Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Талантбек     [9 Июня 2017]

Саламатсыңарбы. Суроом томондогучо: айлдык кенештин депутаты окмотко кагаз турундо кайрылса арыз же отунуч менен, канча кундо жооп беришке милдеттуу? Жана А/О башчысы же катчысы бардык документерди корсотууго милдетуубу? Айтарым, бекитип договор тузуп койсо, бир эле депутат ишенбе коргоз дегенге укуктубу?

Ответ:

Талантбек мырза саламатсыңарбы! Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамынын 10-статья. Жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарга жооп берүү мөөнөтү. Жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарга жооп даярдоо эки жумалык мөөнөттө жүзөгө ашырылат. Суроо-талапка жооп берүү мөөнөтүн эсептөө мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы суроо-талапты алган күндөн тартып башталат жана суроо-талапка жоошу почта байланыш бөлүмүнө же автордун өзүнө, же анын чабарманына же өкүлүнө берген же электрондук байланыш каналдары боюнча жөнөтүү катталган күнү аяктайт. Эгерде ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык суроо-талап башка мамлекеттик органга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына кайра жиберүүгө муктаж болсо, суроо-талапка жооп берүү мөөнөтүн эсептөө ушул Мыйзамга ылайык маалымат берүүгө милдеттүү башка мамлекеттик орган же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы суроо-талапты алган күндөн башталат. Эгерде эки жумалык мөөнөттө суроо-талапка жооп даярдоо мүмкүн болбосо, кийинкиге жылдыруунун себебин көрсөтүү менен бул тууралу суроо-талап жиберген адамга билдирилет. Кийинкиге калтыруу эки жумалык мөөнөттөн ашпоосу тийиш. Суроо-талапка ушул статьяда белгиленген мөөнөттө жооп бербөө же жооптун мөөнөтүн узартуу жөнүндө кабарландырбоо суроо-талапка жооп берүүдөн баш тартуу катары каралат. А/О башчысы же катчысы бардык документерди корсотууго милдетуу эмес, керектуу документтерди же кочурмолорун алыш учун официалду турдо кайрылышыңыз керек. Көйгөй маселе болсо, биринчи аны жергиликтүү кеңештик ошол маселеге тиешеси бар турукту комитетине чыгарып, анан жергиликтүү кеңеште карасаңар, ошол жерге документ алып келинет сөзсүз. Силер А/О ар бир кадамын аңдышкан абысындай болуп текшере бербейсиз. Депутаттар көп, ревизор болгусу келишет, документти колго алганда деле ичиндеги нерсени түшүнүшпөйт. Ошондуктан, суроону жергиликтүү кеңештин келерки жыйынына алып чыксаңар, алдын ала аны комитетте карап, ошондо АО финансы бөлүмүнүн башчысы баарыңарга түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.

Руслан     [8 Июня 2017]

Здравствуйте! На сессии было принято решение создать муниципальное предприятие при А/О, согласно ст.62 закона о местном самоуправлении.1) Каким образом происходят финансовые и др.взаимоотношения А/О с предприятием. т.е может ли А/О передавать фин.средства предприятию для введения деятельности? 2)По линии АРИС мы собираемся приобрести экскаватор для жайыт комитета.По договору техника будет на балансе а/о и передано в оперативное управ-е к жайыт комитету. Мы бы хотели чтобы техника работала на муниц-м предприятии и приносила прибыль. Как это должно происходить? 3)Может ли преприятие участвовать в тендерах,например в тендере по поставке продуктов в дет.сад своего аймака и др.тендерах своего а/о, а так же других организаций? 4) Есть ли привилегии в тендерах для гос.и муниц-х пред-й, ведь деньги же останутся у государства? Можете ответить подробно с ссылкой на НПА?

