Форум
Всего тем: 4
Всего сообщений: 2

Интеррнет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Введите символы с картинки

Ваш вопрос

Эрмек     [27 Марта 2017]

Жаны шайланган окмот башчы, башка окмото жашаса шайланган айыл аймака келип жашашы милдетуубу же каттап иштесе болобу служебныйда. Барып келген жол акысын окмотон толонобу? Кененирек жооп берсенер.

Ответ:

Эрмек. Айыл окмот башчысы башка айыл окмотто жашашы болот, кочуп келгенге милдетуу эмес. Барып келгенге жол кире толонбойт. Алыс болсо квартирага чыкса болот.

Дони     [24 Марта 2017]

2007жылы окмот участкага токтом чыгарган, архитектура деле чертёж сызып берген, бирок 2013жылы прокуратура жокко чыгарган деп жатат. Анан ал жер аренда деп, жатат. Токтом кучун жоготобу? Ал жерде барыныкы эместа? Эмнеге жокко чыгарылган жарымы?

Ответ:

Урматтуу Дони. Сиздин суроонузга жооп беруу учун суроонузду тактап жибериниз. 1. Эмне жер, категориясы эмне, ээси ким? 2. Прокуратура токтомду жокко чыгаралбайт, ал сот аркылуу кана жокко чыгат. 3. Аренда болсо, аренда экенин эмне тастыктайт? Ижарага алынган жерге кантип токтом чыккан? 4. Барыныкы эместа - адна кимдики? ТУШУНУКСУЗ суроонуз. Суролордуу так жазбасанар, туура жооп бере албайбыз.

Эрмек     [24 Марта 2017]

Жаны окмот "Мен эски окмотун ишин билбейм" деп жатат. Эмнеге окмот болгондон кийин барына жооп береби, акча маселеси болсода, бутпогон иштерди да. 2 суроо. Окмотту канча депутат бошото алат, бир эле сесияданбы, толугураак жазсанар.

Ответ:

Урматтуу Эрмек мырза! Жаңы шайланган айыл өкмөт башчысы өз кызматтык милдетин аткарууга шайлоонун жыйынтыгы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому чыккандан баштап киришет. КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 50-беренесинде айыл өкмөт башчысынын ыйгарым укуктарында,ал айыл өкмөттүн ишине жетекчилик кылары жана анын жыйынтыктарына жооптуу болору жазылган. Демек, жаңы айыл өкмөт башчысы өзүнөн мурун иштеген айыл өкмөттүн ишин улантуучу болуп эсептелет. Жергиликтүү маанидеги бардык маселелер боюнча айыл кеңеш менен чогуу талкуулап чечип алып иш жүргүзө берсе болот. Эгерде айылдык кеңеш же айыл өкмөтү тарабынан мурда кабыл алынган кайсы бир укуктук-ченемдик актылар (токтом, чечим, буйрук ж.б.) бүгүнкү күнү иштөөгө тоскоолдук жаратып жаткан болсо, анда аны мыйзам чегинде кайра карап чыга алат. Жогорудагы аталган мыйзамдын 49-беренесинде “ айыл өкмөт башчысын шайлоонун, кызмат ордуна киришүүсүнүн жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби “тууралуу толук маалымат ала аласыз. Бул берененин 7- пунктунда айыл өкмөт башчысына айыл кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ИШЕНБЕСТИК БИЛДИРГЕН учурда деп көрсөтүлгөн.

Азамат     [24 Марта 2017]

Мелис байке! 1.Соц пакетти кирпич заводтордон кантип алабыз,2. Жергиликтуу кенеш кантип коэфициенттерди бекитет. ар бир айылдын картасын тузуу керекпи жана аларды кантип жалпылаштырабыз(17 айыл болсо Айыл аймакта)

Ответ:

Урматтуу Азамат мырза! Кыргыз Республикасынын «Кен байлыктар жөнүндө” кодексинде “социалдык пакет - бул жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын обьекти жайгашкан аймактагы региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү жөнүндө жер казынасын пайдалануучу менен аткаруу органынын ортосундагы макулдашуу, ал жергиликтүү коомчулуктун социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде даярдалат” деп айтылат. Конкурстун негизинде кен байлыкты иштетүү үчүн лицензия алган компания жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен кандайдыр бир суммага соцпакет берүүгө милдеттүү. Соцпакетте акча каражаттарынан тышкары жергиликтүү жарандарды жумушка орноштуруу, аларга татыктуу эмгек акы төлөө жана жакшы иштөө шарттарын түзүүнү караса болот. Албетте алардын (компаниялар) жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктык жана салык эмес төлөөлөрүн унутпөө керек. Кыргыз Республикасынын “ Салык” кодексинин 339-беренесинде калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын ставкаларын бекитүү укугу жергиликтүү кеңештери берилгени айтылган .Ушул берененин 4 пунктунда төмөнкүдөй жазылган: Кз зоналык коэффициентинин мааниси жергиликтүү кеңештер тарабынан экономикалык-пландалуучу зоналардын өзгөчөлүктөрүнө жараша, өтүп жаткан жылдын 1-октябрынан кечиктирилбеген мөөнөттө 3 жылда бир жолу төмөнкү өлчөмдө белгиленет: 1) Бишкек шаарында - 0,6дан 3кө чейин; 2) Ош шаарында - 0,3төн 3кө чейин; 3) башка калктуу конуштарда - 0,3төн 1,2ге чейин. Айыл аймактагы калк жашаган айылдарды өзгөчөлүктөрүнө карата зоналарга бөлүп караса да болот. Мисалы: калк көп жашаган, магистралдык чоң жолдун боюнда жайгашкан же инфраструктурасы толук иштеген айылдарга жогорку коэффициенти, жогоркудай өзгөчөлүктөрү жок айылдарга төмөнкү коэффициенти койсо болот. Бул жерде терең жана толук анализ жасоо керек.

