Форум
Всего тем: 4
Всего сообщений: 2

Интеррнет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Введите символы с картинки

Ваш вопрос

Талант     [27 Февраля 2019]

Саламатсынарбы ишинерге ийгилик. Менин суроом А/О ижарага эн коп канча жылга жер алса болот? Кайсыл мыйзамдын негизинде?

Ответ:

Урматтуу Талантбек! Азыркы мезгилде жергиликтүү бийликтин аткаруу органы – айыл өкмөтү тарабынан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖМФ) жерлерин жана муниципалдык жерлерди ижарага берип келе жатат. АЖМФнын жерлерин айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого” ылайык иш алып барышат. Бул жобо менен биздин сайттын “законодательство” бөлүмүнөн тааныша аласыз. Ал эми муниципалдык менчикте турган жерлерди ижарага берүү Кыргыз Республикасынын “ Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамы боюнча жүргүзүлөт. Бул мыйзам дагы сайтта илинген, жакшылап кунт коюп окуп чыгыңыз, “ миң уккандан бир көргөн артык “ дегендей өзүңүз окуганга эмне жетсин. Бул мыйзамдар менен таанышып чыккандан кийин кандай шартта, канча убакытка, кимдерге жерлерди берсе болорун билип аласыз. Ишиңизге ийгилик каалайбыз.

Нурлан     [26 Февраля 2019]

Саламатсыздарбы! Сиздерге ийгилик каалап, менде бир суроо бар. СООППВнын структурасы кандай болуш керек, ар бир абонент менен келишим түзүш керекби? СООППВга байланыштуу ЧУАларды атап койсонуздар жана аларды кайдан тапсак болот?

Ответ:

Урматтуу Нурлан! Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин ( ИСКАКБ – орусчасы СООППВ) структурасы ал аткара турган иш-аракеттердин көлөмүнө жараша болот. Ал биринчиден суу колдонуучулардын санына, суу камсыздоодо керектелген объекттердин, техникалык каражаттардын ж.б. көптөгөн факторлорго байланыштуу болот. ИСКАКБ ар бир суу колдонуучу абонент менен келишим түзүп иш алып баруусу керек, анда эки тараптын жоопкерчилиги, милдеттери так жана даана көрсөтүлөт. Ал эми ИСКАКБ ишмердүүлүгүнө байланышкан ченемдик – укуктук актылар биздин сайттын "законодательство" бөлүгүнө илип коебуз. Бул тармакты укуктук жактан жөнгө салган: "Ичүүчү суу жөнүндө" КР мыйзамы, ""Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" КР мыйзамы, ИСКАКБнин Уставы, жана ишкананын кардарлар менен келишими. (типтүү келишим "законодательство разделинде илинип турат").

алик     [21 Февраля 2019]

Саламатсыздарбы!!! Иштериниздерде ийгилик! Менин суроом төмөндөгучө: СООППВ кызматкерлери киреше салыгын, соц төлөмдөрду жана налог төгушөбу?

Ответ:

Урматтуу Алик! Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинде ( ИСКАКБ орусчасы – СООППВ) иштеген адамдардын эмгек акысынан киреше салыгы жана социалдык фондго болгон төгүмдөр гана кармалат. Башка салыктын түрлөрү алынбайт.

Мирлан     [20 Февраля 2019]

Саламатсыздарбы менин суроо төмөнкүдө. Жергиликтүү бюджеттен жаңы туптөлгөн конуштарга мамыча орнотуп электр чубалгы тартып бере алабызбы? Ушул боюнча жооп берип койсойсоңуздар. Рахмат

Ответ:

Урматтуу Мирлан! КР “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамындагы жергиликтүү маанидеги маселелерде (18-берене) электр чубалгыларын тартуу, трансформаторлорду орнотуу каралган эмес, демек бул максатка жергиликтүү бюджеттен каржылоо мыйзамсыз болуп калат. Аталган мыйзамда “жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу” маселеси көргөзүлгөн, албетте бул эмне иш экени түшүнүктүү. Бирок, кийинки мезгилде жергиликтүү бийлик тарабынан жогорудагыдай иштер жасалып жатат, ал өз кезегинде башка түйшүктөрдү алып келүүдө, аларга төмөнкүлөрдү кошууга болот: жергиликтүү бюджеттен каржылоонун мыйзамсыздыгы, каражаттын жетишсиздиги, сатып алуу процесстерин жүргүзүү, монтаж жүргүзүү иштери, ал аткарылган иштердин сапатын текшерүүнүн жоктугу (санын текшерүүго болот)...ж.б. Айтор, акырында бүткөрүлгөн ишке акт түзүлүп, муниципалдык менчикке кабыл алынат. Бул объекттерди тейлөөгө атайын уруксаты жок болгондуктан, айыл өкмөт айласыздан аймактагы райондук электр тармактарына өткөрүп берүүгө мажбур болуп, “кызылдай акчага” алынган мүлкүн бекер баланстан баланска өткөрүп берет. Башка айласы жок болгондуктан ушундай кадамга барат. Кээ бир учурда сапатсыз бүткөн объекттерди райондук электр тармактары алуудан баш тартышат. Мында кайра оңдотүү үчүн каражат коротуп, жергиликтүү бюджет чыгым тартат. Чындыгында калктуу конуштарга электр мамыларын, чубалгыларын орнотуу мамлекеттик электр ишканалардын милдети, алар тараптан бул маселер чечилбей жаткандыктан, калк эң жакынкы бийлик органы болгон айыл өкмөткө кайрылып талапты коюп келе жатышат. Башкысы, жергиликтүү бийлик жаңы конуштарды калкка берип жатканда алдын ала барын эске алышы керек, жакшылап тушүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Болбой эле, ушул эң маанилүү маселелердин бири дегенге токтолсоңор, сиздердин өрөөндү тейлеген электр компания менен келишим түзүп алсаңар болот. Биз мынча каражатка силердин электр жолуңарды салып беребиз дагы, силердин баланска өткөрүп беребиз, силер бизге ошол өлчөмдөгү каражатка көчөлөрдүү жарыктандырууга электр энергиясын камсыздап бересиңер. Товар алмашуу келишим түзүп алсаңар мыйзам чегинде болот. Бишкек шаарынын жаңы конуштарына электр жол тартып жатканда, ошондой келишим түзүшкөн.

Жазгул     [20 Февраля 2019]

Саламатсыздарбы. Баалоонун негизинде класстык чен беруу мумкунбу? Убактылуу кишинин ордундагы кызматкерге баалоонун коэффициенти кошулабы? 3)Декреттик оргууго чыккан кызматкердин ордундагы убактылуу киши канча моонотто ал кызматты ээлегенге укугу бар.4)Декреттик оргуу узартылган болсо кандай болот? Рахмат.

Ответ:

Урматтуу Жазгүл! Сиз берген суроолоруңузга ал мындай, тиги андай дебей эле толук мыйзамга ылайык жоопту кайдан табууну көргөзүп койсок, ал укуктук -ченемдик акты Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ №308 Жарлыгы менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө ЖОБО. Бул аталган жобону биздин сайттын “ Законодательство” бөлүмүндө таап окуп алыңыз. Ишиңизде ийгиликтер боло берсин.

Зейне     [18 Февраля 2019]

ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШ АЙЫЛ ОКМОТУНУН ФИНАНСЫ БОЛУМУНУН ИШИНЕ КИЙЛИГИШЕ АЛАБЫ?

Ответ:

Урматтуу Зейне! Мындай суроолорго мындан мурун да жооптор берилген болуучу, биздин сайттын ушул бөлүмүн барактап окусаңыз таба аласыз. Эгерде жергиликтүү кеңеш жергиликтүү бюджетти бекитип, анын аткарылышы боюнча бир жылда төрт жолу айыл өкмөттөн отчет алып жатышы, бул алардын жетиштүү маалымат алуусу деп эсептесек болобу? Албетте болот, андан сырткары бир жылда эки жолу жергиликтүү бюджетке алымча-кошумчаларды киргизүү укугун да колдоно алышат. Бирок, айыл өкмөттүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн ишине кийлигүүгө жана текшерүүгө укуктары жок. Кандайдыр бир кызыккан суроолоруна кат түрүндө кайрылып жооп алууга болот. Финансы бөлүмүнун ишине кандай бир суролоору бар болсо, ал маселени биринчи туруктуу комиссиядан талкуулап, жалпы жыйынга чыгарып, эффектүүлүк багытта караса болот. Ревизия кылууга укугу жок.

Дилара     [18 Февраля 2019]

Здравствуйте! У вас есть контакты Ала- Букинского завода? По возможности поделитесь ими

Ответ:

Уважаемая Дилара! Мы не располагаем информацией об Ала-Букинском заводе, ваш запрос можете направить в Министерство экономики или в Ала-Букинскую районную государственную администрацию.

