Форум
Всего тем: 4
Всего сообщений: 2

Интеррнет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Введите символы с картинки

Ваш вопрос

Жаныбек     [28 Июня 2017]

Мен айылдык кенештин депутатымын. Менин атыман бир документке кол койуптур. Мен каршы чыктым документерди башынан даярдап берди, кол койдум дагы ушундай болсо кимге кайрылсам жоопко тартылат? Же мыйзамга каршы болсо мен жоопко тартыламбы?

Ответ:

Урматуу Жаныбек мырза. Сиздин суроонуз мага тушунуксуз болуп жатат. Эмне документке кол койдунуз эле. Кыргыз Республикасынын " Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамында 37-беренесине ылайк. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жергиликтүү кеңештин чечимдерине кол коет. Сиз жон эле депутат болсонуз, кол койбойсуз чечимдерге, чечим кабыл алыш учун добуш бересиз. Кыргыз Республикасынын " Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынды биздин сайттын "Законодательство" деген болумунон тапсанар болот. Сизди терен урматоо менен, жергиликтуу оз алдынча башкаруу боюнча серепчи Мелис Зарлыкович.

Бакыт     [28 Июня 2017]

Пожалуйста, скажите где можно взять типовой устав мэрии города районного значения?

Ответ:

Бакыт, копию устава мэрии города районного значения можете запросить в самой мэрии так, как с уставом может ознакомиться любой гражданин КР. В законе « О местном самоуправлении» в статье 15. Уставы местных сообществ указано: 1. Уставы местных сообществ принимаются соответствующими местными кенешами по итогам обсуждения на собраниях (сходах) или курултаях соответствующего местного сообщества. Решение об утверждении устава должно быть принято большинством голосов от общего числа депутатов соответствующего местного кенеша. 2. Устав местного сообщества в соответствии с законами Кыргызской Республики регламентирует основные принципы и правила внутренней жизнедеятельности местного сообщества, предусматривает права и обязанности членов местного сообщества, определяет порядок взаимоотношений местного сообщества и органов местного самоуправления в решении вопросов местного значения, включая участие местного сообщества в бюджетном процессе и другие вопросы деятельности местного самоуправления, не урегулированные законодательством Кыргызской Республики. 3. Изменения и дополнения к принятым ранее уставам принимаются не менее чем двумя третями голосов от общего числа депутатов местного кенеша по итогам обсуждения на собраниях (сходах) или курултаях соответствующего местного сообщества. Изменения и дополнения к уставу могут инициироваться членами местного сообщества в количестве не менее одной трети членов местного сообщества или группой депутатов соответствующего местного кенеша численностью не менее одной трети от общего числа депутатов местного кенеша. 4. Если уставом не урегулированы вопросы, отнесенные настоящим Законом к сфере регулирования уставами, то они регулируются настоящим Законом. 5. Устав местного сообщества подлежит обязательной регистрации в органах местного самоуправления в порядке, установленном для регистрации нормативных правовых актов местных кенешей. Копия нормативного правового акта об утверждении устава местного сообщества после официального опубликования с приложением текста устава направляется в территориальное подразделение Министерства юстиции Кыргызской Республики для включения в Государственный реестр нормативных правовых актов.

Нургул     [27 Июня 2017]

Саламатсыздар,айыл окмотторундо жергиликтуу бюджеттен тузулгон резервдик фонд кайсы максаттарга жумшалат? Тизмесин (перечень) так коргозуп берип койсонуздар жакшы болот эле. Бюджеттик кодекс законунда кыска коргозулуп турат. Сиздерден толук маалымат алсам дейм.

Ответ:

Нүргүл айым саламатсыңарбы. Мыйзамда так тизме көрсөтүлгөн эмес. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесинде: Жергиликтүү бюджеттердин резервдик фонду 4. Резервдик фонддордун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга жол берилбейт: 1) шайлоо, референдум өткөрүүгө; 2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү кеңештердин жетекчилеринин ишин чагылдырууга; 3) муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөгө жана аларга материалдык сыйакы берүүгө; 4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин учурдагы материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу боюнча иш-чараларга. 5. Жергиликтүү бюджеттердин резервдик фонддорун пайдалануу жөнүндө маалыматтар аларды аткаруу жөнүндө отчетторго тиркелет жана милдеттүү жарыяланууга жатат. Ушул 4 пункта көрсөтүлгөн иштерге пайдаланууга жол берилбейт, деп турат. Көбүнчө резервдик фонд социалдык маселелерге жумшалат, аны айыл өкмөт менен жергиликтүү кеңеш чечет.

