Форум
Всего тем: 4
Всего сообщений: 2

Интеррнет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Введите символы с картинки

Ваш вопрос

Роза     [11 Июня 2019]

Саламатсызбы Рита эже! Менин суроом Лейлек районунун Сумбула айыл окмотуно караштуу Коммуна айылында жайгашкан борбордук чон магазинди (чайхана, бала бакчанын мандайында, жолдун ары тарабында жайгашкан) жеке адам белгисиз жагдайда сатып алган, ошонун мыйзамдуулугун тактай албай жатабыз, чондор сатып алып, башка бироолорго каттатып коюптур, ушул маселени тактаганга жардам беришинизди суранабыз? Бул магазин айыл өкмөттүн балансында турган.

Ответ:

Жооп: Урматтуу Роза! Эгерде Сиз кызыккан дүкөн муниципалдык менчиктеги мүлк катары каттоодо турган болсо, анда Сумбула айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңешинин архивдик материалдарынан издөө керек. Архивдик материалдардан дүкөн качандан баштап муниципалдык менчикте турганы, качан курулганы, баштапкы баасы, качан, кандай жол менен сатылганы же ижарага берилгени ж.б. тийиштүү маалыматтарды билүүгө болот. Экинчи жагынан алсак, Сумбула айыл өкмөтү менен айылдык кеңеши расмий түрдө кат менен Лейлек райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгына кайрылып, бул дүкөн-объект жеке менчик катары кимге кандай документтердин негизинде катталганын аныктаса да болот. Эгер ал дүкөн жеке менчикке өтүп кеткен болсо, райондук салык кызматынан ким мүлк, жер салыгын төлөп жатканын да тактаса болот. Албетте, азыркы учурда айыл өкмөттүн бул объект боюнча маалыматка ээ болбогону таң калычтуу жана өкүнүчтүү, себеби жергиликтүү бийлик өз аймагындагы бардык менчиктеги мүлктөр боюнча, биринчи кезекте муниципалдык мүлк тууралуу толук маалыматтарды билүүсү керек. Биринчиден, бул дүкөн жок эле дегенде 3 түрлүү салык төлөй турган объект болуп эсептелет. Сиз, айыл өкмөт, айылдык кеңеш жана райондук ГРС жана салык кызматына суроо менен кайрылгыла, алар 14 күндүн ичинде сизге расмий жооп узатышы керек. Жооп албай калсаңар, анан бизге жазып койгула, ошондо мыйзам чегинде жоопко тартабыз. What's App 0554620484

Эмирхан     [10 Июня 2019]

Саламатсыздарбы! Суроо томомндогучо: мэрияда жайыт жерди жер адиси башкарат. Жайыт комитетин тузууго жайыттын аянты аз болгондуктан мумкун эмес. Жайыт жерге лыжа база ачууга мэрияга бир жаран кайрылды. Суралган жайыт жерди лыжа тебуу базасын ачуууга, мэрия жер комиссияда карап уруксат бере алабызбы? Суралган жер аянтында азыркы учурда жайыт пайдалануучу жайыт жерди, беш жылдык моонотко пайдаланууга алган. Жайыт жерди лыжа базасын куруу учун жерди бере алабызбы, берилсе канча жылга жана кайсы мыйзамдын негизинде бере алабыз? Мал жайюуга биринчи берилеби же лыжа базасын ачууга жер биринчи берилеби?

Ответ:

