Форум
Всего тем: 4
Всего сообщений: 2

Интеррнет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Введите символы с картинки

Ваш вопрос

АЗА     [6 Февраля 2014]

Здравствуйте! скажите пожалуйста, можно-ли создать в местном кенеше резервный фонд?

Ответ:

Согласно Закона КР "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике" ст.21 Резервные фонды "в местных бюджетах образуются резервные фонды органов местного самоуправления в пределах до 1 процента к объему их расходов (без учета резервных фондов)." Но это в рамках общей бюджетной политики органов МСУ, но не для местного кенеша. Расходы на местный кенеш проходят через исполнительные органы МСУ. Таким образом, Местный кенеш не сможет сформировать себе резервный фонд.

Кумбель АА     [3 Февраля 2014]

Бизде чукул суроо болуп калды. Бугун жаңы шайланган депутаттын суранычы менен кеч болсо дагы мыйзамдардан издеп таба албай койдук. Орто мектебинде иштеген мугалим, завуч болуп иштеген кызматкер айылдык Кенеште депутат болуп шайланып иштей алабы? Шайлоо жөнундөгу мыйзамдын жаны редакцияларынын кайсы беренесинде жана канчанчы бөлукчөлөрунө туура келет, белгилеп бере алсасызбы? Мугалимдик кызмат муниципалдык кызматка киреби же жокпу? Алдын ала ыраазычылык билдиребиз!

Ответ:

Орто мектептин мугалимин эл шайласа ал депутат болуп иштей алат. Эгер ал мектептин жетекчиси болсо 2013 жылдын 5 майынан баштап депутат болуп шайланса, ал өз кызматын nаштоосу керек же айылдык кенештин депутаты боло албайт. Бул маселелер КР "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 22 беренесинде жана КР "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдын 5 беренесинде, КР 2013 жылдын 5 майындагы күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүлөрдү жана толуктоолорду киргизү жөнүндөгү мыйзамына ылайык чектөөлөр коюлган. Мугалимдик кызмат муниципалдык кызматка кирбейт.

Айжан     [31 Января 2014]

Саламатсызбы Рита эже Эмгек келишимди кызматтан бошотулган адис менен 2-айга тузсок болобу? Кызматтан КРЭК 68-жана 82 статяларын колдонгонбуз жана кайсы статьяны колдоно алабыз? Рахмат

Ответ:

Айжан, силер колдонгон беренелер (68, 82) туура эмес. Эмнеге бул беренелерди колдонгонунуз бизге түшүнүксүз болуп жатат. Сиз жаңы түзүлгөн келишимди КР "Эмгек кодексинин" 55 беренесине (Эмгек келишимдердин мөөнөтү) ылайык түзгүлө. Анан дагы кайсы кызматка алат элеңиз, анткени техникалык кызматбы, же муниципалдык кызматбы бизге тоолук жооп берүүгө мумкун болбой жатат.

Мирулан     [29 Января 2014]

Саламатсызбы Рита эже, жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө кайсы мыйзамдардын негизинде жургузулот, алдын ала рахмат.

Ответ:

Жергиликтүү салыктардын жеңилдетүүсүн КР Салык кодексинин 330 (мүлк салыгы боюнча) жана 343, 344 (жер салыгы боюнча) беренелеринде көрсөтүлгөн. Жыйымдар боюнча жергиликтүү кеңеш чечет.

нурлан     [27 Января 2014]

саламатсызбы Рита, айыл окмотунун балансында турбаган ашар менен буткон копуро суу алып кетуу коркунучунда турат. айыл окмоттон жээкти жана копурону бекемдоого акча болсо болобу? элден жана спонсорлордон каражат бар, бирок жетпей жатат. ошондой эле а/окмотто баланста турган скважинаны ижарага берууго сессиянын чечими созсуз керекпи? рахмат!

Ответ:

Көпүрө жөнүндө: бул маселени жергиликтүү кенештин сессиясына алып чыккыла. Эгер көпүрө сиздин айылдын аймагында болсо бул чыгымды каржылаганга эч тоскол жок, сессиянын кана чечими керек. Скважина боюнча: аны кимге ижарага берген жатасыңар? Скважина СООВПге караштубу? Эмне максатты көздөп скважинаны ижарага берген атасынар, түшүнбөй жатабыз. Бул маселени сессияга салып койгула, сактыкта кордук жок.

Кенжебек     [24 Января 2014]

Саламатсыздарбы! биз сиздерден Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык кызмат жонундо" мыйзамын акыркы редакциясына ылайык ротация кылуу жолу менен Каржы эконом. болумунун (КЭБ) башчысын орду менен бухгалтердин ордун алмаштыруу жолун билейин дедик эле.

