Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


эрмек     [20 Сентября 2017]

Салам. А/О тендерге депутаттар комисяага катышса мыйзамсыз дейт толук малымат берсенер себеби кооп нерселерди кымбат балап берип жатат тура эмес десен комисяанын чечими деп койот.

Ответ:

Урматтуу Эрмек! Кыргыз Республикасынын « Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык айыл өкмөтү сатып алууларды өткөрүүчү уюм болуп эсептелет. Демек, мыйзам боюнча сатуу алууларды жүргүзөт жана ага жооп берет. Эч бир мыйзамда сатып алууларга депутаттардын катышуусу тууралуу жазылган эмес, айыл өкмөт айылдык кеңешке туруктуу комиссиянын жыйынында же сессияда талапка жараша маалымат берип турушу керек. Албетте, мыйзам бузуулар болсо аны текшерүү органдары бат эле аныктайт.

Айыл     [19 Сентября 2017]

Рахмат жообунузга! Ошондо, Айыл окмотунун башчысы- Айыл Окмоту, ал эми Айыл Башчысы Айыл Окмотуно аткарган иштери боюнча жооптуу. Демек, Айыл Окмоту жана Айыл Башчысы эки башка адам кызматтарды ээлешет? рахмат

Ответ:

Урматуу Айыл, сиздин биздин сайттын активдуу окурманы болгонуңузга ыраазыбыз. Айыл башчысы айыл өкмөткө караган бир гана айылга жооп берген муниципалдык кызматкер болсо, айыл өкмөттүн башчысы аймактагы бардык айылдарга жооп берет. Албетте, бир адам аталган эки кызматта болушу мүмкүн эмес.

yrys     [18 Сентября 2017]

Zdravstvuite, znaete li vy o provedennyh soc. oprosah ob uchastii mestnyh grazhdan v prinyatii resheniy na mestnom urovne? Na skol`'ko aktivno mestnoe soobshestvo na segodnyashniy den'? kakie shagi byli prinyaty ili sdelany dlya razvitiya aktivnosti mestnyh grazhdan? Spasibo

Ответ:

Здравствуйте уважаемый Ырыс! Мы не владеем информацией, кто и когда проводили такие опросы. Из-за этого мы просим извинения!

Айбек     [17 Сентября 2017]

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери кандай дайындалат? Премьер-Министр дайындайбы, же Кенештин депутаттары шайлайбы? Чон рахмат

Ответ:

Урматтуу Айбек мырза! Сиз сураган Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери да шаардык кеңештин депутаттары аркылуу шайланат. Аталган эки борбордун мэрлерин шайлоодо төмөндөгү ченемдик укуктук актыларга таянат: 1) КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 191 “Бишкек жанаОш шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу токтому 2) КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 187 "Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө токтому

Айыл     [17 Сентября 2017]

Айыл башчысы менен Айыл Окмотунун айырмасы кандай? Кимиси Окмотко отчеттуу? Рахмат

Ответ:

Урматтуу Айыл! Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамында Айыл өкмөтү тууралуу төмөнкүдөй түшүнүк берилген:” жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. ... айыл өкмөттөр жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары болуп саналат.” Ал эми “айыл башчысы - айыл өкмөтүнүн чечими менен берилген иш-милдеттерди аткаруучу дайындалуучу кызмат адамы”. Демек, айыл башчысынын кызмат орду айыл өкмөттүн курамына кирген муниципалдык кызмат орун болуп эсептелет, анын кызматтык иш милдеттерин мыйзамга ылайык айыл өкмөттүн башчысы бекитет, көзөмөлдөйт . Айыл башчысы аткарган иштери боюнча айыл өкмөттүн башчысына жооп берет.

