Форум
Всего тем: 4
Всего сообщений: 2

Интеррнет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Введите символы с картинки

Ваш вопрос

Универсал     [27 Марта 2018]

саламатсыздарбы.суроо расширению деген он гектар жер бар.уй салам дегендер жаштар кобойду бирок айыл окмот жер адистер жогору жактан уруксат келе элек деп жатат.жаз келди эл уй салыш керек шаардын четиндегидей эле басып алып сала берсе не болот куто бербей барыбир берет да ощончо элди соттоп ийбейт да

Ответ:

Урматтуу Универсал! Сиздин сурооңузга мындай жооп берели: калк жашаган пункттарды кеңейтүү ( расширение) максатындагы 10 га жер аянты сиздердин айыл аймактагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖМФ) жерлерине кирет. АЖМФнын жерлерин мамлекет тарабынан айыл өкмөттөргө пайдаланууга гана берилген. АЖМФ жерлерин пайдалануунун келечек планы болуусу керек, ал документте канча жана кайсы жерди аукцион, конкурс аркылуу кандай мөөнөткө берилүүсү көрсөтүлөт, ал келечек планды айыл өкмөтү даярдап, айыл кеңеш бекитип берет. Калк жашаган пункттарды кеңейтүүгө ( расширение) каралган жер аянты да трансформация болгончо ижарага берилип турат. Айыл өкмөт менен айыл кеңеш трансформация маселесине байланышкан иштерди жүргүзүп, алгач районго кайрылуу жөнөтөт. КР Өкмөтү тарабынан трансформация тууралуу токтом чыккандан кийин айыл өкмөтү ал жер аянтына топо сьемка, так пландоо долбоору (план детальной планировки) иштерин жасашы керек. Ошол эле мезгилде айыл өкмөт турак-жай үчүн жер участкаларын алуучу жарандардын арыздарын тактап иликтей турган комиссияны түзүп, тизмени айылдык кеңештин сессиясы аркылуу бекитүү иштерин жүргүзүшү абзел. Урматтуу Универсал, мүмкүн айыл өкмөтүңөр бул мезгилге чейин тийиштүү кайрылууларды жогорку органдарга жөнөтүп, алардан жообун күтүп жаткандыр, эгер жок болсо ал маселени карап чыгуу маселесин демилге кылып көтөрүп чыгыңыз, ал Сиздин жарандык атуулдук демилгеңиз болсун. Жерди басып алып каалагандай иш кылабыз дегениңиз, бул чагымчылык, жакшылыкка алып келбеген туура эмес тандалган жол. Жөнөкөй карапайым жарандар мыйзамсыз жер алып соттолуп кетпесин.

асан     [27 Марта 2018]

салам.бизде СПА АВП бар иштейт.жылыга акчасын сугат сууга кобойтуп эле берет.эч арык каналдарды ондобойт.бирдеме болсо эле эл акча бербейт .налог соц фонд тогуп жатам эле дейт.негизи уставында жазылуу болобу арык каналдарды ондойм деп уставын да корсотпйт .1000 га бар,сому150 гектарына биз налог соц фондуга канча тогот билбейбиз.кайсы органдарга кайрылсак болот текшерткенге

Ответ:

Урматтуу Асан! Сиздердин айылдагы түзүлгөн АВП сугат суу маселеси боюнча иш алып барат, алардын сугат сууга болгон баасын айылдык кеңеш жыл сайын сессияда бекитип берет. Ал ишкана катары мыйзамдагы бардык тийиштүү салыктарды, социалдык камсыздандыруу взносторун төлөйт. Ал эми АВПнын уставы эч кандай жашыруун документке кирбейт, аны менен бардык суу колдонуучулар таанышууга укуктары бар. Айылдык кеңештин сессиясында бул ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу маселени карап, анда отчетун укса болот.

Николай     [23 Марта 2018]

Здравствуйте! Как вы знаете, депутатами муниципального собрания может стать член местного сообщества достигший 21-летнего возраста. Из-за этой нормы уровень депутатов сегодня очень низкий! Не пора ли инициировать вопрос усиления требований к кандидату в депутаты!?

