Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Бакберген     [12 Декабря 2016]

Саламатсызбы! Айыл окмотундо бош орундарга мамлекеттик кызмат болумунон тестен отуп келгиче убактылуу айыл окмотунун буйругу менен ишке алса болобу? Болсо кайсы мыйзамдын негизинде? Рахмат.

Ответ:

Бакберген саламатсынарбы. Айыл окмотундо бош орундарга мамлекеттик кадр кызматынын тестирлоосунон отуп келгиче, айыл окмоттун башчысынын буйругу менен убактылуу кызматка алса болот. Талапкерлер ошол ээлеген кызматынын талабына жооп бериши керек жана аны 3 айга гана алса болот. Айыл окмоту бош жумуш орду пайда болору менен ага конкурс жарыялап коюшу абзел.

Эльвира     [22 Ноября 2016]

Можно ли селу сделать свой гимн, герб или логотип, и флаг?

Ответ:

Можно. А вот нужно ли, это другой вопрос. Любые дела делаются по необходимости, надобности и актуальности. Если у Вас в селе это единственная необходимость, все остальное уже решено и сделано, то вперед.

Айбек     [20 Ноября 2016]

Саламатсызбы ! Жергиликтүү кеңешинин депутаты болгонда эмгек китепчесин (трудовая книжка) ачтырса болобу?

Ответ:

Айбек саламатсынарбы. Жергиликтуу кенештин депутаттары айлык акы алышпайт, ошондутан эмгек китепче ачуунун зарылчылыгы жок.

Эльвира Красная Речка     [16 Ноября 2016]

Освобождаются ли пенсионеры от земельного налога с земельной доли?

Ответ:

Эльвира здравствуйте. Согласно налогового законодательства пенсионеры освобождаются лишь от уплаты земельного налога с приусадебных участков.

Самат     [10 Ноября 2016]

Саламатсыздарбы, мамлекеттик кызматта турган кызматкер жергиликтуу кенешке депутат боло алабы? Мисалы, Райондук озгочо кырдаалдар болумунун башкы адиси. Эгер болбосо кайсыл мыйзамдын негизинде.

Ответ:

Саламатсызбы Самат! Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жергиликтуу кенештин депутаттыгына мыйзамдагы шарттарга туура келген жарандар оз талапкерлигин кое алат. Эгер шайлоочулар тарабынан тийиштуу добуш алып депутат болуп шайланып калган учурда, анын иштеген кызмат орду мамлекеттик же муниципалдык кызматка кирбесе, ал жергиликтуу кенештин депутаты боло алат. Мыйзамда кайсы кызмат орундары депутаттык менен айкалыштыра албастыгы так коргозулгон.

Бакыт     [8 Ноября 2016]

Жергилукту кенешке эки бир тууган тен койсо не болот? Азыр биздин айылда ушундай суроолор болуп жатат... МИН КУШ

Ответ:

Урматтуу Бакыт мырза! Кыргыз республикасынын « Жергиликтуу кенештин депутаттары жонундо» мыйзамында бир туугандар депутаттыгына талапкерлигин койгон учурда эч кандай чектоо каралган эмес. Демек, мыйзам жол берет. Алардын депутат болуусу- шайлоочулардын эркине, тандоосуна байланыштуу болот.

Бакберген Мусаев     [31 Октября 2016]

Саламатсызбы Рита эже Сизди урматто менен Ак-Булун айыл окмотунун жер адиси.\\nБизде учурда айыл четиндеги жайыт жерлерден контейнер коюп женил реконструкция менен иштетууго айыл тургундары кайрылууда. Биз ушул жайыт жерине кайсы мыйзамдын негизинде токтом чыгарып бералабыз жана аренда акысын кандай алсак болот. Конул бурганынызга рахмат!

Ответ:

Бакберген саламатсынарбы. "Жайыттар жөнүндө" КР мыйзамынын 2 беренесинде: "Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу - жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу, аларга аң уулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу, туризм жана жарандардын эс алуусу кирет, бирок ушуну менен эле чектелбейт" белгилейт. 3-1-берене. Жайыттарды пайдалануу 1. Жайыттарды пайдалануу жайыттарды башкаруу планына ылайык жүзөгө ашырылат. 2. Жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу жайыт белеттеринин негизинде жүзөгө ашырылат. 3. Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жайыттарды башка максаттарда пайдалануу тууралуу келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат. 7-берене. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы 2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына төмөнкүдөй компоненттер кирет: - жайыттардын чектери, пайдалануудан чыгарылган аянттар жана корголуучу аянттар, мал айдап өтмө жолдор, сугаруучу жайлар жана жайыт инфраструктурасынын маанилүү башка объекттери, жайыттардын абалы жана жайыттын бардык участокторунун сапаты белгиленген карталар; - оптималдуу жүк; - жайыт инфраструктурасынын объекттерин өнүктүрүү жана реконструкциялоо боюнча пландар; - жайыттарды башкаруу, пайдалануу, аларды жакшыртуу жана 5 жылдык мөөнөткө чейин реабилитациялоо боюнча орто мөөнөттүү план; - жылда жаңылануучу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы; - жайыттарды башка максаттарда башкаруу жана пайдалануу планы. 10-берене. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөө 5. Жайыттарды башка максаттарда пайдаланганы үчүн акы төлөө төмөнкүдөй аныкталат: - иши жайыт кыртышын бузууга алып келген участоктордо - мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерине ылайык; - иши мал жаюуну болтурбоочу, бирок жайыт кыртышын бузууга алып келбеген участоктордо - мал жаюу үчүн бул участокту пайдалануу үчүн акыга барабар өлчөмдө; - иши мал жаюуну алып салбаган жана жайыт кыртышы бузулбаган участоктордо төлөм алынбайт.

