Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Максат     [20 Февраля 2017]

Айылдык кенеш айыл окмотунун жумушчуларын алганга укуктуубу, кандай негиз бар.

Ответ:

Саламатсынарбы Максат мырза. Сиз жумушчуларды жумушка алган жонундо, же жумуштан чектетуу жонундо сурап жатасынарбы? Айылдык кенеш айыл башчыны кана жумушка дайындап, жумуштан чектете аласыздар, жалпы ишенбестик корсотунун аркылуу. Айыл окмоттун кызматкерлери конкурс аркылуу жумушка киришет, жана эмгек кодексти бузунун аркылуу жумуштан чектетилет. Кызматкерлердин жоопкерчилигин КР "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамынын 33 беренесинен окуп алсанар болот.

Гульнара     [20 Февраля 2017]

Айыл октотунун башкы бухгалтерин иштен четтетуго коюлуучу негиздер боюнча маалымат берсенер.

Ответ:

Гульнара айым саламатсынарбы. КР "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 33-беренесинде "Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын жоопкерчилиги" 1. Кызматчы мыйзамдарга ылайык тартиптик, административдик, материалдык жана жазык жоопкерчилигин тартат. 2. Тартиптик жоопкерчиликтин дегенде күнөөлүү, укукка каршы жүрүм-туруму, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы (тартипсиз жосундарды жасаганы) үчүн кызматчыга тартиптик таасир этүүнүн чараларын (жаза) колдонуу түшүнүлөт. 3. Кызматчыга тартиптик жаза мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан тартиптик жосунду жасоо фактысы белгиленген же ырасталган учурларда гана берилиши мүмкүн. 4. Тартипсиз жосунду жасоо фактысын белгилөө же ырастоо үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан өздүк демилге боюнча, этика боюнча комиссиянын сунуштамасы боюнча же кызматчынын өзүнүн демилгеси боюнча дайындалуучу кызматтык териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн. 5. Кызматчы тарабынан кызматтык (тартиптик) жосундар жасалганы жөнүндө жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларынын негизинде, жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтар жарыяланган учурларда кызматтык териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн. 6. Кызматтык териштирүү кызматчы иштеген орган тарабынан этика боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт. 7. Кызматтык териштирүү төмөнкү учурларда токтотулат же болбосо жүргүзүлбөйт: 1) фактылар чындыкка дал келген учурда - кызматчы жасалган жосунда өз күнөөсүн чын дилден моюнуна алганда; 2) тартиптик жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү бүткөндө; 3) эгерде жасалган жосунда жазык кылмышынын же административдик жосундун курамынын белгилери аныкталганда, материалдарды тиешелүү мамлекеттик органга берүү менен.

Чаек айыл окмоту     [20 Февраля 2017]

Чаек айыл окмотунун МОП кызматкери 1 эле жумушчу Архивариус жана иш кагаздарды жургузот ошондуктан 2 МОП.

Ответ:

МОП кызматкерлеринин саны дагы типтуу штатта бекитилген. Ошондон ашык алганга болбойт. Архивариустун жумушун жоопту катчы алып барганга милдеттуу. Иш кагаздарды - делопроизводитель алып барат. Ал иш орундар баары типтуу штатта бекитилген. Карап, окуп, ошол документтин негизинде иштегиле.

Бакыт     [20 Февраля 2017]

Депутат айыл окмоттун адистерине отчёт же сурамжылоого кылганга болобу, мисалы салык жыйнаган адисине? Рахмат.

Ответ:

Жергиликтуу кенештин депутаттары отчетту айыл окмоттун башчысынан кана алат. Бир жылда 2 жолу. Айыл окмоттун адистери оз башчысына баш ийет жана ошого отчетун беришет, эмгек кодекстин негизинде. Калган учурларда адистерден маалымат алсанар болот. Депутаттардын компетенциясы КР "Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо" Мыйзамынын 31 беренеден баштап жазылган. Ошону бир сыйра окуп, билип алгыла.

Чаек айыл окмоту     [18 Февраля 2017]

Чаек айыл окмотунун юристин Чаек айылдык кенешинин сессияларынын протоколдорун жана токтомдорун жазууга милдеттендире алабызбы? Айыл окмотунун башчысынын справкаларга кол койюусун орун басарына дайым справкаларга кол койюусун буйругу менен беките алабы? Же справка берууну уюштурууда башкача жаны ыкмаларды сунуштай аласызбы? Анткени коп учурларда окмот башчы иш сапарларда болуп калып атам.

Ответ:

Айылдык кенешинин протоколдорун жооптуу катчы жургузот. А юрист чыккан токтомдордун юридикалык жактан туура экендигин далилдеп ондоп берууго милдеттуу. Айыл окмоттун орун басарынын функционалдык милдеттемелерин карап чыккыла, эгер ушул милдет жок болсо анда буйрук менен бекитип койсонор болот. Айыл окмот башчысы жок болгондо, деп кошумча жазып койгула.