Ответ:

Руслан здравствуйте. Начнем по порядку отвечать на Ваши вопросы: 1) Взаимоотношения органа местного самоуправления и учрежденного им муниципального предприятия или акционерного общества законодательством определены следующим образом: в учредительных документах муниципальных предприятий предусматриваются порядок взаимоотношений органа местного самоуправления и муниципального предприятия, право органа местного самоуправления решать вопросы создания предприятия, определения предмета и целей его деятельности, его реорганизации и ликвидации, назначения руководителя предприятия, осуществления контроля за использованием по назначению и сохранностью принадлежащего предприятию имущества, в том числе утверждение сметы расходов и тарифов на предоставление услуг и иные права, предусмотренные законодательством Кыргызской Республики. А/О могут передавать финансовые средства муниципальному предприятию для решения вопросов местного значения. 2) По линии АРИС приобретенный экскаватор для жайыт комитета будет на балансе А/О. Данная техника может работать на муниципальном предприятии и приносить прибыль, но на это нужно решение айыльного кенеша, где должно быть указано, что данная техника будет использована для нужд местного населения и в том числе и для жайыт комитета. То есть постановление айыльного кенеша должно установить правило и назначение использования данной техники. 3) Муниципальное предприятие может участвовать в тендерах, если это предусмотрено в его уставе. Для участия в тендере на предприятии необходимо иметь отдел закупок в соответствии с законом « О государственных закупках». В данном законе определены все привилегии для местных предприятий. Закон Вы можете скачать или изучить в разделе «Законодательство».

Шергазы     [8 Июня 2017]

Саламытсыздарбы? Менин суроом: Айыл аймак башчысынын орун басарына канча жыл стаж талап кылынат. Себеби Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдын 51-беренесинин 2-пунктунда Айыл өкмөт башчысына коюлган талаптар жөнүндө жоболор, орун басарга да колдонулаары айтылган. Ал эми Айыл Өкмөт башчысына коюулуучу талаптарды караганда (48-берене) 2жыл стаж талап коюлган. Конкурстук жарыяда 3 жыл стаж талап кылышууда. Кайсынысы туура?

Ответ:

Урматтуу Шергазы мырза саламатсыңарбы. Сиз Азаматсыз. Бул дал келишпестикти кантип таптыңыз. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамынын 32-беренесинде "Коллизияларды чечүүнүн тартиби" п.3. Бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда жана алардын ичинен бирөөсү дагы жогору юридикалык күчкө ээ болгон актыга карама-каршы келбесе, укуктук мамилелердин аталган чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосу колдонулат. Ошондо бул эки бирдей юридикалык күчкө ээ болгон мыйзамдардын ичинен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамы силердин чөйрөнү жөнгө салуучу болуп эсептелинет. Ошондуктан, ошол мыйзамга таянуу керек. Бирок, мамлекеттик кадр кызматы жумушка алуу мыйзам бул негизги чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзам биздики, ошондуктан 3 жыл деген норманы колдонобуз дешет. Бул маселе менен Жогорку кеңешке кайрылабыз. Сизге рахмат.

Санжар     [7 Июня 2017]

Дайте пожалуйста разъяснение о порядке составления сметы на строительные работы т.к. сметчик на одну и туже работу (Установка ограждения из металла) предоставил две сметы - 1- на сумму 415,0 тыс. сом и 2- на сумму 205,0 тыс.сом. Первая смета составлена по нормам Госстроя, а вторая по рыночным ценам. Скажите пожалуйста айыл окмоту какие нормы должны применять при составлении сметы ( Госстроя или рыночные).

Ответ:

Уважаемый Санжар здравствуйте. Согласно Закона КР "О государственных закупках" Статья 14. Разработка конкурсных документов п.2, п.п.4) подробное описание предмета закупок, технические, качественные характеристики закупаемых товаров, работ или услуг, включая технические спецификации, проектно-сметную документацию на весь объем строительства, государственные экспертизы по проектно-техническим решениям, планы, чертежи и эскизы; количество товара; услуги, которые должны быть предоставлены; место, где должны быть поставлены товары, выполнены работы или оказаны услуги. И это все должны составляться по нормам и стандартам. Потом, когда этот лот будет разыгрываться отдельные поставщики будут предлагать по рыночным ценам и тогда надо смотреть соответствуют ли все предложения ранее описанным требованиям, учтены ли все виды работ и прочее. Если все будет учтено и цены на самом деле будут ниже, то это будет считаться как экономия от проведения тендера, то есть от состязательности.

