Форум
Всего тем: 4
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интеррнет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Введите символы с картинки

Ваш вопрос

Caяк     [13 Июня 2015]

Катчынын же болок кызматкерлерин милдетин аткаруу учун талаптар коюлабы, же конкурска чейин талабы жок эле иштей берсе болобу. Канча моонотто убактылу милдетин аткарса болот, чеги барбы жана ким айыл окмоттун милдетин аткарууга буйрук чыгырат.

Ответ:

Жоопту катчы - бул айыл өкмөттөгү айыл башчыдан кийинки (орун басар кызматы жок болгондо) кызмат, ошондуктан бул кызматка талапкерлерге сөзсүз талаптар болушу абзел. Конкурска чейин ушул кызматты ээлегиси келген талапкер деле мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бериши керек. Мисалы^ жоопту катчы жогорку билимдүү, 3 жылдан кем эмес муниципалдык же мамлекеттик иштерде стажы болушу керек. Эмгек кодекси боюнча милдетти аткарууга 3 ай мөөнөт барилет, ушул мөөнөттүн ичинде конкурс жарыяланып адис тандалып алышы талап кылынат. Мыйзам боюнча, айыл башчы кандай бир себеп менен жумуштан чектетилсе жаңы шайлоо болуп, айыл башчы тандалганча анын милдетин жоопту катчы аткарат, деп жазылган, бирок ошол буйрукту ким чыгарарын мыйзамда таак жазылбай калган. Талас облусунун Шекер деген айыл өкмөтундө ушундай жагдайда аким жоопту катчысына буйрук чыгарбай, айыл өкмөтүнүн милдетин аткарууга башка адамды тартып келүүгө аракет кылган. Ошондо, буйрука ким кол коюш керек деген маселе туулган. Практикада бул укукту акимдер өздөрүнө таандык кылып алышкан.

азамат     [4 Июня 2015]

Саламатсыздарбы, эгерде бир тууган иниси жергиликтуу кенештин депутаты, эжеси жергиликтуу кенештин (айыл окмоттун жооптуу катчысы) жооптуу катчысы болсо мыйзамга каршы келбейби? Бир туугандар бири-бирине баш ийип калбайбы? Тезирээк жооп берсениздер абдан жакшы болот эле.

Ответ:

Айыл өкмөттүн жооптуу катчы кызматы менен депутаттык орунду бир туугандар ээлесе мыйзам бузуу болбойт. Буга тыйуу салынган эмес.

Чынара Байгазиева     [4 Мая 2015]

Саламатсыздарбы? Менде жакшы сунушум бар эле кантип кимге жеткирсем болот? Айыл шаар жергеси бут колдоно алат, себеби азыркы жаштарыбыз жаман жолдорго барып озуно кол салып коп азап чегишуудо. Ошонун бир аз болсо да азайта алабыз деген ойдомун, кайда кимге жеткирип колдо алсам болот?

Ответ:

Чынара саламатсызбы. Ушул көйгөйгө кайдыгер карабай сунушуңарды берейин дегениниз жакшы. Ойлоруңузду бул почтага салып жибергилечи, андан ары министрлике жеткирип же ММК чыгарып көрөюн. Балким ТВ каналдан атайлап передача даярдап калсак сизди чакырабыз. koom.kg@gmail.com Сизге рахмат.

Марат     [23 Апреля 2015]

Саламатсыздарбы! Менин сиздерге суроом бар эле. Азыркы учурда нарын облусунун копчулук жеринде айыл калкы мал багып, мурдагы бузулуп кеткен сарай, кыштоолорду кайра калыбына келтируу учун сарай, кыштоолордун ордун кайра менчикке беруу боюнча кайрылып жатышат. Алардын орду жайыт жеринде. Ошондуктан мыйзам боюнча айыл окмоту чечим менен ал сарайдын, кыштоонун ордун айыл тургундарына менчикке бере алат. Эгер бере алса кайсы мыйзамдардын негизинде.