Урматтуу Эмирхан. Жайыт жерди лыжа тебуу базасын ачууга мэрия жер комиссияда карап уруксат бере аласынар. Суралган жер аянтында азыркы учурда жайыт пайдалануучу, жайыт жерди беш жылдык мөөнөткө пайдаланууга алган, деп жатасынар. КР «Жайыттар жөнундө» мыйзамында 12-берене. Ижаралоо укугун жайыт белетине алмаштыруунун тартиби: 1. Мамлекеттик менчиктеги жайыт жерлерин ижаралоого катталган укугу бар, жайыт пайдалануунун белгиленген тартибин мурда сактаган жайыт пайдалануучуларга ушул Мыйзам колдонууга киргизилгенден кийин өзүнүн ижаралоо укугун ижарада камтылган жайыт аянттарынын оптималдуу жүгүнө ылайык, малдын максималдуу санын жаюуну жабуучу жайыт белетине милдеттүү түрдө алмаштырылат. Ошондуктан жайыт пайдалануучу өзүнүн ижаралоо укугун жайыт белетине милдеттүү түрдө алмаштыры керек. Жайыт жерди лыжа базасын куруу учун жерди бере аласыз. Канча жылга беруну кенеш озу чечет, мөөнөту келишимде көрсөтулушу керек. КР «Жайыттар жөнундө» мыйзамдын негизинде бере аласыз. Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу - жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу, аларга аң уулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу, туризм жана жарандардын эс алуусу кирет, бирок ушуну менен эле чектелбейт. 3-1-берене. Жайыттарды пайдалануу 1. Жайыттарды пайдалануу жайыттарды башкаруу планына ылайык жүзөгө ашырылат. 2. Жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу жайыт белеттеринин негизинде жүзөгө ашырылат. 3. Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жайыттарды башка максаттарда пайдалануу тууралуу келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат. 10-берене. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөө 5. Жайыттарды башка максаттарда пайдаланганы үчүн акы төлөө төмөнкүдөй аныкталат: - иши жайыт кыртышын бузууга алып келген участоктордо - мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерине ылайык; - иши мал жаюуну болтурбоочу, бирок жайыт кыртышын бузууга алып келбеген участоктордо - мал жаюу үчүн бул участокту пайдалануу үчүн акыга барабар өлчөмдө; - иши мал жаюуну алып салбаган жана жайыт кыртышы бузулбаган участоктордо төлөм алынбайт.

Акынбек     [6 Июня 2019]

Кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак жерлери канча жылга ижарага берилет?

Ответ:

Урматтуу Акынбек мырза. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобо аркылуу жөнгө салынат. ТИПТҮҮ ЖОБОнун 3. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан айыл чарба багытындагы жерлер 5 жылга ижарага берилет, буга кайрак айдоо жана көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жерлер, үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик чарбаларды, илимий-изилдөө, тажрыйба- селекциялык, сорт сыноо иштерин жүргүзүү жана айыл чарба кооперативдери үчүн 20 жылга чейинки мөөнөткө берилген жерлер кирбейт. ТИПОВОЕ ПОЛОЖЕНИЕ об условиях и порядке предоставления в аренду земель Государственного фонда сельскохозяйственных угодий 3. Земли Государственного фонда сельскохозяйственных угодий предоставляются в аренду на 5 лет, за исключением земель богарной пашни и занятых многолетними насаждениями, земель для ведения семеноводческого, племенного, экспериментального хозяйства, научно-исследовательских, опытно-селекционных, сортоиспытательных работ и сельскохозяйственных кооперативов, которые предоставляются сроком до 20 лет.

Асан     [28 Мая 2019]

Саламатсызбы. Айыл окмотунун кызматкерлеринин айлык маяналарын эми мындан кийин жума сайын табель тузуп, ким келди, канча саат иштеди, деп кол коюп, анан келген кунуно, иштеген саатына жараша айлык аласынар деп атат. Ушул жагы канчалык денгээлде мыйзамдуу болот. Ар кызматкер контордо эле отура бербейт да туурабы ар жумуш ар кандай да, ар кандай жагдайда иш алып барышат. Же жон гана коркутуубу. Мыйзам боюнча болунгон маянага эч ким кыскарта албайт да туурабы. Жооп берип койсонор. Рахмат.