Айпери     [17 Сентября 2017]

1)Айыл окмоту акча тартыштыгын тушундуруп жатат, жана элден чогулткан сумма банкта сакталып, бирок жетишсиз экенин тушундуруудо. Каражатты эл аралык донорлордон таап, суу маселеси тоолуу аймактарда чечилсе жакшы болот эле. 2)Многие жители села Кок-Сай Кара-Бууринского района не имеют постоянную питьевую воду. Калонки работают только на несколько часов в день. Семьи, которых расположены чуть выже чем остальные не могут провести трубы домой. Нету никакой канализационной системы. Это все доставляет неудобства жителям. Айыл Окмоту собирал фасоли с местных жителей и обещал решить проблему, но так и не решил, и сейчас новый Айыл Окмоту. Люди не могут построить в домах душ и прочие вещи и живут как в Среднем веке!

Ответ:

Урматтуу Айпери айым! Урматтуу Айпери айым! Сиздин берген 2 сурооңуздун баардыгы таза суу темасында болгондуктан жоопту бириктирип берели деп чечтик. Албетте, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жергиликтүү бийликтин эң негизги маселелеринин бири.(КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамы 18- берене 4-п.)   Азыркы учурда Кыргызстандагы 1805 айылдардын 390 айылдары гана таза сууга толук жетишкен. КР Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана   турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы ичүүчү суу менен камсыздоону жана агындылоочу өнүктүрүү департаментинин билдирүүсү боюнча өлкөбүздүн айылдарынын 33% таза суу менен күнү-түнү, 13 % күнүнө болгону 4-12 саат, 22 % ичүүчү суу жетишпейт.Калгандарында болгону күнүгө 4 сааттан эле суу берилет экен. Айпери , сиз билдиргендей Кара-Бууранын Көк-Сай айылы дагы таза суудан кыйналгандарга кирет. Жергиликтүү бийлик –айыл өкмөтү бул маселе боюнча , каражаттын тартыштыгынан элге кайрылып, үлүштүк салымды чогуу жыйноо аракетин көрүп, ошон үчүн элден төө буурчак жыйноосү мүмкүн. Айыл жашоочулары өздүк үлүштүк салымдарын акча түрүндө же материалдык түрдө кошо алат, бул маселени жалпы элдик жыйында, чогулушта эл өздөрү кабыл алышат. Мындай кадамга айыл өкмөттөрүнүн басымдуу көбү барууга аргасыз, себеби бюджети жетишсиз, дотация отурат, ошондуктан суу менен камсыздоого каражат жетпейт. Жалгыз гана үмүт-бул долбоор аркылуу инвестиция тартуу. Ар бир долбоордун өз талабы жана тартиби болот. Мында айта кетчү негизги маселе, сууну колдонуучулар- жалпы айылдын эли бул маселеге кайдыгер карабай, тескеринче абдан жигердүү болуусу керек. Ар бир айылдын жашоочусу түшүнүү менен жергиликтүү бийликтин жасап жаткан иш-аракеттерине жардам берип, кол-кабыш кылып, колдоо көрсөтүп, андан кийин жасалып жаткан иштерге кайдыгер карабай көзөмөл жүргүзүп, туура талаптарды койсо, айылыңарда жашоо-шарт кадимкидей оңолмок. Көпчүлүк учурларда биздин жарандар талап кылганды жакшы билип, милдеттерин аткарганды таптакыр эле унутуп калышат.

Aiperim     [17 Сентября 2017]

Здравствуйте. Обеспечение местных жителей питьевой водой- это прямая обязанность МСУ. Имеет ли право Айыл Окмоту собирать сборы с местных жителей для установления калонок в селе? Спасибо

Ответ:

Уважаемая Айперим! Да, Вы совершенно правильно подметили что, на основании закона КР "О местном самоуправлении" статья 18 пункт 4 "Обеспечение населения питьевой водой является вопросом местного значения". Тем самым местная власть в лице айыл окмоту/айылного кенеша должен бесперебойно обеспечивать населения качественной питьевой водой. Для решения данного вопроса местная власть должен предпринять необходимые меры, в частности создать следующие условия: 1) организовать муниципальное учреждения по обеспечению населения питьевой водой (например Горводканал или СООППВ) 2) Утвердить тарифы местным кенешом и антимонопольным комитетом 3) Организованно ввести разъяснительные работы среди водопользователей и тд. При отсутствии собственных ресурсов местная власть для решения данной проблемы могут обратиться к жителям с просьбой посодействовать. Жители села могут оказать материальную или финансовую помощь, но это решается на всеобщем собрании самими жителями. На такой шаг местная власть идет зачастую от безысходности. Так как они сидят на дотации, бюджетных денег не хватает на обеспечение питьевой водой. Единственная надежда это привлечение инвестиций с помощью проектов, и то, у каждого проекта есть свои правила и требования.