тунук     [27 Июня 2017]

Муниципалдык мыйзам токтомдор

Ответ:

Урматуу Тунук мырза. Сиздин суронуз толук эмес болуп калды окшойт. Сизге керектуу муниципалдык менчик жонундо мыйзамды биздин сайттын "Законодательство" деген болумунон тапсанар болот. Сизди терен урматоо менен, жергиликтуу оз алдынча башкаруу боюнча серепчи Мелис Зарлыкович.

Талант     [25 Июня 2017]

Силерге сон чон рахмат кеч болсода майрамынар менен. ар бир адамдын оорун женил кылса сооп алат демек ишинерге ийгилик элдин керегине жараган адамдар болгула.

Ответ:

Талант Мырза! Сизге да чон рахмат, ишинерге ийгилик каалайбыз. Колубуздан келген жардамыбызды эч качан аябайбыз. Сизди терен урматоо менен, жергиликтуу оз алдынча башкаруу боюнча серепчи Мелис Зарлыкович.

Садык     [24 Июня 2017]

Саламатсыздарбы биздин айыл аймакта 4га жер транцформациядан там аркага (участкага) чыгарылган жер болгон. Ал жерди эми ошол айылдагы элдердин жарымы калсын деп жатат бул жерди биз эс алуучу парк кылабыз деп аны эми бизге окмот сессияага коюп чечип бергиле деп жатат кыскасы транц-дан чыкан жерди кайра калтырса болобу?

Ответ:

Урматтуу Садык! Сиз айтып жаткан 4 га жер аянты жарандарга турак- жай салуу үчүн (там арка) трансформациядан өткөндөн кийин, мыйзамга ылайык айыл өкмөттүн буйрутмасы менен ал жер аянтына айылдын генералдык планы жана ПДП (план детальной планировки) жасалышы керек. Ал генералдык планда ар жаранга берилүүчү турак-жай салынуучу жер аянтынын, көчөлөрдүн, ж.б. социалдык-маданий обьекттердин орундары так жана даана көрсөтүлөт, демек анда парк кылабыз деген жер аянты да болушу керек. Бул маселе - эс алуучу парк кылуу да айыл кеңештин сессиясында кароого коюлуп, талкуу болуп аягында токтом менен бекитилет. Эл өкүлдөрү болгон айылдык кеңештин депутаттары мындай чечимге келерден мурда коомчулуктун ой-пикирине таянуусу зарыл, алар коомчулуктун пикирине шайкеш келбеген чечим чыгарууга бара алышпайт. Ошентип “кеңешип кескен бармак оорубашы” үчүн айылдык кеңештин депутаттары биринчиден элдин кызыкчылыгын эске алуусу керек, экинчиден стратегиялык элге керектүү обьекттердин болушун да унутпоосу зарыл.

Базарбек     [21 Июня 2017]

Айыл Окмотунун балансындагы мектеп имараты, жер тилкеси менен, Раймам админстрациясынын буйругу менен Областтык Университет балансына, окуу лабораториялык участка катарында пайдаланышы учун откоруп берилген. Университет ал буйруктардын (11.10.2001-жыл, 19.11.2004-жыл) негизинде моонотсуз мамлакеттик акт жасатып алган. 1. Раймам админстрациясынын буйругу туура чыгарылганбы (укуктук тараптан)? 2. Азыркы учурда ал имарат жана жер тилкеси кароосуз абалда пайдаланылбастан жатат. А/О ал имарат жана жер тилкесин кайра алуу учун эмне кылыш керек?