Ответ:

Кыргызстанда акыркы жолу жерлерди инвентаризациялоо 1991- жылы өткөрүлгөн. Анда өлкөбүздөгү баардык жер аянттары такталып чыккан. Анын негизинде картадагы контурлар, жер аянтынын өлчөмү, колдонуу багыттары так белгиленип көрсөтүлгөн. Сиз сураган сарайлар жайлоодогу жана кыштоодогу конуштар ошол инвентаризациялык документтерде сарай катары так көрсөтүлсө, ал жерге айыл өкмөтү тийиштүү документтерди топтоп чечим чыгарып бере алат. Ошондуктан, айыл өкмөттө колдонулуп жаткан жерлердин картасы жана инвентаризациялык китептен карап чыгуу керек. Азыркы учурда көптөгөн айыл өкмөттөрдө жогоруда аталган инвентаризациялык китеп жок, андай учурда так маалымат алуу үчүн мамлекеттик каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгына кайрылуу керек. Жайыт жеринен жаңы сарай салууга чечим чыгаруу айыл өкмөттүн компетенциясына кирбейт, себеби жайыт жерлери мамлекеттик менчиги болуп эсептелинет.

азамат     [21 Апреля 2015]

саламатсыздарбы, жергиликтуу бюджеттин сметасын ким бекитет, эски методддор боюнча айыл окмот бекитет, бирок мыйзамда айыл кенеш жерг бюджетти бекитет, ошондуктан айылдык кенештин торагасы сметаны да БЕКИТЕБИ, же МАКУЛДАШАБЫ, кээде смета озгорууго учурап кетип жатат, жерг бюджетти бекитууго байланышкан жана башка иштерди тушундуруп бересиздерби. Алдын ала рахмат

Ответ:

Азамат, эгер бир разделдин алкагында болсо, анда аткаруу бийлик өздөрү передвижка кылганга укугу бар. Эгерде бир разделден башкага өзгөрүү боло турган болсо, анда андай өзгөрүнү жергиликтүү кеңештин чечими менен кылыш керек. Мисалы бала бакчанын чыгашаларынын алкагында өзгөрүүлөр болсо, анда аткаруу бийлик өздөрүү өзгөртө беришет, эгер башка багыттан бала бакчага каражат карай турган болсо, аны депутаттар бекитип бериши керек. Кийинирээк казначейство "смета" деген системаны колдонобуз, деп пландаштырып жатышкан. Ал ойлору ишке ашса, бюджеттик мекемелер жалаң алдын ала кабыл алынган сметанын алкагында каржыланып калышат, өзгөртү укугунан ажырап. Ошондо бюджетти пландоо маселесине дыкат көңүл бурулуп калат.

азамат     [18 Апреля 2015]

Саламатсыздарбы, биздин айыл аймакта бир айылыбыз 40 км алыстыкта жайгашкан, ал жердин жашоочулары справка (үй-бүлөлүк жана мүлктүк абалын тастыктоочу маалымкаттарды) алуу учун айыл окмотко келишет. Бул оз кезегинде ошол элдин финансылык каражаты, кээде жооптуу катчы жок болуп калса убакты текке кетип жатат. Ушул маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы N 720 токтому менен бекитилген «Айыл башчысы жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБОго» ылайык чечсе болобу? жоопкерчилик кимге жуктолот, айыл башчыга жуктолобу, жаны печать жасалабы? деги Сиздер кандай сунуш бере аласыздар. Ушул маселе чечилип калса элге чон жардам болот эле. Алдын ала рахмат.

Ответ:

Айыл өкмөттөн жарандарга берилүүчү маалымат кат (справка) берүү - бул муниципалдык кызматка кирет. Жарандардын үй- бүлө жана мүлктүк абалын тастыктаган так, туура маалымат чарбалык китепте катталат, чарбалык китептеги бардык маалыматка айыл өкмөттүн жоопту катчысы жооп берет, себеби анын функционалдык милдетине кирет. Айыл аймактагы айылдардын аралыктары алыс жайгашкан учурда, айыл өкмөт башчысы өзүнүн буйругу менен айыл башчысынан функционалдык милдетине жарандарга маалымкат берүүнү киргизип, жоопкерчиликти тактап туруп, жүктөп койсо болот.

Кенеш     [8 Апреля 2015]

Скажите пожалуйста имеется-ли Указ президента или закон о запрете реализации дошкольных образовательных учреждений (детских садов)? если имеется подскажите их реквизиты? Спасибо заранее.