Чаек айыл окмоту     [17 Февраля 2017]

Саны 10 минден 15 минге чейинки калкы бар айыл окмотунуку дотациядан чыккан айыл окмоту штаттык санына кошумча киргизе алабы? Киргизе алса кандай тартипте киргизилет?

Ответ:

Ошол санынарга карап штаттык структуранар аныкталган. Дотациядан чыктык, деп эле штатты кобойто берууго шашпагыла, ошол каражатты андан коро онуугуго же инфраструктураны ондого жибергиле. Жок, бизге бир штат алганга чон муктаждык бар, деп аныктасанар, анда контракт менен эмне ишти жасаганга алып жатканынарды туура аныктап алсанар болот, кандай бир моонотко.

Чаек айыл окмоту     [17 Февраля 2017]

Чаек айыл окмотунун ЖКХсын Чаек айыл окмотунун астында тузулгон Чаек Водоканал муниципалдык ишканасына бириктируу талап койюлуп атат, ошондуктан сиздерден кандай жолдор менен бириктирип алсак болот деген суроо?

Ответ:

КР "Мулкко муниципалдык менчикти башкаруу жонундо" КР Мыйзамынын 19 беренесинин негизинде айыл окмоту муниципалдык ишканаларды тузот жана жоет. Ошого ылайык сиздер эки ишкананы бириктире аласынар. Эки ишкана бириксе бул реорганизация болуп эсептилинет. Бириккен ишканага уставты жанылантуу керек. Жана мамлекеттик органдардан каттодон откорушунор керек.

Чаек айыл окмоту     [17 Февраля 2017]

Дотациядан чыккан айыл окмоту штаттык санына кошумча киргизе алабы? Киргизе алса, кандай тартипте киргизилет? Айыл окмотунун башчысы, орун басарына озунун функцияларынан буйрук менен делегировать эте алабы? Мисалы дайыма справка №50 жана башка справкаларды?

Ответ:

Айыл окмотунун штаты айыл калкынын санына жараша КР окмотунун токтомуна ылайык тузулот. Штаттан тышкаркы кызматкерлер эмне зарылдыктан кабыл алуу пайда болду? Максаты эмнеде? Кайсы ишти аткарууга жетишпей жатасынар? Кээ бир учурларда айыл окмотко контрактын негизинде кызматкер алынат, бирок ал кызматкерге муниципалдык кызматкер статусуна ээ боло албайт. Айыл окмот башчы, айыл окмот аппаратындагы кызматкерлерине функционалдык иш милдеттерин так жана дана аныктап берип болуштурот. Бул буйрук аркылуу бекилет. Мында, сиз жазган справка беруу милдеттери жоопту катчы аткаруусу ылайыктуу болот.

Екатерина     [17 Февраля 2017]

На территории айыл окмоту находится земля ранее при колхозе многолетние насаждения - сад, оно было выкорчевано, но акта о выкорчевке не имеется. В настоящее время эта земля прошла системную регистрацию как частная собственность и относится к категории - многолетние насаждения, как можно ее перетрансформировать как земли сельхозназначения. Или же на передачу в ГФСУ.

Ответ:

Екатерина здравствуйте. В Вашем вопросе есть неточности и наш ответ может быть не правильно истолкован. 1) Вы пишите что земля имеет статус частной собственности, тогда зачем ее переводить в категорию земель ГФСУ (это государственные земли)? 2) Если предположить что земля на самом деле частная и является чьей то долей, то проблем перевода земель из категории многолетние насаждения в категорию орошаемой пашни - нет проблем, так как перевод земли в более ценную категорию облегчено. Вам надо написать заявление в Айыл окмоту и он вносит этот вопрос на сессию местного кенеша. 3) Вы задаете вопрос: как можно ее перетрансформировать как земли сельхозназначения - так земли категории многолетние насаждения и так являются землями сельхозназначения, ничего не надо перетрансформировать. 4) Но все таки у нас есть сомнения что это земля частная, скорее всего это земли ГФСУ - уточните это у землеустроителя Вашего айыл окмоту. Так как земли ГФСУ - государственные, то данный вопрос будет решать районный департамент аграрного развития и с заявления Айыл окмоту может перевести их в категорию орошаемой пашни.

Эльвира     [17 Февраля 2017]

Здравствуйте! Было время когда муниципальный работник, был и депутатом местного кенеша. Вот этот период записывается в трудовую книжку как муниципальный стаж.

Ответ:

Эльвира здравствуйте. Такая норма действовала до 2005 года, и муниципальным стажем будет считаться только то время, когда сотрудник был муниципальным служащим. Норма которая гласит что депутатский стаж засчитывается за муниципальный стаж появилась гораздо позже и Закон обратной силы не имеет.