Форум
Всего тем: 4
Всего сообщений: 2

Интеррнет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Введите символы с картинки

Ваш вопрос

Зарина     [25 Октября 2017]

Здравствуйте уважаемые коллеги? это Зарина с Логвиненковского айыл окмоту. Очень рада, что сайт продолжает свою работу, за время моего декрета многое изменилось, надеюсь на вашу поддержку и консультацию. Скажите пожалуйста вроде налог на рекламу отменен для местного бюджета -ДА? Или можно добиться каких то отщеплений??

Ответ:

Уважаемая Зарина здравствуйте! Действующий Налоговый кодекс не предусмотрел налога на рекламу. Но это не значит, что местный бюджет лишился этих средств. В местный бюджет поступает 100 % земельный налог, потому что он является местным налогом. Если Вы изучите Статью 339. Налогового кодекса "Ставки земельного налога за использование земель населенных пунктов и земель несельскохозяйственного назначения", то увидите что у этой статьи есть Пункт 6. "Коэффициент коммерческого использования Кк для земельных участков" и Подпункт 12) сооружения рекламы - 50; О чем это говорит? Если у Вас в А/О есть предприятия или сооружения рекламы, они в любом случае находятся на какой либо земле. При исчислении земельного налога, Вы полученную сумму умножаете на 50 и это и есть плата за рекламу, но она в структуре земельного налога. Если рекламные щиты муниципальные Вы будете получать арендную плату от рекламных щитов, если таковые имеются на территории муниципалитета. Спасибо Вам за вопрос.

Тилек     [18 Октября 2017]

Саламатсыздарбы! Айыл окмотуно кызматтык авто унаа алуу учун кандай тиешелуу документтерди чогултуу керек жана Кыргыз Республикасынын канчанчы токтомунун негизинде муниципалдык менчикке авто унаа алса болот. РАХМАТ

Ответ:

Урматтуу Тилек! Айыл өкмөттөрүнүн кызматтык автомашинасы тууралуу суроону эки жагдайда кароо керек, биринчиден жаңы сатып алып жаткан учурда КР “ Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу “ мыйзамына ылайык бардык процедураларды сактоо менен жүргүзүү керек, экинчиден эгер буга чейинки кызматтык машина болуп, анын эскилигине байланыштуу алмаштырып жаңыртуу керек болсо, анда алгач эски кызматтык автомашинаны “ Менчикти баалоо жана экспертизадан өткөрүү борборунан “ тыянак чыгартуу зарыл. Ал борбордун отчету-тыянагы эски автомашинанын абалын жана баасын баалап чыгат. Ошол эле борбор жаңыдан сатып алынуучу автомашинага да бааны белгилейт. Албетте, жергиликтүү бийлик бюджеттен сатып алууларды жүргүзгөндүктөн бардык иш-чаралардын планын иштеп чыгуулары зарыл. Мисалы: бул маселени айыл кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында , андан кийин сессияда кароо керек. Калганы жогорудагы мыйзамдардарга ылайык жүргүзүлөт. Ал мыйзамдарды биздин сайттын “Законодательство” бөлүгүнөн таап окуй аласыз. Сурооңузга ырахмат.

Магомед     [18 Октября 2017]

Здравствуйте, при айыл окмоту имеются земли под расширение села, может ли айыл окмоту предоставлять такие земли до востребования гражданам под возделывание с.х. культур? Какими руководствоваться?

Ответ:

Уважаемый Магомед! Согласно типовому договору об условиях и порядке предоставления в аренду земель Государственного фонда сельскохозяйственных угодий ПП от 22 июня 2007 №243 если данные земельные участки оставленные под расширения территории населенных пунктов до утверждения генерального плана по развитии села могут предоставляться как земли ГФСУ, для этого необходимо обговорить с местным кенешом о временном использовании этих земельных участков и составить необходимые документы. (Например, перспективный план использования земель ГФСУ)

Канат     [16 Октября 2017]

Саламатсыздарбы? Айыл окмот башчысы кошумча иш менен иштей алабы мисалы ОсООдо? Чон рахмат.

Ответ:

Урматтуу Канат! Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдын "Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын укуктары" аттуу 20-беренеде кызматчы төмөнкүлөргө укуктуу болгону жазылган: жетекчи менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнүүчү тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү билим берүү, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иштер менен алектенүүгө укуктуу.

