Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


АНВАР     [9 Января 2017]

Входит в стаж работы или нет работа депутатом городского кенеша

Ответ:

Уважаемый Анвар, здравствуйте. Статья 25. "Охрана трудовых и иных прав депутата" Закона КР "О статусе депутатов местных кенешей" гласит: "..... Время работы депутата в местном кенеше засчитывается в стаж муниципальной службы, а также в стаж работы (службы) по той специальности, по которой он работал до избрания депутатом в местный кенеш. За депутатом сохраняются все права и льготы, которыми пользуются работники соответствующего предприятия, учреждения, организации".

Рустам     [7 Января 2017]

Биз азыркы учурда айылдын ички кочоолоруно тунку жарыктарды орнотуп жатабыз. Аларды орнотуу учун дагы АПУ жана ИТУ айыл окмоттун жергиликтуу бюджетинен каржыланды. Эми ар бир ай сайын ар бир орнотулган тунку жарыктарга чектелген олчомдогу акча каражатын толоп турушубуз керек экен. Анан менин маалыматым боюнча РЭС ар бир столбаларга налог толош керек экендигин уктум эле. Эми ошол маалымат туура болсо анда аны аныктап туруп, РЭС менен келишим тузуп жергиликтуу бюджетке чыгым келтирбештин аракетин издеп жатам.

Ответ:

Рустам саламатсынарбы. Эми сиздин суронуз тушунукту болду. Эгер силер тунку жарыктарды борбордук кочоолорго орнотуп жатсанар, ар мамлекеттик жолдор деп эсептелинет. Эгер, айылдын ички кочоолоруно орнотуп жатсанар, ал муниципалдык жерлер деп, эсептелинет. Бирок Салык кодекстин 343 беренесинде: "байланыш жана электр берүүчү линиялардын жерлери" салык салуудан бошотулат, деп аныкталган. Ошондуктан, тунку жарыктандырууга колдонулган электр энергияга, айыл окмоту каражат толоп берууго абзел.

Рустам     [30 Декабря 2016]

Саламатсынарбы! Айылдын ичиндеги жана жайыт жерлериндеги жайгашкан электролинияларынын столбалар жонундогу мыйзамды тапканга жардам беруунуздорду суранам. Ыракмат.

Ответ:

Рустам саламатсынарбы. Бул суроо кандай маселени чечууго керек болуп жатканын жазып жибергилечи. Ошого карата жоопту даярдап, керектуу мыйзамдарга шилтеме табып берели.

Саадат     [29 Декабря 2016]

Как зарегистрироваться по проектам стимулирующего гранта айыл окмоту?

Ответ:

Саламатсызбы Саадат! Сиздин сурооңузга кыргыз тилинде жооп берели: Үлүштүк же дем берүүчү грант ( орусча-стимулирующий грант)- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы болгон айыл өкмөттөргө аймагындагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин үлүштүк катышуусу менен республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттары. Бул сөзсүз түрдө долбоордук –конкурстун негизде берилет. Үлүштүк( дем берүүчү) грант республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке бериле турган трансферт болуп эсептелет. Үлүштүк ( дем берүүчү) гранттардын акча каражаттары айыл өкмөттүн аймагындагы айыл калкынын жашоо –турмушун камсыз кылуучу муниципалдык ишканаларды, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият мекемелер, турак-жай коммуналдык, айыл, суу чарбасы жана башка керектүү обьекттерди күтүү жана жакшыртып өнүктүрүүгө жумшалат. Бул гранттык каражат муниципалдык менчик болуп мамлекеттик каттоодон өткөн обьекттерге гана берилет. Үлүштүк (дем берүүчү) грантты конкурста утуп алган айыл өкмөттөр долбоорду ишке ашыруунун толуктугу , натыйжалуулугу жана каражаттарды максаттуу пайдалангандыгы үчүн жооп беришет, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга долбоорду ишке ашыруу боюнча отчет беришет.

Калбатыр Шайдан АА, Джалал-Абад     [26 Декабря 2016]

Айыл окмотуно кен байлыктарга алынган лицензия учун тогулгон акы каражатына бюджетке кобойту жасоонун жол жоболору кандай?

Ответ:

Саламатсызбы Калбатыр мырза! Сиз өз сурооңузда жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөм жөнүндө айтып жатсаңыз керек. Бул төлөмдү мыйзам боюнча кимдер төлөшөт? Эгерде сиздердин айыл өкмөттүн аймагынан кандайдыр бир пайдалуу кен байлыктарды издөөгө жана же чалгындоого жана же иштетүүгө укук алган жеке же юридикалык тарап тарабынан төлөнөт. Лицензия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы өнөр жай,энергетика жана кен байлыктарды иштетүү мамлекеттик комитети тарабынан берилет. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдүн суммасын төлөө тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын “ Жер казынасы жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдөрдөн түшкөн суммалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине түшөт. Лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдөрдөн түшкөн акча каражаттары жергиликтүү бюджеттин салыктык эмес кирешелери болуп эсептелет.