Ответ:

Урматтуу Асан. КР “Эмгек кодексинин” беренелери менен таанышып асланыз болот. 89-статья. Жумуш убактысы жана аны ченемдештирүү түшүнүгү Кызматкер ички эмгек тартибинин эрежесине же иш графигине, болбосо эмгек келишиминин шарттарына ылайык өз эмгек милдеттерин аткарууга тийиш болгон мезгил жумуш убактысы деп эсептелет. Жумуш убактысы календардык жуманын (иш жумасынын) узактыгына жана сутканын аралыгына (жумуш күнү, жумуш кезмети) анын узактыгынын ченемдерин белгилөө аркылуу ченемдештиришет. 90-статья. Жумуш убактысынын ченемдүү узактыгы Жумуш убактысынын ченемдүү узактыгы ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо жумасына 40 сааттан ашпоого тийиш. Тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишимдеринде жумуш убактысынын аз узактыгы каралышы мүмкүн. 144-статья. Уюмдардын иш ырааты. Тартип жөнүндө уставдар жана жоболор Уюмдагы ички эмгек тартиби иш берүүчү уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүктүү органы менен макулдашылгандан кийин бекитилген ички эмгек тартибинин эрежелери менен аныкталат. Уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелери - кызматкерлерди жумушка кабыл алуунун жана жумуштан бошотуунун, эмгек келишиминин тараптарынын негизги укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин, уюмдун иштөө режимин, эс алуу убактысын, кызматкерлерге карата колдонулуучу сыйлоо жана жазалоо чараларын жана уюмда эмгек мамилелерин жөнгө салуунун башка маселелерин ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык жөнгө салуучу уюмдун ченемдик локалдуу актысы. 155-статья. Эмгек акыны белгилөө Эмгек акы төлөө тутумдары, тарифтик ченемдердин, айлык акылардын өлчөмдөрү, кызматкерлердин айрым категорияларынын ортосундагы алардын өлчөмдөрүндөгү айырмалар, сыйлоо тутумдары, төлөөнүн тартиби жана шарттары, жыл ичиндеги иштин жыйынтыгы үчүн, иштеген жылдары үчүн төлөнчү акылар, материалдык сыйлоонун башка түрлөрү макулдашууларда, жамааттык келишимде (эгерде жамааттык келишим түзүлбөсө - кесиптик бирликтин же өкүлчөлүктүү орган менен кеңешкенден кийин иш берүүчү тарабынан), уюмдун локалдуу ченемдик актыларында, эмгектик келишимдерде аныкталат. Мамлекеттик бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акы төлөө тутуму жана өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте аныкталат. Эмгек келишиминдеги эмгекке акы төлөө шарты мыйзамдарда, башка ченемдик укуктук актыларда, макулдашууларда жана жамааттык келишимде белгиленгенден начар болушу мүмкүн эмес. Макулдашууларда, жамааттык келишимде, уюмдардын локалдуу ченемдик актыларында аныкталган эмгек акы төлөө шарттары мыйзамдарда белгиленгенден начар болушу мүмкүн эмес. Статья 89. Понятие рабочего времени и его нормирование Рабочим считается время, в течение которого работник в соответствии с правилами внутреннего трудового распорядка или графиком работы либо условиями трудового договора должен выполнять свои трудовые обязанности. Рабочее время нормируется путем установления норм его продолжительности на протяжении календарной недели (рабочая неделя) и в течение суток (рабочий день, рабочая смена). Статья 90. Нормальная продолжительность рабочего времени Нормальная продолжительность рабочего времени не может превышать 40 часов в неделю, за исключением случаев, предусмотренных настоящим Кодексом. В трудовых договорах по согласованию сторон может предусматриваться меньшая продолжительность рабочего времени. Статья 144. Трудовой распорядок организации. Уставы и положения о дисциплине Внутренний трудовой распорядок в организации определяется правилами внутреннего трудового распорядка, утверждаемыми работодателем после согласования с представительным органом работников организации. Правила внутреннего трудового распорядка организации - локальный нормативный акт организации, регламентирующий в соответствии с настоящим Кодексом и иными законами порядок приема и увольнения работников, основные права, обязанности и ответственность сторон трудового договора, режим работы организации, время отдыха, применяемые к работникам меры поощрения и взыскания и иные вопросы регулирования трудовых отношений в организации.

