Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Нур Балбан     [10 Августа 2017]

ТАШТАНДЫ ТАШТООЧУ ЖЕРЛЕРДИ УЮШТУРУУ ТАРТИБИ КАНДАЙ ? АРЕНДАГА КАНДАЙ БЕРИЛЕТ ЖОБО

Ответ:

Урматтуу Нур Балбан мырза! Таштанды чункур же таштанды ыргытуучу полигонду уюштуруу учун: 1) Муниципалдык менчикте болгон жерди белгилеп; 2) Айылдык Кенештин отурумунда таштанды учун полигонду уюштуруу жана жер тилкесин болуп беруу чечимди чыгаруу; 3) Жер тилкесин болуп беруу Айылдык Кенештин чечими менен Областык Экотехинспекцияга жиберилет. Аяктан полигонду уюштуруу жана орнотуу кортундусу чыгрылат. 4) Ошол кортундууда керектуу мамлекеттик уюмдар кол коюлгандан кийин "Ишке киргизуу акты" толтурулат жана кол коюлат.

эрмек     [5 Августа 2017]

суроом тонкучо .а/о 5 кундук ишке отконбу же алтынчы иш куну абеткечейинби

Ответ:

Урматтуу Эрмек! Айыл өкмөттүн аппаратынын жумуш убактысынын узактыгы Эмгек кодексинин 90- беренесинде көрсөтүлгөндөй жумасына 40 сааттан ашпоого тийиш. Демек, 8 сааттык жумуш күнү болсо, анда бир жумадагы жумуш убактысы 5 күндө 40 саатты түзөт. Өз ишин жакшы уюштурган айыл өкмөттөрдө толук натыйжалуу иштөөгө жогорудагы көрсөтүлгөн убакыт жетиштүү,бирок ар кандай маселелердин көп чыкканына байланыштуу ишемби күндөрү да ишке чыгууга туура келген учурлар кездешет. Мисалы: ишембиликтер, шайлоолор... ж.б.

Маматшарип     [1 Августа 2017]

Саламатсыздарбы Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдары кайрылуудаy башка кайсы ченемдик укук актыларга негиз озгортуу жана толуктоо киргизе алат.

Ответ:

Урматтуу Маматшарип мырза! Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясына кирген гана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүү жана толуктоо киргизе алат. Ал туралуу Кыргыз Республикасынын ”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө “ мыйзамынан биздин сайтын “ Законодательство” бөлүмүнөн кенен тааныша аласыз.

Жанат     [1 Августа 2017]

ОАО "Кыргызалтын" филиал "Макмалзолото" Горно Металлургический Профсоюз Кыргызстана. ошол жерде молодежный советтин торогасы болуп шайлангам, 3 жылдан отту. Ушул 3 жыл мага стажка киреби? Чоон рахмат.

Ответ:

Жанар мырза! Сиз атаган кызмат ордуңуз жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарына тиешеси жок. Бул суроо менен өзүңүз иштеген “Макмал алтын” ишканасынын юридикалык бөлүмүнө кайрылыңыз, ал жерден толук маалымат беришет.

Жанат     [30 Июля 2017]

Саламатсыздарбы мен гмпкада молодежный советтин тороагасы болуп шайлангам 3 жылдан отту. Мага кандай стаж каралат. Томондогу жоопторунузду окудум. Менин гмпкда ээлеген ордум жетектоочу кызматка киреби.?

Ответ:

Урматтуу Жанат мырза! Сиздин сурооңузга түшүнбөй жатабыз, кайсыл мекеменин жаштар кеңешинин төрагасы болгонсуз, ал жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешеси барбы? ГМПК кандай чечмеленет? Суроону так берсеңиз так жооп берилет.

Адис     [28 Июля 2017]

Саламатсыздарбы? Начальник экономического отдела бул жетектөөчу кызматка киреби? Чооң рахмат!

Ответ:

Адис мырза, мамлекеттик жана муниципалдык реестрдин негизинде финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы - башкы адис болуп аныкталган. Ошондуктан жетектөөчү адистикке кирбейт.

Адилет     [28 Июля 2017]

Талапкер катары корсотулгон депутат озуно добуш бере алабы?

Ответ:

Ооба, добуш бере алат.