айыл башчы     [16 Февраля 2019]

Саламатсыздарбы. Айылдагы элге мурда уй курганга 0,15гадан 1994-жылдары берилген. Кээ биринин эч кандай документтери жок архивде да кээ бири отуп кеткен, кочуп кеткен, дайны жок дегендей. Ошолордун ордуна А\О кызматкерлери азыр башкаларга кээ бирине конулуно карап, акчасына, туугандарына карап бере баштаган. 3-4 кошунадан чыр чатак жок деп жаздырышып, көп жылдан бери пайдаланып журөт дедирип тушунуктун негизинде токтом чыгарууда. Азыр болсо 5 га трансформацияга документери кеткен, жогору жактан чечим чыга элек, бирок арендага алып журушот. Жерге очеред 100дой адам, а бирок кийинки жазгандар эле ала башташты. Ошону текшертиш учун кандай жол менен кимдерге кайрылып текшерип мыйзамдуу кылыш керек. Жооп кутөм. Чоон рахмат.

Ответ:

Урматтуу Айыл башчы! Негизи эч бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамсыз (трансформация болбогон, башкы планы – (генпланы) жасалбаган ж.б.) жер аянттын турак-жай салууга бөлүп бере алышпайт. Өлкөбүздө 1992-1995-жылдары турак-жай салууга берилген жерлерге системалык каттоо жүргүзүлгөн, анда бардык жерлердин ээлери аныкталып, такталган болуучу. Ээси аныкталбаган жер аянттар убактылуу жергиликтүү органдардын пайдалануусунда жана карамагында калган. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 33-беренесине 2-пунктуна ылайык : “ Кыргыз Республикасынын жарандарынын жер участогун акысыз берүү жөнүндө арызы ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат жана жер участогун берүү кезектүүлүк тартибинде берилет”. Турак-жай салуу үчүн кайрылган жарандардын арызы ыйгарым укуктуу орган болгон айыл өкмөттө катталып, анда тартипке ылайык кезекке туруусу керек. Арыз жазгандар арызына берилген жоопто жер участкасынын бары же жогу, кезекке канчанчы болуп турганын ж.б. маалыматтарды билип алганы оң.. Бул маалыматтар жарандар үчүн ачык-айкын жана жеткиликтүү болуусу керек. Эгерде андай мүмкүнчүлүктөр жок болсо, анда айылдык кеңешке жана укук коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болосуз.

Нуркан     [15 Февраля 2019]

Саламаттасыздарбы, менин сиздерден сурайын дегеним, сапар чыгымындагы суткалык акы толоолор кандай шартта толонот. Сапарга чыккан кызматкерге райондун борборуна барып келсе ошол кун учун 500 сом толонуш керекпи же жокпу? Алдын ала рахмат.

Ответ:

Кыргыз Республикасынын чегинде кызматкерлерди командировкага жиберүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун нормалары тууралуу төмөнкүдөй :1) суткалык акы төлөө - республиканын региондорунда командировкада болуунун ар бир күнүнө 500 сом; Бишкек шаарында - 600 сом; 2) командировка өтүүчү жерге чейин жана кайра кайтуу жол кире чыгымдардын, анын ичинде аталган чыгымдарды тиешелүү документтер менен ырастоо менен транспорттогу жүргүнчүлөрдү милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн ордун толтуруу иш жүзүндөгү сарптоолор боюнча жүргүзүлөт. Билеттер жок болгон учурда жол кире боюнча чыгымдар ушул токтомдун № 1 тиркемесине ылайык өлчөмдө кайтарылат. Райондун борборуна барып келген күн үчүн 500 сом төлөнбөйт.

Жанара     [13 Февраля 2019]

Салматсызбы? Биздин айыл окмот башчыбыз Бейшебаев Эрнис Айнабаевич жаны шайланган. Ал айыл окмот башчысынын бир тууган эжеси Бейшебаева Дамира Айнабаевна 9 жылдан бери аталган айыл окмотундо алгачкы аскерге тактоо болумунун инспектору (ВУС) болуп эмгектенет. Бир тууган иниси жеткечиси болуп турганда кол алдында иштегенге мыйзам жол береби? Же башка жолдору барбы?

Ответ:

Урматтуу Жанара! Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинин 8-пункттунда мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөргө: “аны менен жакын туугандык мамилелерде турган адамдардын түздөн-түз кол алдында же көзөмөлүндө болгон кызматтарда туруусу” кирери жазылган. Демек, силердин жагдайда эжеси инисинин түздөн-түз кол алдында жана көзөмөлүндө иштеп калып жатпайбы. Чектөө деген сөз, буга мыйзам жол бербейт, деген сөз.