Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Азат     [23 Августа 2017]

Саламатсыздарбы ОсООдо зам.директора болуп 4 жыл эмгектенгем, трудовой книжкага жазылбаган, ушул мекемеде зам.директора болуп иштеген справка менен айыл окмот башчысына талапкер боло аламбы.?

Ответ:

Урматтуу Азат мырза! Кыргыз Республикасынын “ Эмгек Кодексинин” 66 -беренесине ылайык Сиздин ЖЧК директордун орун басары болуп эмгектенген 4 жылдык эмгек стажыңыз эмгек китепчеңизге жазылып толтурулушу керек болуучу. Бул мекемедеги иштеген эмгек стажыңыз сизди айыл өкмөт башчысына талапкер болушуңузга төп келбейт. Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 48-беренесинде айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар тууралуу төмөнкүдөй жазылган : ”Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес”. Демек, мыйзамдын бул нормаларына ылайык талапкер боло албайсыз.

Анара     [22 Августа 2017]

КР муниципалдык кызматчыларынын класстык чиндери учун устөк акынын өлчөму кайсы токтом менен көбөйду?

Ответ:

Урматтуу Анара! Сиз сураган токтом менен биздин сайттан “Мыйзамдар –Законодательство” бөлүмүнөн толук тааныша аласыз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору деген бөлүктө бул токтом илинип турат. 2017-жылдын 6-январы № 8 кабыл алынган “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”.

Айжан     [18 Августа 2017]

Можно ли с бюджета МСУ сделать доплату для работников Дома Культуры. Так как заработная плата работников культуры очень низкая.

Ответ:

Уважаемая Айжан! На сегодняшний день не только работников культуры заработная плата низкая, а еще низкая у работников органов местного самоуправления. Но, к сожалению органы МСУ не имеют право дополнительно финансировать работников культуры, так как они финансируются из республиканского бюджета.

Асылбек     [18 Августа 2017]

Менин суроом томонкудой: Айыл окмоттун аппаратынын кызматкерлери иш убактысында ордунда жок болуп, айыл жашоочуларынын проблемаларын чечуудо тоскоолдук жаратса жергиликтуу кенештин депутаттары кийлигишип контролго алганга укугу барбы болсо кайсы мыйзамдын негизинде? Чон рахмат!

Ответ:

Урматтуу Асылбек! КР “ Эмгек кодексине” ылайык айыл өкмөттүн аппаратында эмгектенген кызматкерлерге жумуш берүүчү болуп айыл өкмөт башчысы эсептелет. Айыл өкмөттө ар бир кызматкердин кызматтык милдеттери алардын кызматтык нускамасында (орусча- функциональные обязанности) так , даана жазылып көрсөтүлөт. Андан тышкары кызматкерлер айыл окмөт башчысынын-жетекчинин ишке байланыштуу башка тапшырмаларын да аткарышы мүмкүн. Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн кызматкерлерин көзөмөлдөөгө укугу жок, эгерде өздөрүнүн жеке дооматтары же шайлоочулардан түшкөн арыз-даттануулар болсо айыл өкмөт башчысына мыйзамда кызматкерлер тарабынан кетирилген кемчиликтерди жоюу же четтетүү боюнча кайрылууга укугу бар.

Зууракан     [18 Августа 2017]

Биздин депуттарды 3-сентябрда шайлаган жатабыз.Окмот башчы да талапкер болууда. Суроом айлыгы сакталуу болобу?

Ответ:

Урматтуу Зууракан! Айыл өкмөт башчы айылдык кеңештин шайлоосуна талапкер катары катышуу ниети болсо, ал депутаттыкка талапкер болуп катталгандан кийин өз арызын жазып, кызматын убактылуу калтыруусу керек. Арызын жазып шайлоо бүткөнгө чейинки эмгек акысы сакталбайт.

Руслан     [15 Августа 2017]

Здравствуйте! На территории а/о функционирует кирпичный завод,который расположен у подножья горы и берет глину на месте. Ко мне обратился владелец с просьбой составить договор для размещения и вывоза с территории завода твердо-бытовых отходов. Владелец желает вывозить мусор на образовавшиеся после отбора глины пустое место. Какие процедуры необходимы для этого, какие органы имеют право дать разрешение, какие мои полномочия как главы а/о, дайте пожалуйста подробный ответ!

