Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Айыл аймагында жерлер такталбаса өкмөт дагы, дыйкан дагы жабыркашы мүмкүн.

Коомдук иликтөө институтунун коомдук кабылдамасына Талас облусунун, Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев Айыл аймагынын (АА) тургуну, Турдалиев Абдымомун кайрылды.

Турдалиев Абдымомун 2017 жылы Аманбаев АА 5,5 га АЖМФ жерин ижарага алат. Көрсө ижарага алынган жер жайыт жери болгон экен. Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы 2017 жылдын 16 майында акт тузуп, протокол жазып 30 кундук мөөнөттун ичинде бул жайытты өз калыбына келтирилсин, деп кетишет. Эки күндөн кийин 18 майда Экотехинспеция бул дыйканга карата 7 га жерди айдап салды деген доомат менен токтом чыгарып, мамлекетке 210 мин сом чыгым келтирилди деп, + 7500 сом айып пул менен жалпысы 217500 сомдук зыянды өндүрүп алуу боюнча чечим кабыл алышат.

Дыйкан, Экотехинспекциянын аракетин мыйзамсыз, деп табуу үчүн сотко кайрылат, анткени административдик өндүрүш бир нече мыйзам талаптарын бузуу менен алып барылган.

Соттук териштирүүнүн биринчи айлампасында Талас облусунун райондор аралык соту, Талас облустук сот Экотехинспекциянын токтому мыйзамсыз, деп айтышат. Бирок КР Жогорку соту ал чечимдерди бузуп ишти кайра кароого жиберет.

Соттук териштирүүнүн экинчи айлампасында Талас облусунун райондор аралык соту менен Талас облустук соту Экотехинспециянын административдик жоопко тартуу боюнча токтомун мыйзамдуу деп тапты. Жердин түрүн туура эмес аныктап ижарага берген факты боюнча Аманбаев АО мурунку башчысы кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Эми акыркы чекитти бул ишке Жогорку сот коюшу керек, көзөмөл ирээтинде.

Төмөндөгү маселелерге көзөмөл соттук инстанция баа бере алат болду бекен:

1. Эмнегедир Талас облусунун Экотехинспекциясы ижара келишиминде 5,5 га жер деп так жазылганына карабай, мамлекетке келтирилген зыянды 7 га жерге эсептешкен?

2. Эмнеге Экотехинспекция 2017 жылдын 16 майында акт менен протокол түзүп бир ай мөөнөттө жерди өз калыбына келтирсин, деп кетип, эки күндөн кийин эле айып пул салуу чечимин чыгарышкан?

3. Эмнеге дыйканга же АӨкө биринчи чыгарылган акт боюнча жерди өз калыбына келтиргенге мүмкүнчүлүк берген эмес? Чын айтканда, жайыт жер айдалып калгансоң дыйкан же АӨ тарабынан көп жылдык чөп өсүмдүк себилип калса, анда мамлекетке тескерисинче пайда болмок, анткени жердин сапаттулугу жогоруламак.

4. Эң кызыгы, ушул сотто негиз болуп жаткан жерлер, Совет доорунда эле насостук станция аркылуу сугарылып, айдалып, пайдаланылып келген. Бирок, жерлер такталып жатканда, жайыт жерлерине кирип калган экен. Эми, ушул сугарылган жерди, өкмөткө кайрылып, расмий түрдө жайыттан сугат жерге өткөрсө, ал жерден ижара акысы дагы, салыгы дагы түшүп турмак.

5. Дыйкандын айтымында, ошол эле жер тилкенин жанында, ошол эле жайытка кирген контурда, болжол менен 200 га жер ижара келишими жок, айдалып, пайдаланылып келет. Эмнегедир Прокуратура дагы, ошол эле Экотехинспекция дагы эч кандай чара көрбөй келишет. Кошстандарттуулук качан токтойт???

P.S. Ааламга жол элеттен башталат деп коет экен, элет жеринин ырыскысы бул дыйкандар/ишкерлер, аларды минтип кордоп турсак, кантип өнүгөбүз?