Asanbek     [7 Июня 2017]

Биздин айыл окмотунун башчысын, райондун акими колегиядан прокуратуранын сунуш катынын негизинде, жумуштан алып салды. Бул иш кадамы мыйзамдуубу?

Ответ:

Асанбек мырза саламатсыңарбы. КР "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 49 беренесинде "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун, кызмат ордуна киришүүсүнүн жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби" 7 пунктунда: 7. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн: 1) жеке арызынын негизинде; 2) мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн - айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а мыйзамдар, Президенттин жана Өкмөттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда,- айыл кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен; 3) соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде; 4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учуруда; 5) соттун өлдү, дайынсыз жок болду, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда; 6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда; 7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда; 8) жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда; 9) айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда; 10) тараптардын (тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайлар) эрк-ниетине көз карандысыз болгон жагдайлар боюнча. 8. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңеши тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда аким 3 күндүн ичинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же болбосо баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимин расмий жиберүү менен айыл кеңешинин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. 9. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны ээлеген кызматынан бошотот. Силерге тиешелүү 2 пп. жакшы карагыла!!!

Асу     [6 Июня 2017]

А/О адиси окмот башчысы менен иш тууралуу айтышып, жетекчиге копол мамиле жасап айткан тапшырмасын аткарбай койсо, аны сразу иштен бошотуп койо алабы?

Ответ:

Урматтуу Асу. КР "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамынын 34-берене. "Мамлекеттик жарандык кызматчыга жана муниципалдык кызматчыга салынуучу тартиптик жазалар" кийинки белгиленген: 1. Кызматчы жүктөлгөн милдеттерди аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы, этикалык ченемдерди сактабаганы, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды бузганы үчүн ага тартиптик жазалардын төмөнкү түрлөрү колдонулушу мүмкүн: 1) эскертүү; 2) сөгүш; 3) катуу сөгүш; 4) кызматка толук эмес ылайыксыздыгы жөнүндө эскертүү; 5) класстык ченин төмөндөтүү; 6) кызмат ордунан төмөндөтүү; 7) ээлеген кызматынан бошотуу. 2. Тартиптик жазалар жосун түздөн-түз аныкталгандан кийин, бирок ал жасалган күндөн тартып 6 айдан кечиктирилбестен колдонулат. Кызматчы ага жүктөлгөн милдеттерди ар бир аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн бир гана тартиптик жаза салынышы мүмкүн. 3. Кызматчы ага салынган тартиптик жазанын колдонулуу мезгилинде кызмат ордунан жогорулатылышы мүмкүн эмес. 4. Тартиптик жаза жасалган жосундун оордугун жана мүнөзүн, ошондой эле жосун жасалган жагдайларды эске алуу менен салынат. Жасалган жосундун оордугу жана мүнөзү, ошондой эле башка жагдайлар мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлүүчү тартиптик комиссия тарабынан аныкталат, анын ишинин натыйжасы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине же ыйгарым укуктуу кызмат адамына жазанын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунушту киргизүү болуп саналат. 5. Тартиптик жазаны берүүдө жосун жасалганга чейинки кызматтык иштин бардык жагдайлары эске алынууга тийиш. 6. Тартиптик жаза колдонулганга чейин кызматчыдан жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүү талап кылынышы керек. Мындай түшүндүрмө берүүдөн баш тартуу персоналды башкаруу кызматы тарабынан каттала турган акт менен жол-жоболоштурулат жана жаза колдонуу үчүн тоскоолдук болуп кызмат кылбайт. 7. Тартиптик жаза колдонуу жөнүндө буйрук (тескеме, токтом) ал чыккан күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде кызматчыга кол койдуруу менен жарыяланат. Кызматчы көрсөтүлгөн буйрукка (тескемеге, токтомго) кол коюудан баш тарткан учурда тиешелүү акт түзүлөт. 8. Тартиптик жаза ал колдонулган күндөн тартып бир жылдын ичинде жарактуу болот. Эгерде ушул мөөнөттүн ичинде кызматчы жаңы тартиптик жазага кабылбаса, анда анын тартиптик жазасы жок деп эсептелет. 9. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу кызмат адамы тартиптик жазаны ушул берененин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин, бирок жаза салынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес, ошондой эле баалоонун натыйжалары боюнча алып салууга укуктуу. 35-берене. Тартиптик жазалар боюнча чечимдерге даттануу 1. Тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө чечим кызматчы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ал эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон учурда - сотко чечим менен таанышкан күндөн тартып эки айдын ичинде даттанылышы мүмкүн. 2. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кызматчыга чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде берилет.

