Rita в тему «Установление жесткой вертикали власти НАЧАТО!!!» [26 Марта 2013]
Rita в тему «Установление жесткой вертикали власти НАЧАТО!!!» [26 Марта 2013]
Баракелде - Вице-премьер-министр Эльвира Сариева кечээ, 19-ноябрда мамлекетке кайтарылып берилген Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Колосок» жана Ак-Бешим айылындагы балдар бакчасына барды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, вице-премьер-министр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын өкүлдөрүнүн мамлекетке кайтарылып берилген имараттардын базасында жаңы бала бакчаларды ачуу боюнча жүргүзүп жаткан ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.
«Мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо – жергиликтүү бийлик органдарынын келечектүү милдеттеринин бири. Алар бакчаларды калыбына келтирүү боюнча ишти жүргүзүү менен балдарга кам көрүүсү кубандырат. Бүгүнкү күнгө карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы болжол менен 50 жакын балдар бакчасынын имаратын арка кайтарган. Өкмөттүн милдети аларды тез арада оңдоп, ишке киргизүүдө турат», - деди Э.Сариева.
Бүгүнкү күндө өз багыты боюнча иш алып барбаган мектепке чейинки имараттардын саны 1 527 барабар.
«Артка кайтаруу көйгөйүнүн катарына укуктук гана негиздер эмес, республикалык бюджеттеги финансылык каражаттын жетишсиздиги да турат», - деп белгиледи Э.Сариева.
Сапардын жыйынтыгы боюнча Билим берүү жана илим министрлигине мурунку бала бакчалардын имаратын артка кайтаруу маселесин көзөмөлгө алуу жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте имараттарды ишке киргизүүнү колго алуу жагы тапшырылды.
Мурда менчиктештирилип кеткен жана өз багыты боюнча колдонулбай жаткан мектепке чейинки билим берүү мекемелерин артка кайтаруу маселеси Э.Сариева тарабынан жыйындарда бир нече ирет көтөрүлгөн.
http://www.barakelde.org/news:85637/