Руслан     [22 Марта 2017]

Саламатсыздарбы? 1 суром: Айыл окмотун башчысын депутаттар эмес эл шайлайт, деп сунуш болду эле, ал ишке ашабы? 2 суроом: Айыл окмотунун башчысына талапкер болуу учун взнос толош керекпи? Мумкун болсо кененирээк айтып берсениздер? Чоон рахмат!

Ответ:

УРМАТТУУ РУСЛАН МЫРЗА! Сиздин эки сурооңузду окуп чыгып бириктирип, анан бир эле жооп берүүнү ылайык көрдүк. АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРЫН ЖАЛПЫ ЭЛ ШАЙЛАШЫ ТУУРАЛУУ МАСЕЛЕ БҮГҮНКҮ КҮНДӨ ӨТӨ ОРЧУНДУУ МАСЕЛЕЛЕРДИН БИРИ. Биздин өлкөнүн кыска тарыхында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болгон айыл өкмөттүн башчысын жалпы эл аркылуу шайлануусу 2001-2005- жылдары болуп өткөн .2009- жылдан баштап мыйзамдарга өзгөрүү киргенден кийин айыл өкмөт башчысын шайлоо пазыйпасы жергиликтүү бийликтин эл өкүлдөрү болгон депутаттарга тийген эле. Ошентип, өзүңуз жакшы билгендей азыркы кезде депутаттар айыл өкмөт башчысын шайлап келе жатышат. Кийинки мезгилде Жогорку Кеңеште депутат К. Бокоев тарабынан айыл өкмөт башчысын шайлоону кайрадан жалпы элдик шайлоого өткөрүү тууралуу мыйзам даярдалып жалпы коомчулукка талкууга коюлуп жатат. Жакында республиканын аймактарында ушул маселеге арналаган талкуулар өткөрүлгөнү ММК маалым болду. Эгер коомчулуктан колдоо таап, андан кийин Жогорку Кеңештен депутаттар мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөрдү кабыл алышса, буюрса болжол менен 2020-жылдан баштап айыл өкмөт башчыларын эл шайлаганына да күбө болобуз. Бул боюнча толук маалыматты биздин МСУ.кж сайтынын жаңылыктар бөлүгүнөн кенен тааныша аласыз. Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзаымынын 48- беренесинде айыл өкмөт башчысына коюлуучу талаптарда талапкерлердин акчалай взноз төлөөсү каралган эмес. Демек, талапкерлер эч кандай акча каражаттарын төлөбөйт.

Талант     [20 Марта 2017]

Майрамынар менен админ. Ишинерге ийгилик, ден-соолук, уй-булолук бакыт калайм. Элдин туйшугун тушуно билген жана ото зарыл болгон иштерине жардам бергениниздерге ото чоон рахмат айтам.

Ответ:

Талант мырза саламатсынарбы. Куттуктоонузга чон рахмат. Майрамдык маанай бирге болсун. Мамлекетибиз онукконго чогу кадам таштайлы. Биригип койгойлорду чечели.

Канат     [17 Марта 2017]

Саламатсыздарбы? Ондуруш тармагында иштейм. 2 жыл шайлоо комиссиясында мучо болуп эки шайлоодо иштеп бердим. Ал стажка киреби? Кирсе кандай стажка кирет? Шайлоо комиссиясына мучо болгондун кандай женилдик жактары бар? Чоон рахмат.

Ответ:

Канат мырза саламатсынарбы. Шайлоо комиссиясында мучо болу стажга кирбейт. Борбордук шайлоо комиссиясынын мучолору дагы (торага жана анын орун басарларынан тышкары) бул ишти стажына киргизе алышпайт. Мурун женилдиктерден 6 кун отпускага кошуп берчу. Азыр сиздердин ишинер толонуп берилгенден баштап, бул женилдикти жоюп коюшкан. Суроонузга чон рахмат.

Данияр     [16 Марта 2017]

Мелис мырза ишинизге ийгилик каалайм.

Ответ:

Чон рахмат! Сиздерге дагы ишинерге ийгилик каалайбыз.