Керим     [16 Сентября 2017]

Рита эже! стадиондун ичине курулган футбол талаасына ат койсок болобу, Стадион да бироонун атында. Алдын ала рахмат.

Ответ:

Урматтуу Керим. Сиз атаган футболдук талаага ат коюнун зарылчылыгы эмнеден келип чыкты? Бул маселе боюнча коомчулук менен талкуу болду беле же андан кийин айылдар кеңештин сессиясында каралганбы? Албетте бул процедуралык маселелер, толук маалыматты КРнын "Географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамынан тааныша аласыз. Мыйзамды биздин сайттын Законодательство (http://msu.kg/ru/admin/page/edit/info/laws/) бөлүмүнөн Законы КР деген пункттан тааба аласыз

Санжарбек Ажыматов     [15 Сентября 2017]

Саламаттасызбы Рита эже, мен Аксы районунун Ак-Жол айыл Окмотунун кызматкери. Менин сизге бир суроом бар эле, ошого мумкунчулугунуз болсо жооп бере аласызбы. Мен айыл окмотундо 2006-жылдан бер ФЭБнун жардамчысы, бухалтер-киссир болуп 2016-жылга чейин иштеп келдим, андан кийин конкур аркылуу 2016-жылдын башынан бери ФЭБнун жетектеп келем. Азыркы кундо военный билет талап кылып жатат. Аны алууга шарт жок болгондуктан кандай кылуум керек, же такыр военный билет жок иштоого мумкун эмеспи ? Алдын ала жообуңузга рахмат, ишинизде ийгиликтер болсун.

Ответ:

Санжарбек мырза саламатсыңарбы. Сиздин сурооңуз КР "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамы менен жөнгө салынат. Ушул мыйзамдын 19 беренесинде "Мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга карата коюлуучу талаптар" сиз жазган Аскер билети ички иштер, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдарга, жазык-аткаруу тутумуна, бажы кызматына, баңги заттарга көзөмөл кылуу боюнча органдарга жана прокуратура органдарына кана коюлган. Айыл өкмөттөргө бул талап коюлган эмес. Эгер сизге ушундай талап коюшса, ким коюп жатканын, жана кайсы мыйзамга таянып коюп жатканын билдирип койгулачы, биз, ошол талаптын мыйзамдуулугун карап, сизди коргогонго даярбыз.

Азат     [14 Сентября 2017]

Саламатсыздар! Конкурстан айыл окмоттун башкы кызмат ордуна отуп, 2 ай иштегенден кийин иш стажы 1жыл эмес 8 эле ай болуп калганы аныкталды. Эми кандай болот? Мурунку иштеген жериндеги иш стажы 1жыл 6 ай конкурска чейин 8 ай, конкурстан кийин 8ай экен. Кызматка кабыл алган комиссия эми кайра эсептеп чыгып, эмне кыларын билбей жатышат. Өз ордуна калып иштөө учун кандай мумкунчулук бар?

Ответ:

Саламатсыңарбы Азат мырза. Сиз жазган нерсе биринчиден комиссиянын жана айыл өкмөтүнун башчысынын күнөсү бар. Эми ушул бойдон иштей берсин десеңер, бирөө прокуратурага арыз жазып койсо бул " айыл өкмөтүңөрдүн башчысына өз кызмат абалы менен кыянат пайдаланган, деп айып коюшу толук мүмкүн. Же эсеп палатасы текшерүү менен келсе, башкы кызмат ордуна айлык маянасы көбүрөк болгондуктан, финансалык эрежелер бузулду деп, айып коюлушу мүмкүн. Негизи бардык нерсеге айыл өкмөтүнүн башчысы жооп берип калат. Ошондуктан, кайра башкы калыбына келтирип койгонуңар мыйзам жагынан туура болот.