Сезим     [28 Октября 2016]

Бостери а/о 1 эмес 12 жолу Балыкчы шаарына конкруска катышып келип атыптыр. Экологиясындагы бала, салыгындагы кыз, жооптуу катчы кыз, аскер болугундогу бала. 12 жолу барып отпосо дагы деле айыл окмотто иштеп журушот.Билими жок, конкрустан отпосо да иштеп журо беришеби? Тууган, тааныш болсо айлык алып иштеп журсо болобу, буну ким текшерет? Биз каршыбыз билими жок иштеп жургондорго.

Ответ:

Сезим саламатсынарбы. Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүндө эколог кызмат орду 2015-жылдын 2-февралындагы айылдык кенештин кезектеги XXII-сессиясынын №4 токтомуна ылайык киргизилген. Бул кызмат орду муниципалдык кызмат орду болуп саналбайт. Эколог кызмат ордуна өкмөт башчынын 2015-жылдын 25-февралындагы №12-буйругуна ылайык А.Т. Иманов дайындалган. Өкмөттүн киреше боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна конкурстук негизде А. Э. Есеналиева 2016-жылдын 27-сентябрында №22-буйруктун негизинде дайындалган. Ал эми конкурстук комиссиянын 2015-жылдын 19-февралындагы №04-чечиминин негизинде жана 2015-жылдын 20-февралында №11-буйрукка ылайык жоопту катчы кызмат орунга Ч.И. Джолдошева конкурстук негизде дайындалган. Ошондой эле, өкмөттө аскердик эсепке алуу боюнча инспектордон 3 штаттык бирдик бар. Бүгүнкү күндө 2 штат ээленген. 1 кызмат орду ваканттык орун болууда. Инспектор кызмат ордуна компьютердик тестен талапкерлер тийиштүү баллдарды камсыз кылбагандыктан 2016-жылдын ичинде бул кызмат орунга 5 жолу конкурс өткөрүлгөн. Бул кызматтын милдетин өкмөттүн аскердик эсепке алуу боюнча инспектору кызмат ордун ээлеген Ч. Р. Киргизбаева убактылуу аткарууда. 2016-жылдын 1-ноябрына карата Бостери айыл өкмөтүндө башкы адис-эсепчи, жерге жайгаштыруу, айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис жана аскердик эсепке алуу боюнча инспектор бош административдик муниципалдык кызмат орундары бар. Бул кызмат орундары конкурс өтүү боюнча жарыянын тексти Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Түндүк аймактык өкүлчүлүгү менен макулдашылган жана райондук газетага жарыялоо үчүн берилген.

Эрлан     [16 Октября 2016]

Райондук кенештин депутаты качан жоюлган?

Ответ:

Урматтуу Эрлан! Райондук кенештин депутаттары акыркы жолу 4 жылга 2008-2012- жылдарга шайланышкан. Демек, 2012-жылы райондук кенештин депутаттары учун акыркы жыл болгон.

Байазет     [14 Октября 2016]

Самыйбек байке саламатсызбы, томондогу суроого шашылыш жооп керек, жардам кутобуз. Жергиликтуу Кенеш муниципалдык менчиктеги маданият уйуно наам бере алабы? Бере алса кайсыл мыйзамга же токтомго ылайык? Чон рахмат.

Ответ:

УРМАТТУУ БАЙАЗЕТ! «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жонундо» Мыйзам айылдык кенештин депутаттарына проспекттерди, аллеяларды, аянттарды, шаардык жана айылдык парктарды, гулзарларды, кочолорду жана бурулуш кочолорун атоо жана кайра атоо боюнча ыйгарым укуктарды берет. Ал учун айылдык кенештин атайын токтому керек. Атоо жана кайра атоо учун документтерди даярдоо боюнча уюштуруу маселери айыл кенештин тийиштуу туруктуу комиссияларына, андан кийин аткаруу органы болгон айыл окмотко жуктолот. Географиялык обьекттерди атоого жана кайра атоого байланышкан чыгымдар ошол обьект жайгашкан аймактагы жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин эсебинен жургузулот. Ошондой эле чыгымдарды демоорчулордун каражатына да жургузсо болот.