Ответ:

Урматтуу Базарбек! Алгач Сиз айткан объекттердин кайсы менчикте тургандыгы тууралуу мамлекеттик каттоо органынан такталган маалымат алуу керек, андан кийин айыл өкмөтү менен айылдык кеңеш биргелешкен комиссия түзүп, ушул обьекттердин азыркы учурда максаттуу колдонуп жаткандыгы жөнүндө акты түзүп, абалын аныктоо зарыл. Сиз сурооңуз менен кошо райакимдин буйругунун көчүрмөсүн салып жиберсеңиз, ал менен таанышкандан кийин мыйзамдуу жолун көргөзүүгө мүмкүнчүлүк болмок. Университеттин жетекчилигинен бул объекттерди эмне себептен пайдаланбай жаткандыгын билгенден соң, алар колдонуудан баш тартса, анда кайра муниципалдык менчикке кайтарып алуу керек.

toluk     [20 Июня 2017]

Менин айтарым, айылда жакшы иш болсо, сыйлап койсо. Мээнет кылган, андайлардын кообуно окмот акча жок, деген шылтоо кылат. 100-150 эле сом турат ошол грамота. Адам айыл учун зарыл болгон ишин бутурот, жок дегенде 10,000 сом жогору акча коротот. Андайларды колдош керек, жок дегенде грамота берсек дегиним, ишин баалады деген ой болот, элдер кызыгат.

Ответ:

Урматтуу Толук мырза. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамга ылайык (21 берене) 4. Жергиликтүү кеңештер юридикалык жактар болуп саналат жана мыйзамдар менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. (37 берене) 12. Жергиликтүү кеңештердин төрагалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берет. Ошондон улам, сиз депутат болсоңуз төрагага сунушкиргизгиле. Ошондо расмий бийлик катары сыйлайсыңар. Эгер башкача, өз ыктыярыңар менен берем десеңер өзүңөр сатып алып сыйлап койгула жашоочуңарды.

toluk     [19 Июня 2017]

Рахмат жооп бергенинерге. Менин айтарым, депутат айылдагы иштерге өзу грамота бере алабы дегеним, өзунун чөнтөгунөн?

Ответ:

Урматтуу Толук мырза. Өзүңүздүн чөнтөгүңүздөн каалаганыңызды кылсаңыз болот (кылмыштан тышкаары), бирок ошол нерсе ортого салынып, талкууланып, чыныгы жасалган ишке берилсе - грамотанын дагы баркы болот. Каалаган кишиңизге, өз билемдик кылып берсеңиз деле эч ким сизди мыйзамсыз, деп айта албайт, бирок ал кагаздын баалуулугу канча, деген суроо туулат.

Эркин     [19 Июня 2017]

Здравствуйте. Может ли глава обратиться в акимиат, по собственной инициативе с предложением по передаче в частную собственность земли находящейся на территории айыльного аймака под категорией прочие земли без согласия депутатов. И каким положением руководствуется акимиат объявляя аукцион на такие земли. Спасибо.

Ответ:

Уважаемый Эркин мырза. Согласно статьи 4. Земельного Кодекса «Собственность на землю», земли в границах аильного округа, поселка, города являются муниципальной собственностью, за исключением земель, находящихся в частной и государственной собственности. Управление и распоряжение землями, находящимися в муниципальной собственности, осуществляют: - в границах аильного округа - исполнительно-распорядительный орган местного самоуправления; Статья 10. Земельного Кодекса « Земельный фонд». Земельный фонд Кыргызской Республики включает в себя сельскохозяйственные и несельскохозяйственные земельные угодья и в соответствии с целевым назначением подразделяется на следующие категории: 1) земли сельскохозяйственного назначения; 2) земли населенных пунктов; 3) земли промышленности, транспорта, связи, энергетики, обороны и иного назначения; 4) земли особо охраняемых природных территорий; 5) земли лесного фонда; 6) земли водного фонда; 7) земли запаса. 8) земли Государственного резерва земель месторождений полезных ископаемых. Таким образом согласно статьи 10 Земельного Кодекса категория прочие земли не существует. Предоставление земельного участка в собственность или в пользование регулируется статьей 25 и статьей 29.Земельного Кодекса и статьями 12 -1 и 13 Закона « О муниципальной собственности». Программа приватизации разрабатывается исполнительным органом местного самоуправления и утверждается местным кенешем, т.е без согласия депутатов не проводится предоставление земель в частную собственность. Акимиат объявляя аукцион на какие-то земли должен доказать, что это земли принадлежат государству, так как земли в границах аильного округа, поселка, города являются муниципальной собственностью. Более подробно информацию Вы можете получить в разделе «Законодательство», там имеются «Земельный Кодекс» и Закон «О муниципальной собственности». С уважением эксперт Мелис Зарлыкович.

Страницы:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 45 46 47 48 49 50 51 52 53 54 55 56 57 58 59 60 61 62 63 64 65