Ответ:

Кенеш, есть УКАЗ Президента КР от 12 февраля 1992 года № УП-48 "О содержании детей в детских дошкольных учреждениях РК", где в пункте 4 говорится "При разгосударствлении и приватизации предприятий и организаций не допускается реорганизация и изменение вида деятельности подведомственных им детских дошкольных учреждений" и УКАЗ Президента КР от 16 февраля 1995 года № УП-37 "О неотложных мерах по обеспечению условий дальнейшего использования объектов социальной инфраструктуры", где в пункте 1 говорится: "Считать что объекты социальной инфраструктуры не подлежат реализации государственными и приватизированными предприятиями и учреждениями, независимо от размера государственной доли в уставном фонде, если такие объекты находятся на их балансе, либо были переданы безвоздмездно в процессе приватизации на условиях сохранения существующего порядка использования". Спасибо за вопрос.

нурик     [7 Апреля 2015]

Айылдык кенешке талапкер кайсыл талаптарга жооп беруусу абзел?

Ответ:

Нурик, Айылдык кенештин депутаты КР Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамына ылайык иш алып барышат. Ошол мыйзамдын 2 жана 3 беренелеринде: "Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарына жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү аркылуу төрт жылдык мөөнөткө жергиликтүү кеңешке шайлануусунун натыйжасында ээ болот" Бул эмнени билдирет? Элиң колдосо депутат боло аласың. Бирок мыйзамда чектөөлөр бар: "Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат: депутат Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо; депутаттын мыйзам боюнча депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна шайланганда же дайындалганда; ал башка кеңештин депутаттыгына шайланганда, буга ушул Мыйзамда жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамда каралган учурлар кирбейт; депутат сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же дайыны жок деп табылганда, ошондой эле өлгөндө; депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде.

тыныбек     [6 Апреля 2015]

Дыйкан чарбалардын жерлерин текшеруугө айыл өкмөттун жер адистеринин кучу жетеби

Ответ:

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дыйкан чарбалардын жерлерин текшергенге укугу бар. Тактап айтканда: максатту колдонулуп жатканын,иштетилгенин, толук салык төлөнүү боюнча. Жер максатту пайдаланбаса, үч жылдан ашык иштетилбей жана салыгы төлөнбөсө айыл өкмөтү сот аркылуу жерге болгон укугунан ажыратусу мүмкүн.

Айнаш     [30 Марта 2015]

КР ЖОБ иштери боюнча Улуттук агенттигинин 2008-ж.29.01.№П-6-1 буйругу менен Ош областынын Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл окмотунун башчысы Баатыров Каныбек Маришовичке КР Муниципиалдык кызматынын 1-класстагы кенешчисинин чини ыйгарылып куболук берилген,2015-жылга чейин 1000 сомдон кошумча акча толонуп келинген,ал эми КРОнун ушул маселе боюнча мурунку жана 2013-жылдын 28.06., 384 токтомдорунун 6-тиркемесине ылайык башкы кызмат орундагы 1-класстагы муниципиалдык кенешчиге-1400 сом толонууго тийиштуу деп айыл окмоттун адистери кайрылууда.Суроо: куболукто корсотулгон чиндин олчому толонууго тийишби же 2013-жылдын 28.06.; 384 токтомдорунун 6-тиркемесине ылайык башкы кызмат орундагы 1-класстагы муниципиалдык кенешчиге-1400 сом толонууго тийиштуубу? Кайчы пикирди туура, мыйзам чегинде чечип беруунуздорду суранабыз.

Ответ:

Айнаш, 2013-жылдын 28.06.; 384 токтомдорунун 6-тиркемесине ылайык башкы кызмат орундагы 1-класстагы муниципиалдык кенешчиге-1400 сом төлөнөт. Бирок айыл өкмөттүн башчыларына сиз жазгандай Муниципиалдык кызматынын 1-класстагы кенешчиси деген чин ыйгарылат, ал чинге 1000 сом кошулат деп, ошол эле токтомдо так жазылган. Анткени айыл өкмөт башчылары улук кызмат орун ээлейт. Ошондуктан 1000 сом кошулганы туура.

Страницы:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 45 46 47 48 49 50 51 52 53 54 55