Адилет     [25 Июля 2017]

Саламатсыздарбы? Биздин айылдык кенеште 11 депутат бар. Жакынкы арада айыл окмотунун башчысын шайлоо болот. Менин суроом томондогудой: 1). 11 депутаттын ичинен эки депутатты талапкер катары корсотууго болобу. 2). Депутаттардын ичинен бироосун айыл окмотунун башчысына корсотсо, калган 10 депутат шайлоону өткөрө береби?

Ответ:

Мыйзамдын негизинде жергиликтүү кеңештин депутаттарын айыл өкмөттүн башчысына канча талапкер койгусу келсе боло берет. Шайлоо учурунда 11 депутат тең бирден добушка ээ. Башкача айтканда, талапкер болгон депутат да, өзүнө добуш бере алат.

Назгүл     [24 Июля 2017]

Озгон районунун Жылалды айыл окмоттүно караштуу Прогресс участогунда элдер 10 жылдан бери жарыгы жок жашап келүүдо. Быйыл элүдөй үй бүлөө чогулуп, айыл башчыга арыз менен кайрылдык, бирок каражат жок деп жооп берди. РЭС ке кайрылсак айыл окмот 70% пайызын камсыздап бериш керек талап кыла бергиле деп жатышат,биз кандай кылуубуз керек, КР кандай мыйзамдарына таянсак болот? Же карапайым эл ансыз дагы баш паанек тургузабыз деп чонтогүбүз кагылып турганда, оз чонтогүбүздөн ТРАНСФОРМАТОР КОЙУШУБУЗ КЕРЕКПИ?

Ответ:

Транформатор, электр жабдуулары (электро линия) жада калса электрдин көөлөмүн эсептөөчүү приборлор бул электр таркатчуу акционердик коомдкн мүлкү. Ош электро компаниясы - бул маселени чечиши керек. Мыйзам боюнча электр энергия - товар. Ошондуктан товарды колдонуучуга чейин жеткирүү - был мекеменин милдети. Элди электр энергиясы менен камсыз кылуу жергиликтүү бийликтин мыйзамдагы милдетине кирбейт.

Акмоор     [23 Июля 2017]

Саламатсыздарбы! Менин кайрылуум ушул айылдын жашоочуларынын атынан: Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмотүнө караштуу Прогресс айылы аталып элге чек болуп берилгенине, жанылбасам он жылдан ашуун болуп калган.чектерден бизнес жасашты, жен ичинен сатышты, деген ызы чуулар басылып элдер акырындап баш паанек тургузушуп алдыбыз үйлөргө киргенибизге 5-6 жыл болуп калды.Бирок өлкөбүздүн көпчүлүк жаңы айылдарындай эле жолубуз жок, таза суубуз жок, эн негизгиси уйлөрүбүздө жарыгыбыз жок! Айтылып биз барыбыз угуп эле жүргөн сөздөр бизден да чыгат, балдарыбыз сабак жасай албайт, сыналгы көрө албайбыз, жанылык уга албайбыз, уйлөрдүн курулушун толук камдуу жургүүзө албайбыз токтун жоктугунан.ж.б.у.с.көйгөй зээнибиз кейип бүтту.Сиздерден өтүнөбүз ушул маселени чукул убакытта чечкенге көмөк көрсөтүп жардам бересиздер деген үмүтүбүз бар, себеби айыл өкмөтткө арыз менен кайрылдык трансформатор жок , акча да жок деп жатат. Прогресс айылынын жашоочулары.

Ответ:

Урматтуу Прогресс айылынын тургундары. Электроэнергия КР мыйзамына ылайык - ТОВАР деп эсептелинет. Товарды сатып алуучуга жеркирүү - сатуучунун милдети. Ошондуктан сиздер Өзгон райондук электр тармагына кат жүзүндө кайрылгыла. Алардын жообун алгандан кийин (алар силерге бул нерсени АО каржылашы керек деп жооп узатышы мүмкүн). Сиздер ошол жоопко кайсы мыйзамдын негизинде буну АО каржылашы керек деп "Ош электро" АК кат жүзүндө кайрылгыла. Ал жерден жооп алгандан кийин, бизге билдирип койсоңор биз ошол каттын негизинде энергия таркатчуу мекемени сотко беребиз, анткени силердей болгон адамдар көп. Электр тармагы маселени чечейин, деген ойлору жок. Мыйзамдын негизинде чечүгөө абзел.