Форум
Всего тем: 4
Всего сообщений: 2

Интеррнет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Введите символы с картинки

Ваш вопрос

Азати     [15 Декабря 2017]

Саламатсызрбы, Томондо айтылып кеткендей азыркы убакта салык кызматы тарабынан КР салык кодексинин 339 беренесинин 6- болумунун 21- болумчосунун негизинде кашар, жана талаа жерине салынган чарбачылык жургузуу учун курулган айыл чарба курулуштарын (копчулугу эле турак уй, сарайлары менен курушкандар ) айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы (несельхоз) алынып келет, бул жерде айта турчу маселе КР жер кодексинин III болум 12-главасы 72- беренеде айыл чарба жерлеринде курулуштар айыл чарбасы иштеп туруусу учун зарыл болгон имарат жайлар ээлеген жерлер кирет деп жазылгандыктан (имараттар так корсотулуп жазылбагандыктан жана салык толоо суммасы корсотулбогондуктон) айрым айыл чарба курулуштарынын ээлери, салык толоочулор менен ой пикирлерде келишпестиктер болуп жаткандыктан, кайсы туру менен салык толотууго мумкунчулук бар жана райондук салык кызматы КР салык кодексинин 339 беренесинин 6- болумунун 21- болумчосунун негизинде сотко берсе утуп алалабы. Рахмаат.

Ответ:

Жооп: Урматтуу Азати (Азамат)! КР салык кодексинин 339- беренесинин 6- бөлүмүнүн 21- негизинде кашар, жана талаа жерине салынган чарбачылык жургузуу учун курулган айыл чарба курулуштарын (копчулугу эле турак үй, сарайлары менен курушкандар ) айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы (несельхоз) алынып келет. Ушул эле кодекстин 334-беренесинин 3-пунктунда : ”Жер участогуна укукту ырастоочу документ жок болгон учурда республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү жер казынасын иликтөө боюнча геологиялык, геофизикалык жана башка иштерди, илимий-изилдөө жумуштарын анын ичинде жер титирөөлөрдү болжолдоону, инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жана геоэкологиялык иликтөөлөрдү, ошондой эле жер казынасынын бүтүндүгүн бузбастан жүргүзгөн башка жумуштарды аткаруунун жүрүшүндө, жер казынасын геологиялык изилдөөнүн жүрүшүндөгү ээлик кылууну жана/же пайдаланууну, ошондой эле участокко ээлик кылууну жана/же пайдаланууну кошпогондо ушундай участокко иш жүзүндө ээлик кылуу жана/же пайдалануу жер пайдалануучу жер салыгын төлөөчү деп таануу үчүн негиз болуп саналат.” –деп көрсөтүлгөн. Сиз көрсөткөн башка мыйзам актылары менен дал келбестик пайда болгон учурда КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесинин 3-пунктунда: “ Бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда жана алардын ичинен бирөөсү дагы жогору юридикалык күчкө ээ болгон актыга карама-каршы келбесе, укуктук мамилелердин аталган чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосу колдонулат”-дегенин эске алып салык кодексинин негизинде иш жүргүзүү артыкчылык берет. Мындай учурда райондук салык башкармалыгына кайрылып, алар менен биргеликте иш алып барганыңар оң натыйжа берет. Райондук салык башкармалыгы сиздердин демилгеңерди колдоого алып, жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

ЗАРИНА     [15 Декабря 2017]

здравствуйте как там на счет норм питания в детских садах ?????? Вы не забыли.

Ответ:

Ответ: Уважаемая Зарина Борисбиевна! На основании Постановлении Правительства КР от 28 июля 2009 года №478 «О состоянии и развития сети дошкольных и внешкольных образовательных организаций» отмечено ,что финансирование на питание одного ребенка составляет 36 сомов в день, из них 18 сом выделяет бюджет, 18 сомов оплачивает родители…. Да, в настоящее время эта сумма очень мизерна и не соответствует требованием времени, к сожалению других новых нормативных правовых документов пока нет. Указанном Постановлении Правительства наименование продуктов, необходимые для питания детей, не указано. Перечень необходимых продуктов питания Вы можете получить обратившись в Районное управление образования.

илич     [14 Декабря 2017]

саламатсызбы мага муниципалдык жана мамлекеттик эмгек оргуу боюнча маалымат бересизби. муниципалдык кызматкерлер 1чи жылдык оргуусун 28 кунго же 30 кунго чыгабы, 2чиси мобдор канча кунго жана маданият кызматкери канча кунго отпуск алышат

Ответ:

Урматтуу Ильич! Кыргыз Республикасынын " Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамынын 38-беренеси сиздин сурооңуздун биринчи бөлүгүнө жооп берет : "Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын өргүүсү 1) Кызматчыга жыл сайын ден соолугун чыңдоо үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жөлөкпул төлөө менен 30 календардык күнгө созулган акы төлөнүүчү өргүү; 2) Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 5, 10, 15 жана 20 жылдан ашык эмгек стажы болгондо акы төлөнүүчү өргүү тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө көбөйөт.; 3) Айрым учурларда кызматчыга анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек акысын сактабастан мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматчы менен мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин ортосундагы макулдашуу менен аныкталат" . Ал эми маданият жана айыл өкмөттүн кенже жана техникалык кызматкерлери муниципалдык кызматкер болбогондуктан, алар Эмгек кодексинин 116-беренесине ылайык 28 күндүк эргүүгө чыга алат.