Ответ:

Уважаемый Руслан! Для того чтобы организовать мусорную яму или полигон для вывоза мусора необходимо: 1) Выбрать место на территории муниципалитета; 2) На сессии аильного кенеша вынести решение о организации мусорного полигона и выделении участка; 3) Выделенный участок необходимо вместе с решением аильного кенеша направить в Областную Экотехинспекцию для вынесения заключения о разрешении размещения этого полигона; 4) После этого заключения и подписания соответствующих гос. органов подписывается "Акт ввода в эксплуатацию"

Айгул     [14 Августа 2017]

Айыл окмоттор эмненин негизинде салык чогултушат?

Ответ:

Урматтуу Айгүл айым! Биздин мыйзамдарда салыкты чогултуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселесине кирбей , бул маселе мамлекеттик ыйгарым укуктарга кирип калган (КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамы 20- берене 12-п.) Мамлекеттик органдар ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишимдин негизинде өткөрүп берүүсү каралган, бирок Баш мыйзамда каралган бул нормалар азырынча ишке аша элек. Өзүнүз жакшы билгендей илгертен бери эле айыл өкмөттөр өзүнө тийиштүү салыктарды чогултуп келишкен, азыр деле чогултуп, аны негизги киреше булактары катары пайдаланып келишүүдө.” Айыл өкмөттөр “мыйзамда салык чогултуу жок турбайбы”- деп чогултпай токтотуп кое алышпайт, анда айыл өкмөттүн жашоосу эмнеге айланарын элестетип көрүңуз. Демек, айыл өкмөттөрдүн иштеши учүн да,жарандарга кызмат көрсөтүү үчүн да кандайдыр бир ресурсу ээ болуусу керек, ансыз ал эч нерсеге жараксыз жергиликтүү бийлик болуп калбайбы. Ошондуктан, алар мыйзамда каралбаса деле жергиликтүү салыктарды чогултууга мажбур болушат. Жакынкы жылдары бул маселе оң жагына чечилип калат деген үмүт бар, аракеттер жана изденүүлөр болуп жатат.

таалай     [13 Августа 2017]

саламатсыздарбы томондогу положениени сайтка илип койосуздарбы ? Положении о порядке наименования и переименования объектов государственного значения

Ответ:

Чон рахмат Таалай мырза! Сиз атаган ЖОБОну биз "Законодательство" рубрикасына "Постановления правительства КР" пунктунда биринчиси орус тилинде экинчиси кыргыз тилинде илип койдук. Кенен маалыматты эми озунуз ачып окуй аласыз.

эроо     [10 Августа 2017]

айылдык кенештин депутаты А/О кандай иште иштесе бообойт

Ответ:

Урматтуу Эроо! Жооп: Айылдык кеңештин депутаты өзү шайланган аймактагы айыл өкмөттө муниципалдык кызматта иштей албайт, себеби айыл өкмөт жергиликтүү бийликтин аткаруу органы катары өкүлчүлүктүү органга-айылдык кеңешке отчеттуу болот. Толук маалыматты “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын 22- беренеси жана “ Кыргыз Республикасынын депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинен толук ала аласыз.

Байышбек     [10 Августа 2017]

Жалпы стажга жер улушун болуп алгандан кийинки жылдар киреби?

Ответ:

Урматтуу Байышбек! Жер үлүшү - жарандарга берилген айыл чарба багытындагы жер участогу, ал жерди иштеткени үчүн дыйкан фермер чарбаларынын ээлери ар жылы сайын камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөгө милдеттүү, ал төлөмдөрдүн суммасы мыйзам менен бекитилет. Төлөнгөн төлөмдөр ар бир жарандын жеке идентификациялык номерине которулат да, топтоло берет. Иштеген жерден эмгек акыдан которулган камсыздандыруу төлөмдөрү да жеке идентификациялык номерге чегерилет. Жер үлүшүнөн төлөнгөн камсыздандыруу төлөмдөрү жалпы эмгек стажына кирбейт.