Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Даняр     [5 Июня 2017]

А/О катчысы, бухгалтери конкурстан откондон кийин канча жыл иштейт? Моноту болобу же иши улана береби?

Ответ:

Даняр мырза саламатсыңарбы. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматчы ээлеген кызмат ордунан бошотулат мамлекеттик кызматта туруу үчүн белгиленген чектик курака жеткенде. Кызматчынын мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта туруусунун чектик курагы 65 жашты түзөт.

Эркин     [5 Июня 2017]

Здравствуйте. Мой вопрос касается статуса депутатов местного кенеша. Может ли депутат работать в муниципальном предприятии созданного при А/О и финансируемого из местного бюджета, на должности не являющеюся руководящей (оператор, сварщик,водитель и т.д.) если они отражены в штатном расписании муниципального предприятия. Разъясните статью 5 Закона КР "О статусе депутатов"

Ответ:

Депутат может работать в муниципальном предприятии созданного при а/о и финансируемого из местного бюджета, на должности не являющеюся руководящей (оператор, сварщик,водитель и тд). Так, как работники муниципального предприятия (если он не занимают руководящую должность) согласно реестра государственных и муниципальных должностей Кыргызской Республики не являются муниципальными работниками. Так в ст.5 Закона КР "О статусе депутатов местного кенеша" говориться: Депутат местного кенеша не может состоять на государственной службе или иной муниципальной службе в случаях: 1) если орган местного самоуправления, в котором он занимает руководящую должность, расположен в пределах территории того же айылного аймака, что и местный кенеш , депутатом которого он является; 2) если орган местного самоуправления, в котором он состоит на муниципальной службе,(если его должность входит в реестр государственных и муниципальных должностей Кыргызской Республики) подотчетен местному кенешу айылного аймака, депутатом которого он является; 3) если избрание, представление к назначению, освобождение руководителя органа местного самоуправления, в котором он состоит на муниципальной службе, относится к полномочиям местного кенеша айылного аймака, депутатом которого он является. Депутатские полномочия также нельзя совмещать с должностью руководителя государственного или муниципального предприятия, государственного или муниципального учреждения образования и здравоохранения, оказывающих услуги населению соответствующего айылного аймака за счет средств республиканского и местного бюджетов.

Ильич     [4 Июня 2017]

Саламатсыздарбы сиздерге ушундай сайт ачкандарыныздарга рахмат. Менин суроом томондогучо. Орусчасын толук кандуу тушуно албай калдым. А/О кызматтык унаасы бузук абалда болгондуктан менчик унаа менен журобуз, ушуга бензинди жана запастык болукторун кандай кылып чыгымдайбыз? Рахмат.

Ответ:

Ильич мырза 2006-жылдын 18-сентябры № 672 КР ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Менчик жеңил автомобилдерди кызматтык сапарларга пайдалангандык үчүн компенсациянын нормалары жөнүндө" кийинки компенсацияларды аныктаган: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 193-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Ишканалар жана мекемелер продукциянын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) өздүк наркына өз кызматкерлеринин жеке менчик жењил ав- томобилдерди кызматтык сапарларга пайдаланганы үчүн компенсацияга кеткен чыгымдарды төмөнкүдөй чектик нормалар боюнча киргизишери белгилен- син: Автомобилдин маркасына карата 100 км жол үчүн компенсациянын нормасы (сом): "ВАЗ" ("ВАЗ-2121" ден башкасы) - 254,8; "ГАЗ", "УАЗ", "ВАЗ-2121" - 367,7; "Москвич" - 295,0; "Мерседес" - 437,8; "Ауди" - 350,3; "Форд" - 361,5; "БМВ" - 381,8; "Лада 110" - 282,8; "Вольво" - 338,8; "Фольксваген" - 289,5. 2. Жаратылыштык-климаттык шарты өзгөчө (бийик тоолуу, барууга кыйын, жашоо шарты түзүлбөгөн, суу жок, алыс) райондордо жайгашкан ишканаларга жана уюмдарга көрсөтүлгөн нормаларды 10 процентке чейин көбөйтүп пайдаланууга уруксат берилсин. 3. Төмөнкүлөр белгиленсин: - компенсация ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлерине алар жеке менчик жењил автомобилин кызматтык сапарларга пайдаланганы үчүн төлөнөт. Төлөө алардын өндүрүштүк (кызматтык) ишке байланыштуу жумуштары алардын кызматтык милдеттерине жараша такай жол жүрүүгө байланышкан учурда болот; - таблицада көрсөтүлбөгөн жеке менчик жењил автомобилдерди пайдалангандык үчүн компенсация ал автомобиль техникалык параметрлери (кыймылдаткычынын көлөмү куб.см менен) автомобилдин кайсы классына тењештирилиши мүмкүн болсо, ошол өлчөмдө төлөнөт. 4. Жеке менчик жењил автомобилин кызматтык сапарга пайдаланган кызматкерлерге компенсация төлөө үчүн негиз ишкананын, уюмдун жана мекеменин жетекчисинин буйругу болот, анда мындай компенсациянын өлчөмдөрү каралат. Кызматкерге төлөөчү компенсациянын өлчөмүндө кызматтык сапарга пайдаланылган жеке менчик жењил автомобилди эксплуатациялоо үчүн 100 км жолго кетүүчү чыгымдар (эскиришинин суммасы, күйүүчү-майлоочу материалдарга, техникалык тейлөөгө жана утурумдук ремонтко чыгымдар) эсепке алынат. Автомобилдин амортизациясына чегерүү каралган жок (анткени автомобилди пайдалануунун мөөнөтү өтүп кеткен болушу мүмкүн), ошондой эле запастык тетиктерге да чегерүү каралган жок (алардын автомобилге иш жүзүндө керектелишин эске алуу зарылдыгына байланыштуу). 5. Кызматкерлер компенсация алуу үчүн ишкананын, уюмдун, мекеменин бухгалтериясына менчик автомобилдин техникалык паспортунун аныкталган тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тапшырышат. Жеке менчик жењил автомобилди кызматтык сапар үчүн ишеним кат боюнча пайдаланган кызматкерге компенсация ушул токтомдо белгиленген тартипте төлөнөт. 6. Компенсация айына бир жолу, календарлык күндөрдүн санына карабастан төлөнөт. 7. Бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын жеке менчик жењил автомобилин кызматтык сапарга пайдаланган кызматкерлерине компенсация ушул токтомдун 1-пунктунда каралган нормалар боюнча төлөнөт. 8. Бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын жеке менчик жењил автомобилин кызматтык сапарга пайдаланган кызматкерлерине компенсация төлөө үчүн чыгымдар транспорттук каражаттарды кармоого каралган ассигнованиелердин чегинде жумшалат жана тийиштүү мекемелер, уюмдар үчүн бул максаттар боюнча бекитилген сарптоолордун сметасынан ашпайт. 9. Бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине компенсация жогору турган башкаруу органдарынын (уюмдарынын) уруксаты менен төлөнөт.

Талантбек     [3 Июня 2017]

А/О кароосуз жерди тегиздеп, бак катары арендага алгамын, кызыл китеп кылсам болобу десем, окмот болбой деп жатат. Ар 5жылда аукционго койо береби? Даяр бак дарак бирого отуп кетпейби?

Ответ:

Талантбек мырза саламатсыңарбы. Биринчиден, кароосуз жерди сиз эмненин негизинде алдыныз эле? Бул жердин категориясы кандай эле (сугаат, кайрак, көп жылдык өсүмдүктөр, чабынды)? Өздөштүүрүгөөбү же ижарагабы? Бул нерсе маанилүү, анткени жооп ошондон көз каранды. Өздөштүүрүнун жолу бөлөкчө, ижараныкы бөлөкчө. Эгер ижара болсо жердин категориясына жараша ар кандай мөөнөткө берилет. Мисалы, сиз жазган бак-дарак көп жылдык өсүмдүктөргө кирет, категориясы ошондой болсо ижара мөөнөөтү каралган.

Алмаз     [2 Июня 2017]

Айыл окмотундо бош ваканттык орунга убактылуу сырттан кызматка алып, конкурс болгончо ишке алса болобу? Болсо кайсы мыйзамдын негизинде? Мыйзамдарды так корсотуп берип коесуздарбы. Алдын ала чоон рахмат!!!

Ответ:

Урматтуу Алмаз саламатсыңарбы. КР Эмкек кодексинин 74 беренеси "Убактылуу ордун ээлөө" кийинкиси көрсөтүлгөн: Өндүрүштүк зарылчылык иретинде кызматкер убактылуу жок болгондо, анын кызмат милдеттерин штаттык орун басары болуп саналбаган башка кызматкерге аткарууну жүктөөгө жол берилет. Убактылуу ордун ээлөөнүн узактыгы 3 айдан ашпашы керек. Кызматкерди ваканттык кызмат боюнча милдеттерди аткаруучу кылып дайындоого жол берилбейт. Ошондон улам мыйзам сырттан башка адамды милдеттерди аткаруучу кылып алганга тыйуу салган. Өздөүңөрдүн кызматкерлериңер эле жок адистин милдетин өзүнө милдеттендирин ишке ашырат.

Асыл     [2 Июня 2017]

Ассалоому алейкум. Айыл окмотунун катчы ордун ээлеген адамга канча жыл иш мооноту каралган?

Ответ:

Валлейкум Ассалом! Сиздин сурооңузга 2016-жылдын 30-майы № 75 жарыка чыккан "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамы жооп берет. Ал мыйзамдын 14 беренесинде "Квалификациялык талаптар" аныкталган. Жоопту катчы жогорку кызмат ордуна кирет, ошондуктан ал 4 пункт менен жөнгө салынат: 4) жогорку кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 5 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы.