Эркин     [6 Июня 2017]

Спасибо за ответ. Возникает другой вопрос конфликт интересов при рассмотрении деятельности муниципального предприятия, депутаты там работающие удовлетворены работой предприятия, а население нет.

Ответ:

Эркин здравствуйте. Конфликта интересов при рассмотрении деятельности муниципального предприятия не будет, т.к. руководитель муниципального предприятия назначается главой айыл окмоту и он принимает решение о поощрении, наказании или увольнении руководителя данного предприятия. Органы местного самоуправления вправе в соответствии с законодательством Кыргызской Республики создавать хозяйствующие субъекты для осуществления хозяйственной деятельности, решать вопросы их реорганизации и ликвидации.

Чоңалай АО - Саманчы     [5 Июня 2017]

Саламатсызбы. Мен АО депутаты болом. Биз айыл кенештин депутаттары комбайнды лизинг аркылуу сатып алуу учун өздук салым 30% га акча болсок жергиликтүү бюджеттен Райондук финансы башкармалыгы уруксат бербейт экен. Айыл окмоттун айылчарба тармагын тейлей турган болугу жок деп. Мага тушунуксуз эмне учун олконун башка аймактарында МТС ачса болот, а бизде болбойт? Дотацияда турган Айыл Окмотту каржылабайт экен деп уктум. Сизден бир отунуч, ушул маселенин мыйзамдуу жолун тактап берсениз, эмне учун болбойт, канткенде биз ушул маселени чече алабыз? Эерде мамлекеттик бюджетке тийбей, онуктуруу Фонддордон акча тапсак жанагы оздук салымга, анда да болбойбу?

Ответ:

Урматтуу Саманчы мырза. Сиздин сурооңузду КР Каржы министрлигине жолдоп мындай жооп алдык. Республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзамда, бюджетти бөлүштүрүдө приоритетти корголгон жана коммуналдык чыгымдарга жасоо керек деген норма бар экен. Ошондуктар дотациялык бюджеттерден сиз жазган чыгымдар каралбай калат экен. Эгер, сиздердин элиңерге комбайн маанилүү болсо, алар жергиликтүү бюджетке өз ыктыярдуу максаттуу салым кылса болот. Өнүктүрүү Фонддордун акчасын иштетерде мыйзамды карап чыккыла, анткени ошол каражаттарды дагы социалдык тармак приоритет деген жери бар болчу. Эгер сиздердин бюджетте кең байлыкты иштетпей, лицензияны кармап тургандыгы үчүн каражат түшсө, ал каражатты толуугу менен комбайн сатып алганга сарптасаңар болот.