Алик     [14 Октября 2017]

Саламатсызбы, бизде айыл окмотто 4 бош ваканция бар. 4 айдан бери жарыяны газетага чыгарабыз, бирок кадр службадан тесттен отпой жатышат. Ошондуктан, тестке катыштырбай эле, комиссия аркылу жумушка алса болобу? Рахмат

Ответ:

Урматтуу Алик! Да, ахыбалыңар жакшы эмес экен, азыркы мыйзам боюнча татыктуу, билимдүү, замандын талабына төп келген кызматкерлерди тандалып алынышы керек. Мыкты кадр-кызматкерлер эмгектенген жерде ийгиликтер жана өнүгүү болот. Бекеринен “ кадрлар баарын чечет” деп айтылбаганын турмуш көргөзүп жатпайбы. Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниипалдык кызмат тууралуу” мыйзамына ылайык мунициалдык кызматка кирүүнүн тартибине ылайык конкурстук негизде гана жүзөгө ашырылат (23-берене).  Демек, мыйзамга туура келбеген шартта кабыл алууга болбойт.

Азамат     [13 Октября 2017]

Саламатсыздарбы, Жергиликтуу оз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен КР мамлекеттик каттоо кызматынын муниципалдык менчикти каттоо боюнча 2017-жылдын 15-мартында эки тараптуу тузулгон меморандумду кайдан таап окусак жана кочуруп алсак болот? Рахмат.

Ответ:

Урматтуу Азамат! Сиз сураган меморандумду биздин сайтыбыздын үстүндө ЗАКОНОДАТЕЛЬСТВО деген баскыч бар. Ошону бассаңар Конституция КР, Кодексы деген разделдер чыгат. Разделдердин соңуна чыксаңар ДОКУМЕНТТЕР деген раздел бар. Ошол разделдин аяңкы документи "Меморандум ГАМСУМО и ГРС.pdf" - ушуну бассаңыз документ компьютерге жүктөлөт.

Азамат     [13 Октября 2017]

Саламатсызбы Рита Эже! 1. Айылдардагы комокторду кечки саат 11ден кийин жабуу кандай ишке ашырылат? 2. Айыл окмотунун мини футбол таласын акча толотуп иштетууго ким кайрылат? Рахмат

Ответ:

Урматтуу Азамат! 1. Айыл ичиндеги чакан жана орто бизнеске кирген дүкөн жана башка кызмат көрсөткөн түйүндөрдүн иште мөөнөтүн жергиликтүү бийликтин чектөө коюу укугу жок, албетте алар мыйзамдуу иш жүргүзүп жатышкан болсо. Кыргызда “ кеңешип кескен бармак оорубайт” деп айтылгандай, айылдагы дүкөндөрдүн түнкүсүн иштебей коюсу боюнча маселени жалпы элдик жыйынга алып чыгып кароо керек, дүкөндөрдүн ээлеринин катышуусунда, аларды катыштырбай маселе кароого болбойт. Жалпы элдик жыйындан кийин айылдык кеңештин сессиясына алып чыгып кароого болот. Дүкөн иштеткен жарандар, биринчиден иш орун жараткандар, экинчиден жергиликтүү бюджетке 3 салыктын түрүн төлөөчүлөр, үчүнчүдөн соода жаатында элге кызмат көрсөткөндөр, буларды эстен чыгарбаш керек. 2. Биринчиден, мини футболдук талаа муниципалдык менчиктеги обьектке кирет, экинчиден аны карап күтүү керек.Ошондуктан айыл өкмөтү айыл элинин, өзгөчө жаштардын талабына ылайык мини футбол талааны максаттуу колдонуунун стратегиясын иштеп чыгуусу зарыл. Мыйзам муниципалдык менчиктеги обьекттерди ижарага берүү менен колдонууга жол берет, кайсы бир кызыккан тарап менен келишим түзүлүп, анда ижара акынын көлөмү көрсөтүлүшү керек. Ижара акыны айыл өкмөтү айыл кеңешке алып чыгып токтом менен бекитип алат. Мындай обьектини дайыма карап көзөмөлдөп турбаса, тез арада жарактан чыгып калуусу мүмкүн.Ошондуктан натыйжалуу пайдалануу үчүн жолдорду кароо керек. Тажрыйба көргөзгөндөй, мини футбол талаа кечки убакта көп колдонулат, демек ал жерде электр жарыгынын , андан тышкары сууга чайкануу, кийим которуу үчүн чечинүүчү ж.б. керектүү жайлар болуусу да мезгилдин талабы. Ошондуктан, ушундай жана башка шарттардын болуусу үчүн каражат сарпталат, мындай шартта акча төлөп ойноо керек. Акы төлөп ойноодон түшкөн каражат мини талааны кармап күтүүгө жеткендей болгону ылайыктуу, жергиликтүү бюджетке жүк болбош керек.