рус     [13 Декабря 2017]

саламатсыздарбы! бизге салык кызматы менен айыл окмоттун ортосундагы ыйгарым укуктарды жузуго ашыруу учун салык инспектору менен тузулгон келишимдин кыргызча варианты керек

Ответ:

Урматтуу Рус мырза! Сиз сураган келишимди биздин сайттын “аналитика” бөлүгүндөгү материалдардан карасаңыз:” ЖӨБО салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим” деп жазылган, ал 2017-жылдын 5-январында илинген. Келишим түзүлүп, андан кийинки жасаган иш-аракеттериңерди, же болбосо жаралган тоскоолдуктар болсо бизге дагы маалымат берип коюуңарды өтүнөбүз.Бул маселе боюнча дайыма колдоо көрсөтүп, кызматташууга даярбыз.

Азамат     [7 Декабря 2017]

Биздин айылдын аймагында 99 кашар сарайлар бар экен. Алардын 30 чактысы кана несельхоз налогун толошот экен. Толобогондорго кандай чара корсок болот? Алардын копчулугунун сарайга ээлиги тууралу документтери буто элек экен. Дагы бир мисаал: Айылдашыбыз 8 сарайды курчап алып 20 жылдан бери баардык оокатын сатып бутту. Эми налог тологуло деп кайрылсак ого бетер тосуп алды. 46соток жеринин кана документи бар экен. Азыркы аянты болсо 6-7 гектар. Ал жерди сатып алабыз сарайларды куруп иштетебиз деген айылдаштарыбыз коп. Айылдык кенеш кандай чара корсок болот? Сотко кайрылыппы же токтом ччагырып сатыка койо берсек болобу? Эмне кылышыбыз керек?

Ответ:

Урматтуу Азамат! Сиздердин айыл өкмөттүн аймагындагы 99 мал сарайлар турган жер аянттары айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы төлөөчү обьекттерге кирет, ал жер аянттарын пайдаланып жаткандар бул салыкты төлөөгө милдеттүү. Салык кодексине ылайык 6 жылдык жер салыгын төлөтүп алса болот. Азыркы учурда өлкөбүздүн бардык аймактарында мындай көйгөйлөрдү кездештирүүдө , көптөгөн мал сарайларды.ж.б айыл чарба курулуштарды укук берүүчү документтери жок эле пайдаланууда . Ошондой эле көптөгөн жарандарыбыз да мал сарай куруу үчүн жерлерди сурап кайрылып жүрүшөт. Жер салыгын төлөтүү үчүн айыл өкмөтү тарабынан салык кызматы менен биргеликте комиссия түзүлүп, ал боюнча акт жазылып, жер пайдалануучуга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Албетте, бул айыл кеңештин эмес, айыл өкмөттүн компетенциясына кирген, анын аткара турган ишине кирет. Иш жакшы жүргөн жерде бул багытта айылдык кеңеш менен биргеликте иш алып барышат, мисалы айыл кеңештин бюджет менен жер боюнча туруктуу комиссияларына, андан кийин алып чыгып сессияда караса болот. Жергиликтүү бийлик муниципалдык менчикте турган мүлктү сата алат.

Азамат     [7 Декабря 2017]

Саламатсыздарбы! Биздин айыл окмотто жайыт жерлерибиз аз эмес. Ал жерлерди кандай колдонуп жатышканы тууралу Жайыт комитет айылдык кенешке отчет береби же оздорунун Советине кана отчет беришеби? АК убактылуу комиссия тузуп текшерсе болобу канча жерди талаачылыка арендага берип атышканын? Тоо этегинде жана айыл ичинде деле аларга караштуу сай болуп таштак болгон жерлер да бар. Бирок туристик хона курабыз, коп жылдык бак тигебиз деп келген адамдарга Жайыт комитет узак моонотко бере албайбыз деп отказ беришуудо. Алар 49 жылга алсак деген планы бар болчу бак тиккендердин. Алар айылдык кенештин ишин артка тартууда. кандай чара корсок болот

Ответ:

Урматтуу Азамат! Айылдык кеңеш жайытты пайдаланууда анын тарифтерин, жайыт комитетинин жылдык бюджетин бекитип берип жаткандан кийин, өздөрүнүн жылдык иш планына жайыт комитетинин отчетун кароону киргизген болсо, албетте отчетун, кандай иштер жасалып жаткандыгы тууралуу маалымат алууга укугу бар. Жайыт комитетинин курамында айылдык кеңештин депутаттары киргендиктен, алар да өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө жараша баа алышы керек. Мындай учурда тирешүүгө барбай эле, баардыгын акыл калчап мыйзам чегинде чечкен туура болот.