Магомед Ивановка     [24 Декабря 2016]

Вы проводите обучение депутатов айыльных кенешей по работе в постоянных комиссиях (организация, логистика, документация, сопутствующие законы)?

Ответ:

Магомед здравствуйте. Мы можем провести такое обучение. Однодневный, интерактивный семинар для депутатов местных кенешей. Данная услуга будет выполнена согласна договора. (0772) (0554) (0707) 620484

Магомед     [24 Декабря 2016]

Здравствуйте. могут ли земли фпс предоставляться в аренду более 10лет?

Ответ:

Здравствуй Магомед! Местной властью, точнее Айыльным кенешем устанавливаются конкретные сроки аренды и размеры земельных участков ГФСУ (далее -государственный фонд сельскохозяйственных угодий- ранее ФПС) на территории айылного аймака, предоставляемых в аренду физическим и юридическим лицам, в пределах, установленных законодательством. Государственный фонд сельскохозяйственных угодий состоит из следующих категорий земель: поливные пашни, богара, многолетние насаждения и сады, являющиеся собственностью государства и переданные в управление органам местного самоуправления. Порядок предоставления гражданам на условиях аренды и получения выгоды осуществляется, согласно законодательству Кыргызской Республики, на основе заключаемых договоров и регистрации их в государственных органах. Органы местного самоуправления осуществляют управление землями ГФСУ в соответствии с Земельным кодексом и Типовым положением «Об условиях и порядке предоставления в аренду земель Фонда перераспределения сельскохозяйственных угодий», утвержденным постановлением Жогорку Кенеша КР от 29 июня 2007 года N 1997-III. Земли ГФСУ при обязательном условии эффективного использования земель и соблюдения всех агротехнических требований предоставляются: • в краткосрочную аренду на срок от 5 до 7 лет, • среднесрочную аренду - до 10 лет • долгосрочную аренду - до 50 лет.

Динара     [22 Декабря 2016]

В здании ФАПа есть помещение, которое пустует. Можно ли сдать его в аренду? Как рассчитать формулу, есть ли методика исчисления?

Ответ:

Динара саламатсынарбы. Айылдагы ФАПтын имараты муниципалдык менчиктеги обьект болуп эсептелет. Эгер имараттын кайсы бир бөлүгү бош турса, аны ижарага берсе болот. Ал үчүн жергиликтүү бийлик төмөнкүлөрдү аткарышы керек:1) ФАП имаратын муниципалдык менчик катары тааныган күбөлүк болуусу керек, 2) ФАП имаратынын бош бөлүгүн максаттуу колдонуу тууралуу аткаруу органы - айыл өкмөтүнүн сунушун эл өкүлдөрү- айылдык кеңеш карап чыгып, токтом кабыл алып бериши керек. Андан кийин айыл өкмөтү тарабынан ижарага (убактылуу пайдаланууга) берилет. 3) Айыл өкмөтү имаратты ижарага конкурс же аукцион жолу менен бере алат. “ Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө” КР мыйзамынын 15- беренеси.

Бекболот     [20 Декабря 2016]

ЖОБнунт 6 главасындагы 48 беренеде Айыл окмотунун башчысына коюлуучу талаптар. Кылмыш жасагандыгы учун мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар КРнын жараны айыл окмот башчысы болушу мумкун эмес деген мыйзам кучундобу? Жана Кенештин торагасынын билими каралабы?

Ответ:

Бекболот мырза саламатсынарбы. Ооба, сиз туура белгилегендей КР "ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ЖӨНҮНДӨ" мыйзамынын 48- беренесинде АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫСЫНА КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР гана КӨРГӨЗҮЛГӨН, ал эми АЙЫЛ КЕҢЕШТИН төрагалык кызмат ордуна андай талаптар (жашы, жынысы, билими, турмуштук тажрыйбасы, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы стажы ... ж.б.) каралган эмес. Кылмыш жасагандыгы учун мыйзамдарда белгиленген тартип али кучундо.

Мирспар     [20 Декабря 2016]

Саламатсыздарбы. Айылдык кнештин торагасы созсуз жогорку билимдуу болуш керекпи.

Ответ:

Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көргозуу жана шайлоо тартибин депутаттар оздору аныкташат. Бул тартипти жана башка жол-жоболук маселелер жергиликтуу кенештин регламентинде жазылат ("ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ЖӨНҮНДӨ" мыйзамдын 37-беренесинин 3-болугу). Айылдык кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлоонун тартиби КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агентигинин 2013-жылдын 23-августундагы №01-24/65 буйругу менен бекитилген; Айылдык кеңештин типтүү регламентинде, так жазылган. Айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо талапкердин билими тууралуу чектөө мыйзамда каралган эмес. Ченемдик -укуктук актыларга ылайык жергиликтүү кеңеш өзүнүн регламентине кошумча -алымча киргизе алат.