Данияр     [14 Марта 2017]

Биздин айылда 1800 шайлоочу бар. айылдык депутатка 5 мандат берген. Ошол депутаттын бирин бошотконго канча шайлоочудан добуш менен бошото алабыз? Кийинки депутат 4 адам откон эмес ошолордун кимиси болот алган голоско карайбы бир чекеден?

Ответ:

Урматту Данияр. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамынын 52-берене. Жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатынын ордун ээлөө 1. Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет: Депутаты бошотконго шайлоочулардын укугу мыйзамда жазылбай калган. Сизди урматоо менен Мелис Зарлыкович.

Толик     [14 Марта 2017]

Айыл окмот баардык иштери тендер менен качантан бери иштешет? Азыр тендерсиз берсечи, кайсыл мыйзамдын негизинде жоп берет? Же тендерсиз туз суйлошу эаркылуу откорсо болобу?

Ответ:

Урматуу Толик. Сиз берген суроого жооп Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алулар" мыйзамында толук жазылган. Айыл окмоту ошол мыйзамга ылайк сатып алуларды тендердин негизинде откорушу керек. Мыйзамдын 16-берене. Мамлекеттик сатып алуулардын усулдары Мамлекеттик сатып алуулар төмөнкүдөй усулдар аркылуу ишке ашырылат:1) бир этаптуу усул;2) эки этаптуу усул;3) жөнөкөйлөтүлгөн усул;4) бааны төмөндөтүү усулу;5) келишимди тикелей түзүү усулу. 21-берене. Келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу сатып алуулар 1. Келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу сатып алуулар - сатып алуучу уюм конкурсту өткөрбөстөн, бааларга мониторинг жүргүзгөндөн кийин, сатып алуулар жөнүндө келишимге кол коюучу мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу. Берүүчү ушул Мыйзамдын 27-беренесинде каралган квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. 4. Сатып алуучу уюм келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу сатып алууларды төмөнкүдөй учурларда өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу: 1) бааларды жана техникалык адистешмелерди сактоо менен жүргүзүлгөн конкурстун негизинде түзүлгөн келишимдин наркынын 15 пайызынан ашпаган товарларды кошумча сатып алууну ишке ашырганда; 2) мурда башталган жумуштарды кеңейтүүгө же болбосо алардын көлөмүнүн чоңоюшуна байланышкан конкурстун негизинде түзүлгөн келишимдин наркынын 25 пайызынан ашпаган кошумча курулуш жумуштары же кызмат көрсөтүүлөрү ишке ашырылганда, ал эми ошол эле берүүчүнү (подрядчыны) ишке тартуу мурда аткарылган жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына карата натыйжалардын үнөмдүүлүгүн жана шайкештигин камсыз кылганда; 3) жылына бир жолу, чыгымдардын ар бир беренеси боюнча, минималдуу босоголук суммага чейинки өлчөмдө товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, сатып алганда; 4) жазыктык-аткаруу тутумундагы (пенитенциардык) ишканалардан жана мекемелерден товарларды сатып алганда; 5) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алардын өндүрүүчүлөрүнөн же бул товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата интеллектуалдык же айрыкча укуктарга ээ болгон конкреттүү берүүчүдөн сатып алганда жана сатып алуунун бөлөк усулун колдонуу мүмкүнчүлүгү болбогондо; 51) искусство жана маданият жагындагы чыгармачылык долбоорду же болбосо чыгармачылык иш-аракет үчүн сатып алууларды жүзөгө ашырууга; 6) форс-мажордук жагдайлардын токтоосуз калыбына келтирүүнү талап кылуучу кесепеттерин локалдаштыруу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда; 7) жүргүзүлгөн конкурстар өткөн жок деп таанылганда жана конкурстук документациянын кайра каралган талаптарын эсепке алуу менен конкурсту кайрадан өткөрүү келишим түзүүгө алып келбегенде; 8) сатып алуучу уюм алдын ала билбеген жагдайларга байланыштуу күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатып алууну жүргүзүүгө шашылыш зарылдык келип чыкканда, көрсөтүлгөн жагдайлар пайда болгон күндөн тартып бир айдын ичинде милдеттүү түрдө конкурс өткөрүү шарты менен; 9) мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду же референдумдарды өткөргөндө; 10) чет мамлекеттин аймагында өзүнүн иш-аракетин камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда; 11) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин иш-аракетин камсыз кылуу, анын ичинде аталган жактардын катышуусу менен жүргүзүлүүчү иш-чараларды камсыз кылуу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда, ошондой эле мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын, парламент спикерлеринин, тышкы саясый ведомство жетекчилеринин, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, ошондой эле аларга теңдештирилген жактардын деңгээлиндеги чет өлкөлүк делегациялардын визиттерин камсыз кылууга байланышкан (турмуш-тирликтик, мейманканалык, транспорттук тейлөө, компьютердик жабдууларды пайдалануу, санитардык-эпидемиологиялык жайлуулук, коопсуз тамактандыруу) сатып алууларды жүргүзгөндө.

Страницы:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 45 46 47 48 49 50 51 52 53 54 55 56 57 58 59 60 61 62 63 64 65 66 67 68 69 70