт, деп сыймыктанабыз.

Талант     [1 Марта 2017]

Саламатсынарбы, менин суроом томондогучо. Жаны шайланган айылдык кенештин бир эле депутатын кимдер бошото алат жана кайсыл берене менен толук жасып берсенер. Чоон рахмат.

Ответ:

Талант мырза саламатсынарбы! КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 24-беренесинде "Депутаттык мандат" сиздин суроонузга кийинкидей жооп табасыз: "2. Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн: 1) туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде; 2) депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда; 2-1) өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде; 3) ушул Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо; 4) депутаттык мандатты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда); 5) депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда; 6) депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде; 7) катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катышпаганда; 8) депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде; 9) кеңеш таркатылганда".