Токтосун     [23 Мая 2019]

Саламатсызбы! Айылдык кенештин депутатыгы муниципиалдык стаж катары эсепке киреби? Мыйзам боюнча непрерывный общий стаж деген экен

Ответ:

Урматтуу Токтосун мырза. Сайтта бул мыйзам орус тилинде болгондуктан орус тилинде илип коеюн. Закон «О статусе депутатов местных кенешей» Статья 25. Охрана трудовых и иных прав депутата  Депутат местного кенеша не может быть по инициативе администрации предприятия, учреждения, организации, независимо от форм собственности, уволен с работы (кроме случаев полной ликвидации предприятия, учреждения, организации), а также переведен в порядке дисциплинарного взыскания на нижеоплачиваемую работу (должность) без предварительного согласования с соответствующим местным кенешем, а в период между сессиями местного кенеша - с председателем местного кенеша и заключений мандатной комиссии, комиссии по вопросам депутатской деятельности и этики. Соответствующий местный кенеш обеспечивает трудоустройство депутата, который был избран на выборную должность в местном кенеше, после истечения его полномочий. Время работы депутата в местном кенеше засчитывается в стаж муниципальной службы, а также в стаж работы (службы) по той специальности, по которой он работал до избрания депутатом в местный кенеш. За депутатом сохраняются все права и льготы, которыми пользуются работники соответствующего предприятия, учреждения, организации. Акыркы эки сүйлөм сиздин сурооңузга таандык.

Карымшаков Фархад     [17 Мая 2019]

Как и где должен происходить, подниматься вопрос о недоверии главе айыл окмоту. Существует ли отдельное положение о недоверии? Можно ли поднять вопрос о недоверии сразу на сессии айылного кенеша? Также, можно ли сразу принести решение о недоверии на сессию, или должны за несколько (определенные дни) дней дать письменное уведомление главе айыл окмоту о недоверии ему депутатами айылного кенеша??? Пожалуйста дайте подробный ответ о недоверии. Коллега депутат очень просит помочь?

Ответ:

Уважаемый Фархад мырза. Ваш вопрос регулируется Законом о МСУ. Статья 49. Порядок избрания и вступления в должность и освобождения от должности главы айыл окмоту 7. Глава айыл окмоту может быть досрочно освобожден от занимаемой должности акимом: 8. В случае выражения недоверия главе айыл окмоту айылным кенешем аким в течение 3 дней вправе принять решение о досрочном освобождении его от должности либо не согласиться с решением айылного кенеша с официальным направлением мотивированного решения об отказе. 9. В случае повторного выражения недоверия главе айыл окмоту депутатами айылного кенеша аким освобождает его от занимаемой должности. Вопрос о недоверии главе айыл окмоту поднимается на сессии айыльного кенеша.

Хасан     [8 Мая 2019]

Айылдык кенештин депутатары кебир мыйзамдарды бекитип берсе жоопко тартылабы, мисалы бардык депутат колдосо?

Ответ:

Жооп: Урматтуу Хасан! Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 36-беренесинде жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актылары жөнүндө айтылат, анда: “ Жергиликтүү кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча чечимдери, мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештин чечимдери токтом түрүндө чыгарылат да, кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат. 2. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган жергиликтүү кеңештин чечимдери тиешелүү аймакта турган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү. 3. Жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет. 4. Жергиликтүү кеңештердин чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте четке кагылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн” деп айтылат. Жергиликтүү-айылдык кеңештин депутаттарынын чечими токтом түрүндө гана болот, ал эми мыйзамдар Жогорку Кеңеште кабыл алынат. Ошондо, сизге же коомчулука жакпай калган токтом болсо, эл талап кылса жергиликтүү кеңеш өз токтомун кайра жокко чыгара алат, же аны сот аркылуу жокко чыгарса болот. Токтомду туура эмес чыгардыңар деп, жоопко тартуу маселеси каралган эмес. Кандай бир кылмыш ишинин негизинде, чыгарылган токтом - алдамчылыктын бир багыты болсо, ошондо ошол жасалган кылмыш боюнча тартылат.