Мирлан     [12 Октября 2017]

Саламатсыздарбы, мен айыл окмотто ФЭБ башчысымын, мага райондук администрациянын токтомун жибериптир. Токтомдо аскерге чакыруучуларды медициналык кароодон откоруу учун жана аскерден качкан жарандарды издоо учун Райондук Аскер комиссариатынын талабына ылайык 20 литр ГСМ жана 5000 сом каражат берууну жагын айыл окмот башчыларына милдеттендирген. Менин суроо томондогудой, жергиликтуу бюджеттен Райондук Аскер комиссариатына акча каражат жана куйуучу май берууго мыйзам жол береби же жокпу ?

Ответ:

Урматтуу Мирлан! Жыл сайын эки жолу райондук мамлекеттик администрация жазгы жана күзгү аскерге чакырууну уюштуруу тууралуу токтомун чыгарат. Ал токтомдун долбоорун райондук аскер комиссариаты даярдап келет. Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 20-беренеси “мамлекеттик ыйгарым укуктар” деп аталып, анын 7–пунктунда: “ аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын алгачкы эсепке алынышын жүргүзүү, аларды аскердик эсепке кабыл алуу жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чакырууну уюштурууга көмөктөшүү” деп көрсөтүлгөн. Бул жерде өзүңөр көргөндөй каражат жагынан материалдык жардам көрсөтүү тууралуу жазылган эмес, жергиликтүү бюджеттен каражат айыл өкмөттөр менен мамлекеттик коргоо комитетинин райондогу өкүлү аскер комиссариатынын ортосунда келишим түзүлгөндөн кийин гана берилиши керек. Ал келишим түзүлбөгөндөн кийин акимчиликтин мындай токтомдорун аткаруу айыл өкмөттөрү үчүн мыйзамсыз болуп эсептелет.

Канат     [12 Октября 2017]

Где можно найти список дотационных айыл окмоту за 2015-2016 гг.?

Ответ:

Урматтуу Канат! Список дотационных айыл окмоту за 2015-2016 гг. вы можете найти на сайте http://www.gamsumo.gov.kg или позвонить в Государственное агентство по делам местного самоуправления и межэтническим отношениям при Правительстве КР (ГАМСУМО) по телефону + 996 (312) 664656.

Тилек     [11 Октября 2017]

Саламатсызбы! Мен август айында РФ жана Кытайдан техника алгам өзүм колдоонуга. Мага азыр салык кызматынан кат келди салык НДС төөлө деп.

Ответ:

Урматтуу Тилек мырза саламатсыңарбы. Биринчиден, сиз РФ жана Кытайдан негизги каражаттарды (техника) биздин өлкөнүн аймагына киргизип жатканда бажыдан эле төлөтүш керек болчу. Экинчиден, бул маселе КР Салык кодекси менен жөнгө салынат. Кодекстин 259-беренесинде "Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу негизги каражаттарды КНС (НДС) төлөөдөн бошотуу" эки кана багытта бул салыктан бошотулат: п.1. КНС төлөөчү катары катталган чарбакер субъекттер өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүчү негизги каражаттар, КНС төлөөдөн бошотулат. п. 3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, айыл чарбалык товар өндүрүүчү жана айыл чарбалык товардык-сервистик кооператив өзүнүн өндүрүштүк максаты үчүн жана товардык-сервистик кооперативдин мүчөлөрү үчүн импорттоочу жана/же чарбакер субъект финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча импорттоочу негизги каражаттар ал чарбакер субъект КНС төлөөчү катары катталган фактысына карабастан КНС төлөөдөн бошотулат. Ушундан улам, сиз бул салыктан бошотулуш үчүн: же КНС төлөчү болуп катталган болушуңар керек, же айыл чарбалык, товардык сервестик ишканаңар болушу керек. Эгер сизге бажы төлөп жатканда бул салыкты алышпаса, азыр алганга укугу жок. Ошол август айында сиз чек арадан өтуп жатканда салык алынышы керек болчу. Сурооңузга чоң рахмат. Эгер салык кызматы, жок бул туура эмес десе, ушул сайттын КОНТАКТЫ бөлүмүндө биздин уюлдук телефондор жазылган, чалыңыз. Салык кызматы менен бул маселени мыйзам чегинде чечкенге даярбыз. Терең урматтоо менен, Рита Карасартова

Страницы:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 45 46 47 48 49 50 51 52 53 54 55 56 57 58 59 60 61 62 63 64 65 66 67 68 69 70 71 72 73 74 75