Канат     [2 Июня 2017]

Саламатсыздарбы? Айыл окмотунун башчысы автомашина менен жургон бензинге бир кундук лимит барбы? Айыл окмоту датацияда турбайт.

Ответ:

Канат мырза саламатсыңарбы. Мыйзамдарда жана укуктук ченемдик актыларда атайын чектөө лимиттер жок. Сиздер бюджетти карап жатканда болжолдоп, унаа канча жолу, кайсы жерге барарын эске алып жергиликтүү кеңеш бекитип берет.

Мирлан     [2 Июня 2017]

Саламатсыздарбы менин суроом Сиздерге төмөкүдөй, Мектеп окуучуларын, айылдагы спортсмендерди жана чыгармачыл инсандарды, жер-жерлерде өткөн (мисалы Бишкекте) спорттук жана маданий иш чараларга, жол жана башка чыгымдарына кетүүчү каражатты жергилитүү бюджеттен төлөп жөнөтүүгө болобу?

Ответ:

Мирлан мырза саламатсыңарбы. КР "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18 беренесинде "Жергиликтүү маанидеги маселелер" аныкталган. Ошол берененин 18, 20, 21 пунктары сиздин суроого түз тиешеси бар. 18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү; 20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу; 21) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу. Ошондон улам сиздин сурооңузга болот деген жооп айтабыз, бирок келерки жылга бюджетти карап жатканда, же азыр бюджетке өзгөрүлөрдү киргизип жатканда ошол маселелерди эске алып бюджетте карап коюңуздар.

Калипа     [31 Мая 2017]

1) Эмгек кодекси боюнча оргууго чыккан кызматкердин ордуна милдетин аткаруучуга эмгек акы толой албай жатабыз РайФБашкармалыгындагы айыл окмотторду тейлеген кызматкерибиз откорбой коет; 2) 14 оклад эмгек акыдан аша албайбыз бул маселелерди Сиздер Кара-Кулжага келгенде айттык. 3) Компьютерге иштеген кызматкерге зыяндуулук толой албайбыз алар талап кылышат, жооп беруунузду отуном.

Ответ:

Урматтуу Калипа айым. 1) КР Эмгек кодексинин 167 беренесинде: "Кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыргандагы жана убактылуу жок кызматкердин милдетин аткаргандагы эмгек акы" кийинки көрсөтүлөт: Бир эле иш берүүчүдө эмгек келишиминде шартталган өзүнүн негизги жумушу менен катар башка адистикте, квалификацияда же кызмат орунунда негизги жумушунан бошотулбастан кошумча жумуш аткарган кызматкерге кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акы төлөө жүргүзүлөт. Кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акылардын өлчөмдөрүн иш берүүчү кызматкер менен макулдашуу боюнча аныктайт, бирок айкалыштырылган иш боюнча ставканын (айлык акынын) отуз пайызынан аз болушу мүмкүн эмес; 2) бул суроо биринчи менен байланыш болсо, анда силердин райФО эмгек кодексин жокко чыгарып жаткан болот. Бюджетиңерди карап жатканда ушул кесиптерди айкалыштыргандагы мөөнөттү эске алып каражатты бекитип алгыла; 3) үчүнчү сурооңузду КР 2015-жылдын 27-апрели № 258 "Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө" чыккан өкмөттун токтому менен жана КР Эмгек кодексинин 164-беренеси "Өзгөчө шарттардагы эмгекке акы төлөө" бул маселеге: Эмгектин өзгөчө шарттарында иштеген (оор жумуштарда, зыяндуу, коркунучтуу, эмгектин дагы башка өзгөчө шарттарында, өзгөчө климаттагы жумуштарда) кызматкерлердин эмгек акысын төлөө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте жана өлчөмдө жогорулатылган өлчөмдө жүргүзүлөт. Мындай жумуштардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Ушул эки укуктук ченемдик актка таянып силердин айыл өкмөтү райондук санитардык эпидемиологиялык станциясына расмий түрдө кайрылсаңар, алар келип иш ордуңардагы компьютерлерди карап, алардан чыккан зыянды өлчөп, жумушчу иштөө убактысында канча убакыт отурарын эске алып эсеп кысабын чыгарып берет. Ошол протоколдун негизинде зыяндуулука байланыштуу төлөмдөр төлөнөт.

Айша     [31 Мая 2017]

Айылдык кенештин депутаттарына атайын орто же жогорку билим талап кылынат деп бир жерден окуган элем, азыр таппай жатам бул боюнча кандай?

Ответ:

Айша айым саламатсызбы. Мыйзамдарда жергиликтүү кеңештин депутаттарына билим боюнча талап каралган эмес.