Марат     [6 Декабря 2017]

Саламатсызбы. Менин суроом томондогудой. Айыл окмотунун дайыма иштеп келишкен кызматкерлери мооноттуу келишимдерди тузушкон. Келишимдин мооноту 04.01.2018-жылы аяктайт. Мурда деле келишимдер эки жылга тузулуп, мооноту буткондо кайрадан мооноттуу келишимдер тузулуп келген экен. Эми КР эмгек кодексинин 79-беренесинин 2-пунктуна ылайык же келишимдин мооноту буткондугуно байланыштуу буга чейин иштеп келген аппарат кызматкерлерин жумуштан бошотсо болобу жана вакант катары кызмат ордуларына кайрадан конкурс откорсо болобу жана бул туура болобу. Ушул боюнча толук маалымат беруунуздорду отунобуз. жол жобосун кенири баяндап берсениздер жакшы болот эле. Алдын ала сиздерге рахмат.

Ответ:

Урматтуу Марат! Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 67-беренесинде мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат ордуна дайындоо, кызмат өтөө жана кызмат ордунан бошотуу тартиби жөнүндө:” Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта кызмат орундарын ээлөө Конституцияда, мыйзамдарда жана мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте, дайындоо же шайлоо жолу менен жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат ордуна дайындоо, кызмат өтөө жана кызмат ордунан бошотуу мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат” деп көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесине ылайык мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү конкурстун негизинде жүзөгө ашырылат.Эгер конкурс аркылуу кызматка кирген жаранга кайра келишим түзүүнүн эмне зарылдыгы бар, бул мыйзамсыз көрүнүш болуп калат. Демек, келишим түзүүнүн кереги жок.

кенеш     [5 Декабря 2017]

как предоставляется земли гфсу семноводческим хозяйствам

Ответ:

Уважаемый Кенеш! Согласно Типовому положению “Об условиях и порядке предоставления в аренду земель Государственного фонда сельскохозяйственных угодий” земли ГФСУ могут предоставляться в аренду вне торгов посредством прямых переговоров, все подробности Вы найдете в нашем сайте разделе “Законодательство”(Постановления Правительства КР)

Осмонбек     [5 Декабря 2017]

Саламатсыздарбы, КРнын айыл аймактарындагы муниципалдык менчиктерди башкарууда, жаны курулган же ондоп тузоодон откон объектилерди, товарларды жана жабдууларды муниципалдык менчиктин реестрине киргизуу жана реестрге киргендиги тууралуу тастыктоочу маалыматты алуу тартиптери кандай?

Ответ:

Урматтуу Осмонбек! Муниципалдык менчиктеги бардык сиз атаган муниципалдык мүлк тууралуу маалыматты албетте муницалитеттин (айыл өкмөт менен мэрия) өзүнө кайрылып алсаңыз болот. “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык муниципалдык менчиктеги кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө карата укук, ошондой эле ушул мүлккө болгон укуктук чектөөлөр, алардын келип чыгышы, өзгөрүшү, өткөрүп берилиши же токтолушу тийиштүү аймактагы мамлекеттик каттоо органдарында мыйзамдарда белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлүшү керек. Айыл өкмөтү же мэрия муниципалдык менчикти мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү жүзөгө ашырган болсо, так маалыматты райондогу мамлекеттик каттоо органынан мыйзамда көрсөтүлгөн эрежеге ылайык ала аласыз.

Дастан     [2 Декабря 2017]

Саламатсызбы! Мен айылдык кеңештин депутатымын, суроом: Айылдын Кеңештин депутаттык кызматы муниципалдык кызмат болуп эсептелеби, ал болбосо кеңештин төрагасы муниципалдык кызмат болуп эсептелеби? Рахмат

Ответ:

Урматтуу Дастан мырза! Муниципалдык кызматта муниципалдык кызмат орундары аныкталган. Муниципалдык кызмат орду мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын штаттык бирдиги катары ушул органдын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча иштеген адам үчүн милдеттердин белгилүү чөйрөсү менен уюшулган кызмат орду. Муниципалдык кызмат орундары саясий жана административдик болуп экиге бөлүнөт. Айылдык кеңештин депутаттары саясий муниципалдык кызмат ордуна кирет, ал эми айыл өкмөттүн кызматкерлеринин орду административдик кызмат оруну болуп эсептелет, анткени конкурс аркылуу айыл өкмөтүнүн башчысы аркылуу дайындалышат. Демек, айыл кеңештин ар бир депутатын саясий муниципалдык кызматты аркалап жүрөт деп айтса болот.

Страницы:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 45 46 47 48 49 50 51 52 53 54 55 56 57 58 59 60 61 62 63 64 65 66 67 68 69 70 71 72 73