Талантбек     [5 Июня 2017]

Жообунарга рахмат. Жер кайрак болчу, бак кылганы алгам 10 жылга. Сурдуруп тегиздеткем, эми суу чыгарса болот, биринчи суу келбейт эле.

Ответ:

Урматтуу Талантбек мырза. КР Жер кодексини 7 беренесинде "Жерди пайдалануучулардын жер участогун пайдалануу мөөнөттөрү" 4 менен 5 пунктарында кийинкилер көрсөтүлгөн: 4. Айыл чарба багытындагы жерлер Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунан кайрак жана көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жерлерди, үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик чарбаларды, илимий-изилдөө, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо иштерин жүргүзүү жана айыл чарба кооперативдери үчүн 20 жылга чейинки мөөнөткө берилген жерлерди кошпогондо, 5 жылга ижарага берилет. Бул мөөнөттөр аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер участогун пайдалануу мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн. 5. Өз милдеттерин талаптагыдай аткарган ижарачы келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин башка теңдеш шарттарда жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө башка жактардын алдында артыкчылыктуу укукка ээ. Ижарачы ижара келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал эми эгерде келишимде мындай мөөнөт көрсөтүлбөсө, келишимдин колдонулушу аяктаганга чейин акылга сыярлык мөөнөттө ушундай келишим түзүүгө ниети жөнүндө ижарага берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Ижарага берүүчү жаңы мөөнөткө жер участогунун ижара келишимин түзүүгө макулдугу же макул эместиги жөнүндө ижарага алуучуга 15 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Жаңы мөөнөткө жер участогунун ижара келишимин түзүүдө келишимдин шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн. Эгерде ижарага берүүчү жаңы мөөнөткө келишим түзүүдөн ижарага алуучуга жазуу жүзүндө баш тартса, бирок аны менен келишимдин мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир жылдын ичинде башка жак менен ижара келишимин түзсө, ижарага алуучу өз тандоосу боюнча сотто түзүлгөн келишим боюнча укуктарды жана милдеттерди өзүнө которууну, аны менен ижара келишим түзүүдөн баш тартуудан келтирилген чыгашалардын жана колдон чыгарылган пайданын ордун толтурууну же болбосо ушундай чыгашалардын гана ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. Колдон чыгарылган пайданы кошуп алганда, чыгашанын ордун толтуруу түзүлгөн тиешелүү келишим колдонулган мөөнөткө толук көлөмдө ордун толтурууга жатат. Эгерде ижарага алуучу ижарага берүүчү тарабынан 15 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү каршы пикир болбогондо, келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин жер участогун пайдаланууну улантса, келишим мурдагы келишимде түзүлгөн тиешелүү мөөнөткө ошол эле шарттарда кайра жаңыртылды деп эсептелет.

Алмаз     [5 Июня 2017]

Ассалому алейкум!Рамазан айыныздар менен! Биздин айыл окмотто совхоз тарагандан бери жерлер инвентаризация боло элек. Азыр биздин айыл окмоттун моюнунда 435 га чоп чабынды журот. Бирок бул жерлер азыр жайыт болуп калган жана эч кимге ижарага бере албайбыз. Ушул жерлерди кантип жайыт категориясына которуп, экспликацияларга озгортуу киргизсек болот? Рахмат.

Ответ:

Алмаз мырза саламатсыңарбы. Совхоз тарагандан бери инвентаризация болгон эмес деген бул туура эмес. Азыр силердин жерлердин карталары Мамлекеттик каттоо кызматында бар. Ошол жерден сурасаңар болот. Эмнеге силер 435 га чоп чабынды жерлерди жайытка которгонго кызыкдарсыңар? Тескеринче чоп чабынды катары колдонсоңор жакшыда. Жерлерди жайыт категориясына котору үчүн ага райондук агрардык департаменттин изилдөөсүнүн негизинде өкмөткө кайрылышы керек. Өкмөттүн токтому чыккандан кийин экспликацияны Гипрозем өзү өзгөртөт.