Ответ:

Уважаемый Николай, понимаем Вашу озабоченность качественным составом представительской ветви власти. Но когда мы поднимали этот вопрос, выяснилось что даже к депутатам Жогорку кенеша нет требований обязательно высшего образования или опыта. Если к высшей представительской власти нет жестких требований, мы не можем установить высокую планку требований для депутатов местного кенеша. Вся надежда на выбор избирателей.

Кундуз     [23 Марта 2018]

Саламатсызбы! Мен жаңы жумушка киргем. Мен дыйкан чарбанын мүчөөсүмүн соц фондко налог тогүп жүргөнбүз. Буга чейин эч жерде иштеген эмесмин. Дыйкан чарбаны стаж кылып трудовой книжкага жаздырса болобу?

Ответ:

Урматтуу Кундуз айым. Сиз айыл өкмөткө келгиче өзүңүздүн дыйкан чарбадагы иштеген мезгилиңиз эмгек стажына кирбей калат. Себеби, дыйкан чарбада сиздер эмгек акы алып, андан мыйзамда көргөзүлгөн киреше (подоходный налог) салыгын жана камсыздандыруу взносун төлөө жүргүзүлсө, эмгек стажы катары кароого болмок. Аймактарда жашаган көпчүлүк жарандарыбыз ушул үлүш жерине төлөгөн жер салыгы менен социалдык фондго төлөнгөн камсыздандыруу взностторун жаңылып, эмгек стажы катары эсептеп жүрүшөт. Бул төлөмдөрдүн эмгек стажына тиешеси жок, бар болгону социалдык фонддон пенсияга чыгуу учурунда эсепке алынат.

Миша     [18 Марта 2018]

Здравствуйте! Скажите пожалуйста каким НПА регулируется предоставление помещений находящиеся в муниципальной собственности?

Ответ:

Уважаемый Миша, вопрос предоставления помещений находящиеся в муниципальной собственности регулируется следующими НПА: Закон КР "О местном самоуправлении", Закон КР "О муниципальной собственности на имущество". А далее необходимо руководствоваться Постановлением местного кенеша, в чьей собственности находится муниципальное имущество. Например, в городе Бишкек это Положением о порядке предоставления ограниченных вещных прав на объекты недвижимости, находящиеся в муниципальной собственности города Бишкек, утвержденное постановлением Бишкекского городского кенеша от 22 мая 2002 года № 127.

Назгул     [16 Марта 2018]

Саламатсызбы, мен иш кагаздар алып баруучу болуп иштейм жана бул кызмат тех.кызматка кирип калат экен. Муниципиалдык кызматка киргизсе болобу?\n2-суроо: айыл окмот башчысы озунун кызматкерин мыйзам кайсы себептерге ылайык бошото алат? алдын ала рахмат сизден жооп кутом.

Ответ:

Урматтуу Назгул! Муниципалдык кызматтын реестри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык калыптанат, анда айыл аймактын калкынын санына карата айыл өкмөттүн аппаратынын штаттык курамы белгиленет. Жергиликтүү бийлик ал штаттан тышкары муниципалдык кызмат ордун ачып киргизе албайт. Айыл өкмөттүн башчысы өзүнүн кызматкерин кызматтан бошотууда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган 76 "Жумуштан четтетүү" - беренеге ылайык бошото алат. Бирок жумуштан четтетүүнүн атйын эрежелери бар, аны Эмгек инспекциясына телефон чалып тактап алсаңар болот, анткени мыйзам чегинде аткарбасаңар, процедураларды бузсаңар жумуштан кеткен адис сот аркылүү кайра келип, бюджеттен компенсация алууга укук алат.

Сейит     [16 Марта 2018]

Саламатсыздарбы менин суроом томондогучу: Биз айыл окмотко озубуздун койгойлу масале менен бир нече жолу кайрылдык. Кайрылып жатып айыл окумот ошол маселени озу чече албай сотко берди, сот чечим чыгарып берди. Мына Кудай кааласа соттун чечими чыккандан бери 2 жыл болуп калды. Сот чечим чыгарып берген сон 1 айдын ичинде облустук сотко кайрылбаса сотун чечими кучундо калат. Азыр 2 жыл болду биз мындан ары кандай кылсак айыл окумот ошол соттун чечимин аткарат?