Талантбек     [8 Мая 2019]

Салам. Ишинерге ийгилик. Суроом ? Айылда таза суу уйундо чыкандар 200 сом, кочодон ичкендер 50 сомдон толойт. 3 Адам иштейт элден акча чогултуп светке, айлык, ремонт кылышат бары квитанция менен налог, соцфонтко акча толойбуспу же толобой элди суу менен камсыз кылса болобу? Кененирек берсенер маалымат, алдын ала чоон рахмат.

Ответ:

Жооп: Урматтуу Талантбек! Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн милдеттердин бири. Бул милдетти аткаруу үчүн жергиликтүү бийлик органдары калкты суу менен камсыз кылуучу муниципалдык ишкана же ИСКАКБ (орусчасы – СООППВ) түзүшөт, ал ишкана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген уставына ылайык чарбалык эсепте иш жүргүзүп, өзүн-өзү каржылоо жолу менен иш алып барат. Ал ишкана калкка ичүүчү суу берүүдөгү тариф саясатын иштеп чыгып, жергиликтүү кеңештен, андан кийин монополияга каршы агенттиктен бекитет. Муниципалдык ишкана мыйзамга ылайык мамлекеттик органдардан каттоодон өтүп, салыктарды (киреше салыгы, роялти), социалдык төлөмдөрдү жана коммуналдык акы төлөмдөрдү жүргүзөт. Айлык акыдан киреше салыкты жана социалдык фондго төлөмдөрдү албетте жүргүзүшү керек. Жер салыгы төлөнбөйт.

Уланбек     [25 Апреля 2019]

Саламатсызбы Самыйбек ава. Ден соолук ишинизге ийгилик каалоо менен бирге суроо берейин дедим эле. Айылдын четинде илгерки тонолуп бочкалары таратылып кеткен заправканын жери бар .Ал жер эч кимдин менчиги эмес бош турат.А/о баланста да эмес. Мамлекеттик муниципалдыкда каттоодо жок, безхоз. Бирок картада контуру заправка деп турат. Сураган эл бар, коруп, үй салып, бак тигип дегендей. А/о кайсы мыйзамга такап, менчикке же ижарага бериш керек. Рахмат.

Ответ:

Жооп: Урматтуу Уланбек! Айыл өкмөтү сиз айткан заправканын ээлеген жер аянтын тактоо үчүн мамлекеттик каттоо органынан ал жерге менчиктин ээси жок (бесхозный) тууралуу тыянак алуусу зарыл.Тыянак алынгандан кийин муниципалдык менчикке каттоо үчүн иш-аракеттерди жүргүзүү зарыл, айылдык кеңешке алып чыгып, ал муниципалдык жерди кандай максатта колдонууну токтом менен бекитип алуу керек. Андан кийин максатына ылайык ижарага берүү же сатуу жолдору менен колдонуп баштайт. Эң башкысы, айыл өкмөтү бардык иштерди КР “ Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык иштерди жүргүзөт. Муниципалдык менчик деп табылгандан кийин кана айыл өкмөт ал мүлктүн тагдырын чече алат.

Алик     [23 Апреля 2019]

Урматтуу Самыйбек байке! Айылдык кенештин ыйгарым укуктары, АОнун ыйгарым укуктары, комчулуктун ыйгарым укуктары кайсылар!

Ответ:

Жооп: Урматтуу Алик! Сиз сураган жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагындагы жергиликтүү кеңештин, айыл өкмөттүн жана жергиликтүү коомчулуктун ыйгарым укуктары жана милдеттери Баш мыйзам – Конституция баш болуп, бир нече укуктук-ченемдик актыларда көрсөтүлгөн. Ал укуктук –ченемдик актылар төмөнкүлөр: - КР Бюджеттик Кодекси; - КР “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы; - КР “ Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамы ; - КР “ Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө “ мыйзамы; - КР “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы ; - КР “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамы. Бул суроого толук жооп жазуу көп орунду жана убакытты ээлегендиктен, өзүңүз жогорудагы мыйзамдарды кунт коюп окуп, таанышып чыгыңыз.