Ответ:

Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык кызмат жөнундө" мыйзамынын 22 беренесинде "Муниципалдык кызматчыларды ички жана ведомство аралык ротациялоо төрт жылдан ашырбастан бир жолу жүргүзүлөт (ушул мөөнөткө жакшы көңүл бургула). Эгерде түзүлгөн жагдай ушундай чараларды көрүүнү талап кылса, муниципалдык кызматка олуттуу зыян келтирбөө үчүн муниципалдык кызматчы башка ишке, башка жерге, башка муниципалдык органга ротациянын мөөнөтү келгенге чейин бирдей эле же ошого теңдеш кызмат ордуна которулушу мүмкүн (сиз сураган эки кызмат оруну бирдей эмес ошондуктан ротация болуга мүмкүн эмес)." Финансы экономикалык бөлүмдун башчысын жумуш ордуна кою "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы экономикалык негиздери жөнүндөгү" мыйзамдын 15 беренеси менен аныкталат.

Аза     [20 Января 2014]

Подскажите пожалуйста! в каком нормативном акте можно найти то что одно партийцы должны голосовать одинакова.

Ответ:

Аза здравствуйте. А нормативных правовых актах республиканского и местного значения такой нормы нет, но она может быть заложена во внутренних документах партий. Даже в Уставах партий такое не напишут, потому что ни одна партия не получит пополнение своих рядов с такими условиями, но в регламенте они могут прописать такое и указать что принимаемые решения должны быть едины и т.д. Ищите в регламенте своей партии такие нормы.

medina     [8 Января 2014]

Всем привет! Поздравляю всех с новым годом. У нас в конце 2013 года была проблема с казначейством по расходам. Казначейство стало требовать на все перечисленные суммы договора и счет на оплату кроме статей 2111,2121,2211,2721 на основании письма Министерства Финансов от 16.12.2013 года № 05-08-2/13393. Такой вид расходования требует очень много времени у оператора в казначействе многие наши клиринговые платежи не проходили во время. Этот приносит большие неудобства. Может поднять вопрос о увеличении операторов в казначействе или отменить данную процедуру. Как быть? Были ли у кого такие проблемы. Может написать письмо в центральное казначейство.

Ответ:

Данный вопрос был переадресован Заведующему отделом регистрации и учета бюджетных ассигнований Центрального казначейства Министерства финансов КР Ольшанской Людмиле Ильиничне. Получен следующий ответ. "Описанная в письме ситуация действительно сложилась в конце 2013 года в связи с выходом Постановления Правительства №586 от 31 октября 2013 года и Приказа МФ КР №190-П от 14.11.2013 г. в соответствии с которыми в Казначействе должны регистрироваться все договора. Поскольку нормативные документы были утверждены в конце года, специалистам казначейства пришлось регистрировать все незарегистрированные договора, что привело к увеличению объема работ. С января 2014 года регистрация договоров будет осуществляться на постоянной основе и расходы будут производиться строго в соответствии с зарегистрированными договорами, поэтому авральной ситуации не должно повториться. С уважением, Людмила Ильинична" P.S. Данное Постановление и Приказ МФ Вы можете найти на данном сайте в разделе "законодательство".

адилет     [5 Января 2014]

Рита эже томонку мыйзамдардын кыргыз тилиндеги варианттарын сурайбыз, анткени бизде кошмо жыйындын 189 депутаты кыргыз улутунда.

Ответ:

Адилет тилеке каршы кыргыз тилинде бул материалдарды алган эмесмин, кийинкисинде кыргыз тилинде алып илип турабыз. Кечирип койгула.

адилет     [5 Января 2014]

2013-жылдын 6-ноябрь куну Окмот Жогорку Кенешке томонку мыйзамдарга озгортуу жана толуктоолорду киргизуу учун мыйзамдардын долбоорлорун жонотту. Бирок бизде озгортуу жана толуктоо киргизиле турган мыйзамдардын долбоорлорун таба албай жатабыз, биз да жергиликтуу кенеште карап, оз сунуштарыбызды берсек дедик эле. Рита эже мумкунчулук болсо ушул мыйзамдардын озгортуло турган варианттарын жайгаштыра аласыздарбы. Биз Сиздерден гана жооп ала алат окшойбуз. Изменения в Закон о местной государственной администрации Изменения в Закон о местном самоуправлении Изменения в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей" Изменения в Земельный кодекс Кыргызской Республики Изменения в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике" Изменения в Закон Кыргызской Республики "О финансово-экономических основах местного самоуправления» Изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственной службе"

Ответ:

Адилет саламатсынарбы. Сайттын "Законодательство" деген разделинде "Постановления" деген бөлүгүндө сиз сураган Токтомду жана кайсы мыйзамдарга өзгөртү киргизгенге аракет кылып жатканын билдирген Мыйзамды илип койдук. Таанышып жана талкулаап алсаңар жакшы болот. Талкуунун кандай бир жыйынтыгы болсо бизге жазып жиберсенер же koom.kg@gmail.com деген почтага салып жиберсеңер, ыразычылык билдирет элек, анткени бизге жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы адистердин ой пикирин билүү абдан маанилүү. Сурооңузга чоң рахмат!!!