Ответ:

Урматтуу Сейит! Соттун чечими күчүндө болгондуктан аны бардыгы аткарууга милдеттүү. Мүмкүн болсо, ошол чечимдин көчүрмөсүн бизге салып жиберсеңиз, карап көргөндөн кийин тактап жообун берип, кандай аткаруу механизмин көргөзүп жардам берет элек,көрбөгөн соттун чечимин боюнча кеп-кеңеш берүү мүмкүн эмес.

Алик     [16 Марта 2018]

Саламатсызбы биздин окмотто 9 Айдан бери 5 вакант бош болуп жатат жумуш орундар толук болбой жатканына байланыштуу жумуш жакшы журбой жатат. Буга себеб мамлекеттик тесттен отпой жатышат газетага жарыя беребиз тесстен отпой жатышат. Кандай жол менен аппараты толуктап иш алып барсак болот

Ответ:

Урматтуу Алик! Албетте , көп убакыттан бери айыл өкмөттүн аппаратында 5 ваканттык орундун бош турганы бул өтө кейиштүү көрүнүш. Бош турган бул 5 орун чакан айыл өкмөттөрдүн жарымын түзүп жатпайбы, демек аппарат толук кандуу иш алып баралбайт. Мыйзам боюнча жергиликтүү бийликтин аткаруу органы болгон айыл өкмөтү бош кызмат орду болору менен конкурска жарыя илиши керек. Муниципалдык кызмат ордуна бардык конкурстук талаптарды өткөндөн кийин гана кирише алат. Мындай оор шартта айыл өкмөттүн башчысы иш токтоп калбашы үчүн аппаратында иштеген кызматкерлерге кошумча милдеттерди жүктөөгө аргасыз болот, андан башка жол жок. Бирок, бул учурда башка кызматкерге кошумча милдеттерди жүктөөнүн мөөнөтү 3 айдан ашык болбошу керек (КР Эмгек кодекси 74-берене). Бош турган муниципалдык орунга сырттан киши алып убактылуу иштетүүгө мыйзам жол бербейт. Муниципалдык кызматтын кадыр-баркын көтөрүү үчүн кабыл алынган мыйзамдын талаптарын аткарууга милдеттүүбүз.

Гулуй     [15 Марта 2018]

Саламатсынарбы? Бизге 1992-жылы айыл кенештеринин, акимчиликтин чечимдери, буйруктары, токтомдорунун негизинде, айдоо жана айдоо эмес жер аянтары учун 1993-жылы райондук каттоодон «Жер ээлоо жана пайдалануу укугу жонундогу мамлекеттик акт» алганбыз. Азыркы кунго чейин, салык жана социалдык толомдорду тогуп келгенбиз. Эми райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгы, бул жер каттоо системасыда жок соттон чечим чыгартып келгиле дешти. Биздин мумкунчулугубуз барбы? Сиздерден жооп кенеш кутобуз!…

Ответ:

Урматтуу Гулуй! Сиздердин жер аянтыңар 1992-жылы алынган “жерди ээлоо жана пайдалануу укугу жөнүндөгү” мамлекеттик актынын негизинде 2002-2005-жылдары жерлерди системалык инвентаризациялоодон өтмөк, анын жыйынтыктоочу документтери айыл өкмөттө жана райондук каттоо башкармалыгында сакталат. Сиздер арыз менен жогорудагы органдарга кайрылып жооп алып, андан соң сотко доо арыз менен кайрылсаңар болот.

Бексултан     [15 Марта 2018]

Какие требования должны соблюдаться при покупке за счет собственного бюджета, движимое и недвижимое имущество в муниципальную собственность. В плане года выпуска или постройки и т.д.

Ответ:

Ответ: Уважаемый Бексултан! Все требования регулируется законом КР “ О государственной закупках”.

Страницы:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 45 46 47 48 49 50 51 52 53 54 55 56 57 58 59 60 61 62 63 64 65 66 67 68 69 70 71 72 73